Жыпара Сабыралиева, 7 баланын энеси: “БАТИРЛЕП ЖАШОО КӨКӨЙГӨ КӨК ТАШТАЙ ТИЙИП БҮТТҮ”

Каарманыбыз 39 жаштагы Жыпара Сабыралиева көп жылдан бери Бишкекте турат. Акыркы күндөрү “балдарың көп экен” деп батир берүүчүлөр ага баш калка берүүдөн баш тартып жатыптыр. Жолдошу жок, 7 баласын өзү жалгыз тарбиялап жаткан чагы.

“ЖОЛДОШУМ “СЕНИ АЛБАСАМ ӨЛӨМ” ДЕП ЖАТЫП ҮЙЛӨНГӨН ЭЛЕ”

– Өзүм Кемин районунан болом, учурда 37 жаштамын. 11-класста окуп жатканда, 16 жашымда турмушка чыктым. Мектепте окуп жүргөндө жолдошум мени жактырып калып, ата-энеси кой десе болбой “мен ал кызды албасам өлөм” деп үйүнөн качып кетип, коркутуп жатып мага үйлөнгөн. Кайнене, кайнатам да ошондо баласы үчүн коркуп эрте үйлөндүрүп коюшту. Мага куда түшкөндө “өзүбүз окутуп алабыз” деп сүйлөшүшкөн болчу. Мектепти бүттүм, бирок жогорку окуу жайга окутушкан жок. Убакыт өтө берди, ортодо 3 балалуу болдук. Көз ачып-жумгуча жолдошум экөөбүз 9 жыл чогуу жашап коюптурбуз. Кайын журт менен чогуу жашайт элек. Жер жамандап барбасын, жолдошум аябай иччү, аракечтигин койдуруп, дарылатабыз деп барбаган бүбү-бакшы, молдобуз калбады. Ичкенин токтотпой, такыр эле бизге, үй-бүлөсүнө көңүл бөлбөй калды. Ортодо таарынышып канча жолу төркүнүмө келип, кетип жаттым. Өзүбүздүн дүкөн бар эле, ал жактан ичип дүкөндүн астына жатып калганда эл көрбөсүн деп үйгө көтөрүп кирген учурлар болду. Акыры 2010-жылы боордун циррозу дартынан каза болуп калды. Башында жаш келин болуп ичкенине деле көп көңүл бурчу эмес экенмин. Акыркы жылдары адам чыдагыс жоруктарды жасап, таанылгыс болуп калган эле. Ошентип 25 жашымда 3 балам менен жесир калдым.

“ЭКИНЧИ ТУРМУШУМ ДА ОЙДОГУДАЙ БОЛГОН ЖОК”

– Жолдошум каза болгондон 1 жылдан кийин экинчи жолдошум менен таанышып, жылдызыбыз келишип калды. 3 балам бар экенин билип, "балдарыңды карап, багышам" деп эле үйлөнгөн. Анын да мурунку никесинен 1 уул, 1 кызы бар болчу. Бирок кайненем башында баласынын мага үйлөнүшүнө караманча каршы болду. “3 баласы менен ал келинди башыңа тартасыңбы?” деп урушуптур. Бирок күйөөм болбой эле менин ата-энемдин алдына түшүп “мен жашайм, мен карайм, жашоо меники” деп көндүрүп жатып үйлөнгөн. Үйлөнгөндөн 4-5 ай өткөндөн кийин кайненем үйүнө киргизип, кызыма анан мага бир кофта кийгизип койду. Жоолук салган жок.

Ошентип жашап жүрүп экинчи жолдошум экөөбүз 4 балалуу болдук. Бирок экинчи турмушумда аябай кыйналдым, көрбөгөн кордукту көрүп, кемсинтүүлөргө чыдап жашадым. Мурунку никедеги 3 балам аябай өгөйлөндү. Жолдошум өзүнүн балдарына таттуу алып келет, менин балдарыма бербейт. Ортончу кызым кичинесинде чуркап барып “атам” деп эркелеп астына отуруп калса жаман көрүп “тур, төшөккө эле отурчу” деп түртүп койчу. “Тамакты сенин балаң көп жейт, меники аз жейт” деп уруш чыгарган күндөрү да болду. Өз баламды жашаган үйүмө батыра албай түйшүк тарттым. Эч качан бирөөнүн баласына бирөө ата болуп бербейт экен.

“БАЛДАРЫМДЫ ӨГӨЙЛӨДҮ, ЖЕТИШПЕГЕН ТУРМУШ КӨКӨЙГӨ ТИЙДИ”

– Жолдошумдун балдарыма кылган мамилесине көз жумайын десем, өзү да жоопкерчиликсиз. Түшүнөм, 7 баланы багуу оңой эмес. Өзү ижарага унаа алып, таксист болуп иштечү. Анын көзүнө ал алып келген азык-түлүктүн баарын эле менин 3 балам жеп жаткандай көрүнөт. Каржы маселесинде мени менен кеңешпейт, мени адам катары көрбөйт, баары кайненем аркылуу чечилет. Ушунча жыл 4 баланы төрөп берген аялына жолдошу “муну эмне кылалы, кандай кылалы?” деп кеңешиши керек да.

Түндө чалып “тамак жасап кой, досторум менен баратам”, “төшөк салып кой, айылдан туугандар келди” деп буйрук берсе жан далбастап айтканын кылам. Кол көтөрүп көк ала кылып сабап, чачымдан сүйрөп, муунтуп өлтүрөм деп далай жолу коркутту. Акча керек болсо да кайненемден сурайм. Болбосо биз батирде, кайненемдер өзүнүн үйүндө турушат. Туугандар “мунуң менен жашооң болбойт, эртерээк ажыраш” дешти. Бирок биринчи турмушум да болбой калды, экинчиси менен да ажырашсам эл, туугандар сөз кылат деп көгөрүп чыдап жашай бердим. Көрсө, туугандар эмне дейт деп жашабаш керек экен. Азыр 7 балам менен батирлерге көчүп-конуп жашап жүрөм, эч кимиси жардам берген жок, баары өз турмушу менен. Жамандык келгенде өзүң менен өзүң каласың деген чын экен. Жетишпеген турмуш да көкөйгө тийди. Күйөөмдүн жоопкерчиликсиз мамилесинен, мени аял эмес, кул катары көргөндүгүнөн 9 жыл жашагандан кийин ажырашып кеттим.

“7 БАЛАМ МЕНЕН 30-40 ЖОЛУ БАТИР АЛМАШТЫРДЫК”

– Экинчи жолдошум менен ажырашып кеткенден кийин жашоо токтоп калган жок. Балдардын өз ырыскысы болот деген чын окшобойбу, билбейм, кайдан-жайдан эле азык-түлүккө, тамак-ашка акча келе берет. Кайрымдуулук уюмдар, боорукер адамдар жардам беришет. Бирок көчүп-конуп жашагандан аябай көңүлүм калды. Экинчи жолдошум менен жашап жүргөндө аябай көп батир котордук. Көпчүлүк кожоюндар “7 бала менен албайбыз” дешет. Бир жылдары арзаныраак болобу деп шаар четиндеги Таш-Дөбө айылынан батирге чыккан элек. Ал батирибиз өрттөнүп, аны менен кошо колдонгон буюмдарыбыздын баары күйүп, бир сыйра кийимибиз менен көчөдө калганбыз. Эл деген эл экен, бирден буюм берип жатып кайра бир үйдүн оокаты чогулуп калды. Кошуна-колоң балдарыма кийим-кечек, кайрымдуулук уюмдары матрастарды алып беришти. Баш-аягы 30-40тай батирде жашадык, батир табуу азап. Эмнеге айрымдар көп балалууларды жаман көрүшөт, түшүнбөйм. Турмушум оор болуп, 7 баланы өп-чап шартта чоңойтуп жатсам да алардын бар экенине сыймыктанам жана аларды төрөгөнүмө өкүнбөйм. Балага зар үй-бүлөлөр канча. Балдарымдын үчөө мектепте, бирөө университетте окуйт, эки кичинекей балам мени менен үйдө. Өзүм иштебейм, улуу балам окуудан сырткары “шабашка” жумуштарга чыгат. Кыздар жайында каникулга чыкканда кафеде идиш, пол жууп иштеп калам. Бир да балама жөлөк пул албайм, анткени нике күбөлүгүбүз жок. Документ иштерин бүтүрөлү десем жолдошум качып ар кайсы шылтоону айтып келбей жүрөт. Бутумда варикоз оорум бар. Дарыгерлерге кайрылсам, "тез арада операция жасатышың керек" дешти. Ошондуктан боорукер адамдардын колдоосуна муктажмын. Балдарым чоңоюп бутуна турушса менин да кубана турган күндөрүм келерине ишенем.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Кыргызстан банк: 4177490101352533

Элсом: 9417018826184210

РСК банк: 9417081302688872

Өзү менен байланышуу үчүн:

0700 830729

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан