Кайрат Жыргалбек уулу, футболчу: “КЫРГЫЗ ФУТБОЛУНДАГЫ СЫЙЛЫКТЫН БААРЫН АЛДЫМ”

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамынын жана Казакстандын “Аксу” командасынын оюнчусу Кайрат Жыргалбек уулу маек төрүбүздө. Спортчу менен футболдук карьерасы, үй-бүлөсү тууралуу кеп курдук.

Футболчу тууралуу

Туулган жылы – 1993-жыл, 13-июнь

Туулган жери – Бишкек шаары

Бою – 176 сантиметр

Салмагы – 73 килограмм

Амплуасы – Жарым коргоочу

Ойногон клубу – “Аксу”, Казакстан

Учурда – Кыргыз курама командасынын оюнчусу

Катар саны – 18

Ойногон клубдары – “Абдыш-Ата”, “Дордой”

– Саламатсызбы, Кайрат мырза? Казак Премьер Лигасында сезонду кандай баштап алдыңыз? “Аксу” клубуна кандайча өтүп калдыңыз?

– Кычыраган суукта үшүп ойноп сезонду жакшы эле баштап алдык. Бир оюн тең чыгуу, бири биздин жеңиш менен аяктады. Быйыл “Дордойдон” Александр Крестинин жана башка машыктыруучулар кетти, мурунку курамдан бир топ оюнчулар башка клубдарга өттү. Мен дагы ойлонуп, үй-бүлөм менен кеңешип өзүмдүн күчүмдү башка өлкөнүн чемпиондугунда сынап көрөйүн дедим. Агенттер менен сүйлөшүп, алгач Казакстандын “Кызыл-Жар” командасында бир аптадай болдум, ошол учурда “Аксу” клубунун машыктыруучулары байланышка чыгып, чакырышты. Шарттары туура келип, бул клуб менен 1 жылга келишим түздүм.

– Жакында эле Өзбекстанда турнирге катыштыңыздар, ийгилик биз тарапка жылмайган жок, даярдык кандай болду эле?

– Даярдык абдан жакшы болгон. Эми футбол командалык оюн, бирде утасың, бирде утуласың. Өзбекстан, Тажикстан, Уганда күчтүү командалар. Өзбекстан күчтүү, алар менен ойноонун өзү чоң тажрыйба.

– Футболго болгон алгачкы кадамдар кандай башталган? Футболчу болууңузга эмне түрткү болду?

– Футболго болгон алгачкы кадамдар көчөдөн эле башталган. Көчөдө эле топ тээп ойноп жүрчүмүн. Кийин мектепке Акбар Гулямович, Николай Самсонович деген машыктыруучулар келип “1993-жылкы балдардын футбол секциясын ачып жатабыз, “Сельмаш” деген командага келбейсиңби” деп чакырып калышты. Кызыгып футболго бара баштадым, калтырбай катышып жүрдүм. Николай Самсонович “Абдыш-Ата” клубунда дагы машыктыруучу болуп иштечү. “Абдыш-Атанын” мектеби күчтүү болчу. Ал бизди ошол жакка алып барып, алар менен достук оюндарды өткөрүп турчу. Кызыгуум ого бетер күчөдү. Ошону менен эле футболдо жүрөм. Футболду биз менен чогуу “Сельмашта” көп балдар баштаган. Ошондон азыркы тапта ойноп жаткандардан Фархат Мусабеков экөөбүз элебиз. Калп айтпасам, 30-40 баланын арасынан экөөбүз эле футболчу болуп чыктык. Кийин “Абдыш-Ата” курама командасына чакырышты, ал жакта 5 жылдай ойнодум, жакшы оюн көрсөтүп, 2014-жылы Кыргыз Премьер Лигасындагы мыкты оюнчу аталдым. Ошол эле жылы Кыргыз улуттук курама командасына чакырылдым. Андан кийин “Дордой” клубуна өттүм. “Дордойдун” курамында көп ийгиликтерге жетиштим, бир нече жолу Өлкө чемпиону болдум, бир нече ирет “мыкты оюнчу” аталдым, айтор, футбол жаатындагы Кыргызстанда болгон сыйлыктардын баарын алдым десем болот.

– Улуттук курам менен өткөргөн эсте калган оюнуңуз кайсы болгон?

– Улуттук курамга киргенден тартып туруктуу ойноп келе жатам. Улуттук курам менен көп эле жакшы оюндар болду. Алардын бири – Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия кубогу. Буюрса, июнь айында бизди жакшы оюндар күтүп жатат деп ойлойм. Атаандаштарды утуп, Азия кубогуна чыгабыз деген ишенимдер бар.

– Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз тууралуу айтып берсеңиз. Үйдө сиздей болуп футболго кызыккандар барбы?

– Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусумун. Менден кийин карындашым, иним бар. Ата-энемдин чакан бизнестери бар, ошолор менен алектенишет. Карындашым, иним окуусу менен алек. Азырынча үйдө менден башка спортко кызыккандар жок. Иним футболго кызыкпайт, азыркы жаш балдар Тикток, Инстаграм, PUBG деген нерселерге кызыгып кетишпедиби. Биз кичинекей кезде андай нерселер жок болчу да. Эртең менен көчөгө кетип, кечинде үйгө келчүбүз.

– Ата-энеңиз сиздин тандооңузга кандай көз карашта болгон?

– Ата-энемдин футболго болгон көз карашы жакшы болчу, футбол ойноомо эч качан каршы болушкан жок. Тескерисинче, “футболду таштаба, ойно” деп ар дайым колдоп турушту. Оюндарыма келип көрүп, атам дагы футбол жаатында билгендерин мага үйрөтүп турду. Азыркы күнгө чейин эле “мындай кылбайт белең, ой, жакшылап теппейсиңерби” деп айтып турат (күлүп).

– Үй-бүлөңүз тууралуу да кеп кылалы. Алар Бишкекте элеби?

– Жубайымдын аты Зарина. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Учурда Алия, Арууна деген супсулуу, ширин, сонун эки кызыбыз бар. Улуу кызым 3, кичүүсү 1 жашка чыгат. Кыздарымды сагындым. Казакстанга чогуу ала келейин десем Павлодар суук экен. Күн жылыса эле алып келейин деп жатам.

– Жубайыңыз кандай карайт футбол ойношуңузга?

– Жубайымдын көз карашы түз. Өзү дагы футболго кызыгат, түшүнбөй калганын менден сурайт. Мени дайыма колдоп, ишенип күч-кубат берип турат.

– Топту ары-бери тепкилесе болду деп футболчу болууну оңой элестеткендерге эмне дейт элеңиз?

– Алар футболчунун жашоосунун бир аптасын дагы көргөн эмес. Биз өткөн машыгууларды, жаракаттарды, кыйынчылыктарды билбейт да. Дайыма формада болушуң керек. Ар кимде ар кандай болот, бири арыктап, күчү жок калса, бири семирип кетет. Бизде өргүү аз болот. Бир ай эс алсаң, бир жыл чуркашың керек. Жолдо көп жүрөсүң, ары-бери учасың, эки күн эс алып эле кайра оюнга чыкмай. Кээде оюнуң жүрүшпөй кыйналган учурлар болот.

– Футбол сиз үчүн?

– Футбол – мен үчүн жашоо. Мен муну менен жашайм. Негизги жумушум. Эртең менен, кечинде деле футбол. Керек болсо кызым менен дагы футбол ойнойм.


– Маегиңизге рахмат. Ийгиликтүү оюндарыңыз көп болсун!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан