ТЕАТРДЫН АЛПЫ МАРАТ АЛЫШПАЕВ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Кыргыз Эл артисти, театрда 100дөн ашык, кинодо 20дан ашык ролдорду жараткан актёр Марат Алышпаев 4-апрель күнү 75 жаш курагында дүйнө салды. “Адамгерчилик сапаты бийик болчу. Жөн гана актёр эмес, театрлардын жогорку деңгээлге көтөрүлүшүнө салым кошкон мыкты жетекчи эле” деп эскеришет аны кесиптештери...

Темирлан Алышпаев, Марат Алышпаевдин уулу: “АТАМДЫН АЙЫГЫП КЕТИШИН ТИЛЕП ЖАТТЫК”

– Атам өмүрүн татыктуу жашап өттү. Чынчыл, адилеттүүлүктү сүйгөн, ал үчүн күйгөн адам эле. Адамгерчилик сапатты ар дайым биринчи орунга койчу. Бизди да ушул сапаттарга үндөп тарбиялады.

Атам алгач бир бөйрөгүн алдыртты. Ушундан кийин эле омурткасында шишик пайда болуп, аны да алдырттык. Метастаз жүрүп кетти өңдөнөт, акыркы үч ай кыйналып калды. Бул убактар биз үчүн абдан оор болду, айыгып кетишин, өмүрүн тиленип жаттык. Бирок Жараткандын жазганынан эч кайда кача албайт экенбиз, айла жок. Ушундай улуу адамдын балдары болгонубузга Кудайга ыраазымын. Кудайым бейишинен орун берип, арбагы ыраазы болсун!

Бакыт Мукул, актёр, режиссёр: “МАДАНИЯТТЫН МЫКТЫ ҮЛГҮСҮ БОЛДУ”

– Акыркы удаа тартылган “Атанын керээзи” менен “Акыркы көч” тасмабызда Марат байке башкы ролдорду мыкты деңгээлде ойноп берди. Бул тасмалар дүйнөнүн 6 континентин кыдырып фестивалдарга катышып, алдыңкы сыйлыктарды алды. Байке өзү “Эркектин мыкты ролу” деген сыйлыктарга да татыды. “Акыркы көч” деген тасмабызда акылман, элди баштаган, элди маданиятка үндөгөн көрүнүктүү Эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Кубат Алиевдин өмүрү баяндалат. Бул ролго фактура жагынан да, талант жагынан да Марат байке туура келип, аны тарткан элек. Ролду жаратуу үчүн Марат байке ченебеген эмгегин жумшады. Баш-аягы 4 жылга жакын тартуу жана башка иштер жүрдү. “Акыркы көч” Марат аганын акыркы тасмасы болуп, кинодогу каармандын жашоосуна үндөшүп калды. Өкүнгөнүм – бул кинодо алган Токтогул атындагы сыйлыкты жашоосунда албай калганы болду.

Мындай таланттар чанда кездешет. Өзүн алып жүргөнү, жараткан образдары аркылуу маданияттын мыкты үлгүсү боло алды. Көрүүчүлөр образдарына таасирленип, өздөрүн түздөгүдөй ролдорду жаратып кетти. Байке улуу, даанышман адамдардын образын дагы да болсо жаратат эле, ушуга кейип турабыз.

Назира Мамбетова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “КУРСТАШТАРЫМДАН АЙРЫЛЫП БӨКСӨРҮП ТУРАМ”

– Марат менен мектепте окуп жүргөндө эле тааныш болчубуз. Ал саруулук, мен Саруу айылындагы интернатта окугам. Ал дагы, мен дагы мектепте окуп жүргөндө баскетбол ойночу элек. Менден бир класс өйдө окучу. Мен музыкалык училищеде 1-курсту аяктаганымда, ал Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинин 2-курсун аяктаган. Ошол учурда Москвадагы Луначарский атындагы театралдык искусство институтуна экзамен тапшырып калып, экөөбүз тең 1-турдан өтүп кеттик. Ошондо Кыргызстандан жалпы 26 студент барды. 5 жыл окудук, ал аралыкта Марат тайпабыздын старостасы болуп, кызыл диплом менен бүттү. Багыбызга күчтүү педагогдордон сабак алдык. СССРдин Эл артисти, режиссёр, актёр Иосиф Раевский кыргыз тайпанын көркөм жетекчиси болду. 1972-жылы окууну бүткөнүбүздө обкомдун катчысы Султан Ибраимович бизди тосуп алып, Ош драма театрын ачып, ал жакты түптөдүк. Бул учурда театр Союздагы дүңгүрөп турган алдыңкы театр боло алды. Москвага бүткүл дүйнөлүк фестивалга “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” деген спектакль менен бардык, Марат анда биринчи пландагы Мылгундун ролунда болчу. Ошол жактан күчтүү орус сынчысы “урматтуу театр актёрлору, сахнада кантип жашаш керектигин кыргыздардан үйрөнгүлө” деп мактаган эле. Актёрдун адамдык касиети канчалык таза, күчтүү, бийик, сезимтал болсо, образдар ошондой чыгат, Марат ошондой бийик актёр эле. Жетекчилик кызматтарда да отурду. Мараттын кыргыз маданиятына, театрына кошкон салымы зор. Мен курсташтарым менен сыймыктанам. Курсташтарымдан Дүйшөн Байдөбөтов, Мукамбет Токтобаев да өтүп кетти, кечээ Мараттан айрылдык. Эмне деген актёрлор эле (ыйлап)?! Курсташтарым, чыгармачылык бир боорлорумдан айрылып бөксөрүп турган чагым.

Темирлан Сманбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ПРОФЕССИОНАЛ АКТЁРДУН ЖЕТЕКЧИ БОЛГОНУ ЧАНДА КЕЗДЕШЕТ”

– Марат байке театрда, кинодо өлбөс-өчпөс образдарды жараткан залкар актёр эле. Москвадагы театралдык окуу жайды бүтүрүп, залкарлардын кол алдынан өткөн адам болчу. Марат байке Караколдогу, Чүйдөгү театрды, Кыргыз драма театрын жетектеп турган убакта театрлар ийгиликтерди жаратып, жогорку деңгээлге көтөрүлө алды. Анткени ал репертуарды мыкты тандачу. Кандай спектакль коюш керек, канткенде театрдын жүзүн көрсөтө алабыз деген ой менен жашачу. Ошол чөйрөнү жакшы түшүнгөндүктөн актёрлордон да талап кыла алчу, сүрөтчү, композитор менен иштешкенди жакшы билчү. Ушул жааттан алганда, Марат байкеден мен да бир топ сабак алып калдым. Профессионал актёрдон жетекчи чанда чыгат, Марат байке ошолордун бири болду.

Марат Алышпаевдин Орчундуу ойлорунан

“Айрым артисттер ушул ролду аткарбай калдым деп арман кылышат. Менде андай арман жок. Кудай мени бул тараптан кем кылган жок”.

“Өнөр адамдарына мамлекет орден, сыйлык берет. Бирок иш жүзүндө өнөр адамдарын сыйлык бергенчелик сыйлашпайт. Үйү жок жүргөн адамга сыйлыктын эмне кереги бар?”

“Адамды өлгөндөн кийин ушунчалык макташат, көмгөндөн кийин унутуп калышат. Көзү тирүүсүндө макташыбыз керек”.

“Адамдын жан дүйнөсү таза болушу керек. Кызганыч, көрө албастык, ушак, интрига адамды картайтып жиберет”.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Кыргыздын залкар уулу Марат Алышпаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан