КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Марат чыгып кеткенден бир аздан кийин эле Карлыгач үйүнө келди. Эки баласы ойноп отурат, күйөөсү жок. Балдар апасын көрүп экөө тең чуркап келип бутуна жармашып кучактап калышты.

– Атаңар кана?

– Сизди алып келем, ыйлабай отуруп тургула деп кеткен.

– Жумушка жетип барбасын, эртерээк чалайын,- деп сүйлөнө телефонун алып чыгып күйгүздү. СМСтер биринин артынан бири түшүп жатты. Баары Мараттын чалуусу экен. Эки чакыруудан кийин Марат телефонду көтөрдү.

– Каяктасың, эмне өчүксүң?- кечке байланыша албай жини келип турган неме кайдан жай сүйлөсүн, бакырып коё берди.

– Эмне кыйкырасың, жумушта болом да, башка каякта болот элем?! Балдарды жалгыз таштай салып жөнөп кетпей отура турсаң келет элем да.

– Жумуштамын деп эмне балдардан кабар албай коёсуңбу?!

– Балдар жалгыз эле меники беле? Сен деле кара, сен деле бак, бир күн карап койсоң эмне болосуң?!- Карлыгач телефонун өчүрүп салды. Балдар өздөрүн күнөөлүү сезе элейип кыйкырып жаткан апасын карап туруп калышты.

– Деги бизде тынч жашоо болор бекен? Кандай эле адамдар урушпай-талашпай жашай беришет?- сүйлөнгөн Карлыгач болгон жинин казан-аяктан чыгарып кагыштырып тамак жасоого камына баштады. Аңгыча телефонуна СМС түштү. Дароо жетип барып карады, Байыштан келиптир. “Жакшы жетип алдыңызбы? Кызганычтын 2-сериясы башталган жокпу?” деп жазып аягына күлгөн быйтыкча коюп коюптур. Карлыгачтын жүзүн жылмаюу уялады. Байыш менен бир топко жазышты. Бир кезде өзү байкап калды. “Эки балалуу аял экенимди унутуп, өзүмчө жаш кыздай кылыктанганым эмнем? Ушундайымда токтотоюн” деп телефонун үнсүз режимге койду. Анткен менен ою Байышта калды.

xxx

Тимур бетиндеги кызылы тарап, дене табы түшүп мемиреп уктап жаткан кызды суктана карап башында отурду. Канча кызды колдон өткөрдү, эч кимиси анын жүрөгүн мынчалык козгой алган эмес. Бирине дагы мынчалык сүйүү менен эзилип карачу эмес, баары анын бир күндүк оюнчугу катары көрүнчү. Аларды мыскылдап гана турчу. Айсара анын жашоосунда пайда болгон бир башкача жан болду. Кызга алып берем деп көп кабаттуу үйлөрдөн батир карап жаткан, ал оюнан кайтты. Кызды өзүнөн бөтөн жашаткысы келген жок. Көзүнөн бир азга далдоо болсо эле колуна конгон кушун учуруп жиберчүдөй чочулоо болуп жатты. “Мен буга үйлөнөм” деди.

Бул тапта кыз көзүн ачып кашында аны карап ойлуу отурган Тимурду көрдү. Кыздын ойгонгонун көргөн Тимур ашканага жетип барып муздак суу көтөрүп келе салды. Кыз дайыма эңсеп келген камкордукту ушул кишиден тапты. Өзүнчө күйпөлөктөп, эмне кылып жиберерин билбей кареги менен тегеренип жанында жүргөн Тимурга кыздын дагы ичи жылыды. Ага башын жөлөгүсү, анын канатына жашынгысы келди.

xxx

Марат эртең менен турары менен адатынча телефонуна үңүлдү. Инстаграмды барактап келе жатып Бишкекте курулуп бүтүп эксплуатацияга берилген турак жайдын кулап калгандыгы тууралуу жаңылыктын темасына көзү тык токтоду. Өзү курулушта иштегендиктен кыя өтүп кете алган жок. Жаңылыкты окуп өңү бозоруп кетти. Дал ошол үй курулуп жатканда өзү иштеп кеткенин эстеди. Ал учурда Марат жумушка жаңы эле кирген. Турак жайдын пайдубалы эбак тургузулган экен, балдар күпүлдөп дубалын тургузуу менен алек. 6 күн иштеп, бир күн бош болушчу. Эртең эс алабыз деген күнү курулушчулар чогулуп кожурашып калышты. Марат дагы элден калбай аларга аралашты.

– Бүгүн шефтерден эч ким жок, цементтен чыгарып кетели. Эч ким деле билбей калат,- деди арыкчырай келген сары жигит.

– Кой, жетпей калсачы, эсептеп алып келишти да,- курулушчулардын эң улуусу делген киши каршы чыкты.

– Жетпей калса эмне болмок эле, цемент түгөндү деп алдырабыз да.

– Үнөмдөп деле колдонуп жеткирип коёбуз,- деди бири.

– Мейлиңер эми, бирок мен аралашпайм. Акчаңарды өзүңөр колдоно бергиле,- деди тиги орто жашка барып калган киши. Акыры көпчүлүк жеңип, ушул түнү бир нече кап цементти чыгарып кетишти. Аны сатып акчасын бөлүшүп кымыңдаган бойдон үйлөрүнө жөнөшкөн, арасында Марат дагы бар. Акчага кызыгып калышкан немелер бул ишти ошону менен эле токтотуп калышкан жок, андан кийин да бир нече жолу сатып акча жасашты. Марат ойлонуп отуруп башын чайкады. Бир кирпичти цементсиз коюп жиберип, бирине баткак, бирине кум аралаштырып чын эле өтө жоопкерчиликсиз мамиле кылышыптыр. Же алардын эмне кылып жатканын көзөмөлдөгөн киши жок. “Эл кирип жашап баштагандан кийин куласа ошончо кишинин убалы кимге тиймек? Дагы, Кудайга шүгүр, түндөгү катуу шамал ырас эле болуптур” деп Марат көпкө ойлонуп отурду. Ал канча убакыттан бери курулушта иштеп нан таап жеп келгени менен, жумушу өтө жоопкерчиликти талап кыларын ушул күнгө чейин бир дагы ирет ойлонбоптур. Эмнегедир жумушуна баргысы келген жок. Айылда жалгыз жашап жаткан апасын эстеди. “Бир нерсени кыйратып жаткансып шаарда жүрөбүз. Андан көрө айылга барып малымды карап, жер иштетсем деле оокатым өтөт эле го... Дагы канча үйдүн кулашына себепчи болор экенбиз мен жана мендей шаалакы курулушчулар? Карлыгачты көндүрүп айылга кетем” деди.

xxx

Карлыгач өзү моюндагысы келбесе дагы, керели-кечке Байыштын келишин күттү. Эшиктен ар бир кирген кишини баш көтөрүп карап жатып чарчады. Бирок Байыш келбеди, улам телефонун карап коёт. Бир нече жолу телефонун алып чыгып ага чалууга камынып, кайра өчүрүп коюп жатты. “Кызыкмын, эмне деп чалат элем? Каякта жүргөнүн сурагыдай мен киммин ага?” деп ойлонуп коёт. Санааркоо, күтүү, айтор, бул сезимдерин Карлыгач өзү да түшүнө албай, канча аракет кылса дагы эркин башкара албай жатты. “Эми мага жакшылык кылып жаткан адам дайынсыз болуп жатса ойлобой койсом болбойт го” деп бир маал өзүн актап коёт. Эч эле дайыны жок болгондон жумуштан кетип жатып эмне болсо дагы чалып көрүүнү туура көрдү. Телефону өчүк болуп чыкты.

– Эмне кылсам, кимден сурасам?- бушайман болду.

– Аа, баса, тигил кафедеги Самирага чалайынчы, балким, ал билеттир. Бирок Байыш эмнеге издедиң десе эмне дейм?- деп кайра туруп калды. Бир аз жол жүргөн соң:

– Мейличи, чала берейин, бир жооп табам да...- телефонун алып чыгып Самирага чалды.

– Самира, кандайсың? Шефибиз көрүнбөйт го, бүгүн келген дагы, чалган дагы жок. Сүйлөшөйүн десем өчүк, бүгүн айлык бермек элек,- деп койду.

– Уккан эмес белеңер, эртең менен жол кырсыгына учураптыр.

– Эмне? Жакшы бекен?- чочуп кетти Карлыгач.

– Кандай экенин билбейм. Бейтапканага алып кетти деп досу чалган, андан бери эч ким кабарлашкан жок. Жумуштан дагы бошогон жокпуз да,- деди кыз өзүн күнөөлүү сезе.

– Кайсы ооруканада экен?- келин шашкалактай сурады.

– Анысын сураган эмесмин.

– Мага ошол досунун номерин берчи, сурап барып койбосок болбойт го.

– Жок да менде анын номери, ал мага Байыш байкенин телефону менен чалган болчу.

Карлыгач телефонун дароо өчүрдү, кантип тапсам экен деп чый-пыйы чыгып кимдин номерин издеп жатканын өзү деле түшүнбөй экрандагы телефон номерлерин өйдө-ылдый жылдырып жатты. Бала бакчага балдарын алууга бара жатканын дагы унутуп койду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан