“15 МИҢГЕ ЖАА САТЫП АЛГАНДА ЖАКЫНДАРЫМ ЧАЛКАСЫНАН КЕТИШКЕН”

Жаачы, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү, Кыргызстандын абсолюттук чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери Асел Садырованы кепке тарттык. Ал жаа атуу менен мындан 6 жыл мурун алектене баштаган. Кыска убакытта эл аралык бир нече мелдеште жеңүүчү болуп, учурда шакирт таптап калган чагы.

“ЖАА АТАМ ДЕГЕН КААЛООМ ТҮРТКҮЛӨП ТУРУП АЛДЫ”

– Мен Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлүп-өскөм. Мектепте жакшы окудум, сүрөт тартууга кызыкчумун. “Байчечекей”, “Жаш Ленинчи” деген гезиттердин башкы бетине мен тарткан сүрөттөр чыккан. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып, окууну бүткөндөн кийин Тогуз-Торого барып алтын комбинатта алгачкы эмгек жолумду баштап, турмушка чыгып, ошол жакта жашап калдым.

Жаага кызыгуум бала кезден эле бар. Каникулда Бишкекке келгенде туугандарым паркка алып барды. Ошондо тирге кызыгып калдым. Карасам, ошол жерде жаа дагы бар экен, биринчи жолу атып жатканыма карабай таамай атып жаттым. Мага аябай жагып калды. Кийин студент болуп келгенде паркка издеп барсам жаа аттырган жер жок экен, аябай ичим ачышты. Ошону менен жаа атпай калдым. Кийин жолдошум каза болуп калды, балдарым студент болгондо алар менен чогуу мен дагы Бишкекке келдим. Ошол күндөрдүн биринде студент кездеги тааныштарыма жолугуп калдым. Мени менен чогуу окуган балдардын бири жаа атып жүрөрүн айтты. Жаа деген сөз кулагыма аябай жылуу угулуп, жоготкон нерсемди тапкандай укмуш сезим болду. Мен ага жааны жакшы атарымды айткан элем. Кийин жаа атууга телефон чалып чакырып калды. Барып, жааны кармап аябай сүйүндүм. Жарым сааттай аткылап кетип калдык. 2016-жылы ошол курсташымII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыз-келиндер арасында жаа атуу болот, жакшы атат экенсиң, катышпайсыңбы” деп калды. Кайдан катышмак элем деп кетенчиктедим, бирок ичимдеги каалоо жөн койгон жок. Салбуурун федерациясынын жолугушуусуна барып, жетекчиси Алмазбек Акунов менен тааныштым. Жаага кызыккан кыздар барышыптыр, ал жактан “катышсаңар өзүңөрдүн жааңар, жебеңер, атайын формаңар болсун, машыгуу кылыш керек” деди. Ал убакта менин айлыгым 10 миң сомго жетчү эмес. Жаанын өзү 15 миң, жебенин бир даанасы 300 сом болчу, жаачы кийчү улуттук кийим, баары 20-30 миң сомду чапчыйт экен. Аны эсептеп шаабайым сууп отуруп калдым. Бирок каалоом мени түртмөлөп туруп алды. Көптөн бери чогултуп жүргөн акчам бар болчу, барып 15 миң сомго жаа, 2000 сомго 5 жебе сатып алдым. Машыгуу кылып коёюн деп эшиктин алдына бир нерсени коюп атып, баягы 5 жебени тең сындырып алдым. Кайрадан жебе алыш керек болуп, баягы акчаны акырындан кемире баштадым. Анан Нарында мелдеш болот деп федерациядан чакырып калышты, үйдөгүлөргө айтыш керек болуп калды. Алар жаанын баасын угуп “өзүң араң жашап жатсаң, 15 миңге жаа алганың эмнең?” деп чалкасынан кетип, мени жаман көрүштү. Жебени сатып алгандан кийин барбай коёт белем, бардым, элдин алдында биринчи жолу жаа атып, ал жактан 2-орунду алып келдим. Бул мага аябай дем берди. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, 3-орунду алдым. Жакындарым ошондон кийин унчукпай колдоп, мени менен сыймыктанып калышты.

“БИР ЖАРЫМ ЖЫЛДЫК ТАЖРЫЙБАМ БАР ЭКЕНИН УГУП АЯБАЙ КҮЛҮШҮПТҮР”

– II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында бизге башка өлкөлөрдүн жаачыларын тааныштырышты. Алардын 5-10 жылдык тажрыйбасы бар экенин угуп, баары бир аларды ута албайбыз, жөн эле катышып коёлу дедик. Бирок башталгандан тартып упайлар боюнча алдыда келе жатканымды көрүп, чынында аябай толкундандым. Тажрыйбасыз болгондуктан, өзүмдү кандай алып жүрүш керек экенин деле билбейм да. Финал башталганча даярданып турайын деп тегерекчеге тийгизе атып жаткам. Көрсө, күчүңдү жоготпой турушуң керек экен. Ошентип 3-орунду алып калдым. Бирок нааразы деле болгон жокмун. Ал кезде жаа ата баштаганыма 6 ай эле болгон. Кудайга шүгүр, андан бери көп жеңиштерди багынттым, жаанын арты менен өлкө желегин көтөрдүм, көп өлкөгө бардым. Алгачкы жолу Орусияга КМШ өлкөлөрү арасындагы мелдешке бардым. Орусияда жаа атуу аябай өнүккөн да, менин анкетамдан 1 жарым жылдык тажрыйбам бар экенин көрүп аябай күлүшүптүр. Бирок ал жактан улуттук жаа атуу боюнча чемпион болдум, андан сырткары 2 күмүш медаль уттум. Көрсө, атаандашым окуучулары бар, Орусияда атагы чыккан чемпион кыз экен. Улуттук жаа атуу боюнча чет өлкөдө кыргыз гимнин ойноткон жалгыз жаачы менмин. Ошондон бери чет элдик жаачылар да мени баалап калышты. Эки-жакка чыкканда башка өлкөнүн жаачылары “сиз жөнүндө укканбыз” деп айтып калышат.

2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чемпион болдум. 40ка жакын күчтүү жаачы айымдар келген. Аларды ага чейин чет өлкөдөгү мелдештерде көрүп жүргөндүктөн көп деле мурункудай коркуу болгон жок. Өзүмө ишенимдүү катыштым. 2019-жылы Стамбулда “Фетих Купа” дүйнөлүк мелдешинде күмүш медалдын ээси болдум.

“МАШАКАТТУУ ИШ ЭКЕНИНЕ КАРАБАЙ ШАКИРТ ТАПТАЙЫН ДЕДИМ”

– Устатчылык оңой иш эмес, башында өзү жааны жакшы ата албай туруп шакирт тарбиялап жаткандарга таң калчумун. Мага “шакирт тарбиялабайсыңбы” деп көп айтышчу. “Мен өзүм дасыгайын, баарын түшүнөйүн, анан окутам” дечүмүн. Былтыртан баштап каалоочуларды окута баштадым. Окуп үйрөнүп алып жаа кымбат экен деп ала албай, таштап койгондор көп болду. Алардын арасында мыкты жаачы чыга турган таланттуулар дагы бар. "Каап" деп кейип каласың. Бул өнөрдү алып кеткен шакирттеримден бир кыз кыска аралыкта эл аралык мелдеште мени кошо утуп чемпион болду. Өзүңөр көргөндөй, мырзалардан дагы Ноорузда бир окуучум 3-орунду алды. Шыктанып калды, байге катары алган акчасына дароо эле жебе сатып алды. Бул анын 2-мелдеши, былтыр эл аралык мелдеште 6-орунду алган. Азыр жебе 400-450 сомдон. Окутуу кирешелүү деле эмес. Окуйм деп келген балага жаа, жебе бересиң, жебелериң сынып калса алган акчаңдан ашык кетет. Устатчылыктын машакаттуу экенине карабай билген өнөрүмдү үйрөтүп шакирт чыгарайын деп жатам. Бул деле жан дүйнөңдүн каалоосу экен, өзүм кызыкдар болгонум үчүн баарына кайылмын. Эми дагы Көчмөндөр оюндары болот. Мелдеш болот деген сөздү укканда эле моюнума милдет кылып койгондой тытынып машыгып, жебе, жааларды адистерге алып барып көргөзүп турам. Жөн эле барды аты болбой, Кыргыз желегин көтөрөйүн деп далалат кылам.

Жаа атуу менен алектенип баштаганыма 6 жыл болду. Кудайга шүгүр, андан бери мелдештерде сыйлыктан куру кала элекмин. Чыгымдарымды алган сыйлыктарым менен жаап коё турган даражага жетип калдым. Жаа деле машинадай, улам жакшысын көрсөң алмаштыргың келе берет. Кээ бири "сиздей чемпион бололу" деп эски жааларымды ырымдап алып кетишет.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан