СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ФУТЗАЛ: БИШКЕКТЕ АЗИЯ ЧЕМПИОНДУГУНА ТАНДОО ОЮНДАРЫ ӨТӨТ Тарыхта алгач ирет Бишкекте 10-13-апрель күндөрү футзал боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндары өтөт. Кыргыз курамасы алгачкы оюнун 10-апрелде Түркмөнстан курамасына каршы өткөрөт.

"А" тайпасында орун алган Кыргызстандын улуттук курама командасы дүйнөдөгү эң күчтүү командалардын бири Иран, Түркмөнстан жана Мальдив менен кез келет.

Мындан тышкары, "В" тайпасынын Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан жана Непал курамалары ортосундагы оюндарга күбө болобуз.

Кошумчалай кетсек, буга чейин футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Тажикстан менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 6:5 эсебинде жеңишке жетишкен.


КЫРГЫЗСТАНДЫК WEF GLOBAL ТУРНИРИ ОРУСИЯДА ӨТӨТ

Кыргызстандын Кулатуу эр таймаш федерациясынын WEF Global эл аралык турнири 10-апрель күнү Санкт-Петербург шаарында, "Юбилейный" спорт комплексинде өтөт. Ага Орусиянын жана Борбор Азиянын алдыңкы мушкерлери катышмакчы.

Бул турнирде жеңил салмак чениндеги Жыргалбек Эмилбеков менен Рамеш Морозов чемпиондук кур үчүн беттешет.

WEF уюму Кыргызстанда аралаш мушташ боюнча мелдештерди өткөрүп келет. Федерация 2014-жылы негизделген.

ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫ: КАРИМ БЕНЗЕМА 2-ХЕТ-ТРИГИН ЖАРАТТЫ

Лондондо 7-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын алгачкы оюнунда "Челси" "Реал Мадрид" клубуна 1:3 эсебинде утулуп калды. Мадриддик клубдун 3 голун тең франциялык футболчу Карим Бензема киргизди. Биринчи бөлүктө Бензема дубль жаратса, экинчи бөлүктүн 46-мүнөтүндө 3-голун киргизди.

Ал эми "Челси" клубунан 40-мүнөттө Кай Хаверц гол жаратты.

Бензема буга чейин турнирдин 1/8 финалында франциялык ПСЖ менен болгон оюнда да үч гол жараткан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан