«КИЧИНЕКЕЙ РОЛЬ БОЛБОЙТ, КИЧИНЕКЕЙ АКТЁР БОЛОТ» М.С.Щепкин

Алар беш жыл убакыт коротуп окуган эмес. Тубаса талант, анан учурунда ийгиликтин канатын кармап калышкандар... Анда сизди элжиреткен кичинекей актёрлор назарыңыздарда.

ЖЕЙДЕН СМИТ
Эсте калган ролу – «Бакытты издөө» («В погоне за счастьем») тасмасындагы Кристофердин образы
Туулган жылы – 1998-жыл, 8-июль
Тартылган кинолору – «Бакытты издөө», «Жер токтогон күн», «Өспүрүм-каратэ» жана башкалар

Жейден Смит Калифорния штатындагы Малибу шаарында актёрдун үй-бүлөсүндө туулган. Уилл Смит жана Жада Пинкетт-Смиттин тун уулу. Жейдендин тасмага тартылып калуусу айрымдар үчүн мыйзам ченемдүү көрүнүш болсо, өзү үчүн катастрофа болгон. Анткени атасы менен апасынын үйдө көп болбогону, көп убактысын киного арнаганы Жейдендин көкөйүнө тийген эле. 2006-жылы «Бакытты издөө» тасмасына атасынын кыстоосу менен тартылып калат.
Кастингге келген балдар башкы ролдогу Уилл Смитке окшош болушу керек эле. Уулунан артык ким окшошот? Кастингге келгендерди сынап жаткан режиссёр Муччино атасынын жанында турган Жейденге көзү түшөт да, Уилл Смитке баласы менен тартылууну сунуштайт. Каалоосу жок болгону менен, Жейден ролго дароо кирип, топту таң калтырат. Ошентип, кино дүйнөсүнө кокусунан баш баккан Жейден учурда АКШнын келечектен көптү үмүттөндүргөн актёру.
2008-жылы Киану Ривз менен «Жер токтогон күн» аттуу тасмага тартылган. Жейден эми актёр гана эмес, каратэ чебери. Анткени 2010-жылы тартылган «Өспүрүм-каратэ» тасмасында башкы ролго тартылуу үчүн кадимки Жеки Чандан каратэ өнөрүн бир жыл бою үйрөнгөн. Устаты менен шакирти канчалык тил табышканын ушундан билиңиз, Жеки Чан Жейденди багып алуу сунушун анын атасы Уилл Смитке жөнөткөн. «Келечекте Жейденден мыкты кино жылдызы, каратэ чебери чыгат. Машыгууну токтотпошу керек» деген устаты Жеки Чандын сөзү менен учурда Жейден машыгып, чыгыш күрөштөрүнүн түрлөрүн үйрөнүүдө. Баса, Жейдендин биринчи өбүшүүсү да тасмада болду. «Өспүрүм-каратэ» фильминде сценарий боюнча кызды өбө албай кыйналган Жейден ага чейин кыз өбө элек экенин моюнуна алган.


ЕКАТЕРИНА СТАРШЕВА
Эсте калган ролу – «Атасынын кыздары» тасмасындагы Пуговканын образы
Туулган жылы – 2001-жыл, 28-октябрь
Тартылган кинолору – «Атасынын кыздары», «Кара чагылган»

Көгүлтүр экранда өзгөчө үй-бүлө пайда болуп, күлкүлүү жоруктары менен популярдуулуктун туу чокусуна чыкты. Ал – жалгыз бой ата жана анын беш кызы. Эң кичүүсү Пуговканын ролун аткарган кичинекей актриса – Катя Старшева. Катяны 2 жашынан баштап муз үстүндө бийлөөгө чоң энеси машыктырып келет. Спорттун бул түрү Катянын үй-бүлөсү үчүн актрисалыктан да биринчи орунда турат.
200 талапкердин арасынан Катя тамашакөйлүгү менен бул ролду жеңип алган. «Атаң-апаң ким болуп иштешет?» деген суроого «атам компьютерде кесме жасайт, апам болсо ага жардам берет» деп жооп берген. Катя кичинекей болгону менен, келбетине чоң актрисалардай эле көңүл бөлөт. Мисалы, таттуу конфеттен «тишим карарып калат» деп баш тартса, таттуу токочтордон «семирип кетем» деп баш тартат. Ал эми кол тамга бергенде өзүнүн атын жазып, үстүнө күн тартып койгонду адат кылып алган. Эң негизгиси, жыл сайын Майамиде эс алат.


АНАСТАСИЯ ДОБРЫНИНА
Эсте калган ролу – “Кука” тасмасындагы Куканын образы
Туулган жылы – 1999-жыл, 30-декабрь
Тартылган кинолору – «Кука», «9 ай», «Жеке изилдөөнү сүйгөн Даша Васильевна», «Менин сүйүктүү бала багуучум», «Изюбрга мергенчилик»

Чоң апасынын пенсиясын алуу үчүн кезекке туруп, макарон бышырып, аны сгущёнкага кошуп жеген Кука аттуу кызды көргөндөр аянычтан көз жашын токтото албай ыйлашкан. Элге таанымал кылган «Кука» – Настянын 26-ролу. Ал эки жашында роль аткарып, биринчи гонорары 1000 рублду түзгөн. Апасы – актриса Алевтина Добрынина боюнда бар кезинде да киного тартылып, театрда роль жараткан. Ким билет, балким, апасынын ичинде жатканда эле «мотор» деген сөздөн кийин кандай процесс жүрөрүн, текстти жаттоону үйрөнүп алган чыгар? Баса, Настянын Ваня аттуу түгөйү бар.
Аталган тасмада уранды короолордо ит менен жүргөн жерин тартууга келгенде Настя коркконунан ыйлап жиберген. Режиссёр итти сценарийден алып салмай болгондо көзүнүн жашын сүртүп, «жок, апам кино сценарий менен гана тартылышы керек» деп айткан. Мен итти өзүмө көндүргөнгө аракет кылам» деп баатырлык кылып, кичинекей колдору менен иттин башын сылап, кино тартуучу топту таң калтырган.
Настя учурда интервью бергенден, папарацциге кабылгандан, элге таанымал болгондон тажаганын айтып келет. Өзүңүз байкагандай, өжөрлүгү жана өзүнө кам көрүү боюнча Настя Голливуд актрисаларын артка таштачудай.


САУЛЕ

Эсте калган ролу – «Достор» тасмасындагы Чолпондун образы
Тартылган кинолору – «Достор», «Талак»
Туулган жылы – 2000-жыл, 21-август

Биз да башкалардан артта калбайбыз. Беш жашында Спорт Ордосун толтуруп, бий өнөрүн тартуулаган кичинекей Сауле тасмаларга да тартылып жүрөт. «Достор» тасмасына режиссёр Рысбек Жабировдун сунушу менен тартылып калган. Режиссёрдун алдына келген кыз сценарий боюнча ыйлашы керек эле. Чоңдордун айтуусу менен каза болуп калган таятасын эстеген Сауле көз жашын төгүп коё берген. Бирок сынакта көп көз жашын төгүп койгонбу, съёмка учурунда ыйлай албай кыйналган. Айтмакчы, «Достор» тасмасындагы Семанын үйү катары тартылган квартира Сауленики болчу.
Азыр да Саулеге киного тартылууга сунуш түшүүдө. Бирок ал учурда бийге басым жасап, анан убактысын кичине сиңдиси менен өткөрүүгө ашыгат.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
honey
2010-12-11 16:22:57
Ий буйтускалар десе, силерди дагы, канчалаган, жаркыраган келечек кутуп турат.
0
mahabaha
2010-12-12 13:50:09
молодцы просто слов нет
0
Nurjanka
2010-12-13 20:29:02
вперед,малыши в светлое будущее!
0
№ 423, 10-16-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан