БЕЛДЕМЧИ – ТУН НАРИСТЕСИН ТӨРӨГӨН КЕЛИН КИЕ БАШТАЧУ КИЙИМ

“Кийим адамды аптаптуу ысыктан, ызгаар сууктан сактайт. Аны менен катар адамга көрк берет. Кыргызга таандык салттуу кийимдердин үлгүлөрү эчен жылдар бою сакталып, айрым түрлөрү ушул күндөрү да турмушта кеңири колдонулуп жатат. Негизи улуттук кийимдер көчмөн жашоого жана климаттык шарттарга ыңгайлашып ойлонуп табылып, калыптанган. Кийимдер адамдын социалдык статусун жана жаш курагын да чагылдырып турат”,- деген этнограф Дилара Тиллебаева белдемчи, чыптама тууралуу маалымат берди.

БЕЛДЕМЧИ

Белдемчи кыргыздын эң байыркы жана даанышман эл экендигинин далили. Анын топчусунун жоктугу топчу ойлонуп табыла элек кезде эле кыргыз аялдарынын кийип жүргөндүгүнөн маалымат берет. Белдемчинин артыкчылыктарынын бири – анда өлчөм жок. Арык жана толук аялдарга да туура келе берет жана бойду түз алып жүрүүгө жардам берет.

Белдемчи – кыз турмушка чыгып, тун наристесин төрөгөндөн кийин белден ылдый тагынып баштачу кийим. Көйнөктүн сыртынан кийилет. Кыргыз эли көчмөн калк болгондуктан, атка минүүгө ыңгайлашып этек жагы кенен болуп кетет. Бели калыңдалып, узун болуп тигилет. Бирок көйнөктүн этегине чейин жетпейт, көйнөктүн этеги чыгып турушу керек. Атка мингенде тизени жаап, бутту сууктан коргойт. Белдемчини илгертеден келиндин өз апасы кызынын себине кошуп берген же жээнинин жентек тоюна барганда тигип ала барып кызынын белине тартып берген. Төрөгөндөн кийин кыймылдаганда белге күч келет. Андыктан белдемчи белди бек бууп, бат тыңыганга керек. Белдемчи деген сөз өзү “бел” деген сөздөн чыкканы баарына маалым.

Андан тышкары белдемчи кош бойлуу кезде чоюлуп, чыгып калган курсакты тартууда алмаштыргыс кийим. Бели карыштай жазы болгондуктан аны кийгенде бел, ич, табарсык, бөйрөктү сууктан сактайт.

Бел дайыма кысылып тургандыктан, кыргыздын келиндери кымча бел келишкен. Белдемчинин жазы бели көбүнчө кебез, жука кийиз, жүн менен ичтелген. Үйгө кийиле турганы чыттан же башка матадан тигилип, жөнөкөйүрөөк болуп, мал сааганда, тамак даярдаганда көйнөктү кир болуудан да сактаган. Белдемчи кош бойлуу аялдын курсагын жаап, ички органдарын сезгенүүдөн, бойдон түшүүдөн сактаган.

Ал эми эки жакка, той-тамашага кийиле турганы кымбат матадан тигилип, өңүрүнө, этегине суусар, кундуз карматылган.

Андан тышкары эки өңүрү түрдүү сайма, оюмдар менен кооздолгон. Жайкы белдемчини колунда бар айрым аялдар жибектен тиктиришкен.

Айрым булактарга таянсак, белдемчини илгери эркектер да жоокердик заманда тагынган деген маалыматтар бар. Менимче, алар сыягы белдемчинин кийиз карматылып тигилген карыш келген бел бөлүгүн гана колдонушкан. Ал эркектерди жаанын огунан, кылычтын мизинен ичин, белин сактаган.

Белдемчинин тигилиши жана көркөмдүгү аны кийүүчүнүн жашына ылайыкташат. Мисалы, кызыл-тазыл саймалары бар ачык өңдүү матадан тигилгени жаш келиндерге, ал эми жердиги кара, сыя-көк баркыт белдемчи жашы 45-50 жаштардагы аялзатка кийүүгө шартташкан.

Илгери ар аймакта жашаган аялдарда өздөрүнө таандык оюм-чийим болуп, белдемчини алар менен кооздошкондо эл “ии, бул тигил жактык экен” деп билишкен.

Белдемчи тагынуу учурда кайрадан жанданып жатканы жакшы көрүнүш.

ЧЫПТАМА

Чыптама (чермий, өпкө кап) белге чейин тигиле турган жеңи жок кийим. Бул көйнөктүн сыртынан кийилет. Денеге чыпташып тургандыктан “чыптама” аталып кеткен. Муну жай мезгилине ичин жалаң кат кылып же суукка деп ичине пахта же жүн карматып тиктирсе болот. Жаш кыздар көбүнчо кызыл түсүнөн кийишсе жашы улуулары ачык эмес түстөгү, мисалы, кара, кочкул көк түстүү матадан тиктирип кийишкен. Бул кийим да адамды сууктан, шамалдан коргойт.

Чыптама кош этек көйнөк менен кийгенде көркүнө чыга түшөт. Айрымдар келбетине жараша чыптамасынын этегин кененирээк тиктиришкен. Көбүнчө чий баркыт, баркыт, тукаба өңдүүлөрдөн тигилет. Жаштар үчүн тигилгени укмуштай кооз саймаланган.

Кооздоо үчүн ага «бадам», «ит куйрук» өңдүү оюм-чийимдер сайылат. Эгер кийимдин жердиги көк кездемеден турса, ага кызыл, жашыл жип менен сайма түшүрсө буюмдун өңү чыгат. Чыптаманын топчулары күмүштөн, мүйүздөн жасалган.

Учурда үйүндө, кооздоп тиктирип көчөдө кийип жүргөндөр бар. Чыптаманы кош этек көйнөк менен өздүк көркөм чыгармачылыктын катышуучулары, артисттер да кийип жүрүшөт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан