ЖАРАМАЗАН АЙТТЫК, ШАҢ ЖАРАТЫП КАЙТТЫК

Быйыл да салтты улай “Супер-Инфо” гезити жана SUPER.KG порталы чыгармачыл топ менен бирге атактуулар айылына жарамазан айтты. Жарамазанчылар – ырчылар Рустам Сагыналиев, Үмүтай Абдышова, Калыс Жакыпов, Айгерим Эшим, Кубаныч Баркалбасов, Акжол Жыргалбеков жана актриса Айгерим Саматова. Көчөнү жаңырта шаңдуу ырдаган топ көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Атактуулардын иш бөлмөсүн, студиясын же үйүн жаңырта жарамазан айтып, ырымын алып, ак бата берип кайттык.

“Сүйүнчү” радиосу: “КУДА ТОСКОНДОЙ ЭЛЕ ТОЛКУНДАНЫП ЖАТАБЫЗ”

Сапарыбызды элге жайдары маанай тартуулаган “Сүйүнчү” радиосунан баштадык. Жарамазан жаңырта шаңдуу кирип барган биздин топту радионун жамааты кучак жая тосуп алды. Эфирде кызматта Кубаныч Султанов экен, ал жарамазанчыларды дароо эфирге кошту. “Жарамазан айтып келгенде кайра башынан ырдагыла дечү эле” деген ди-джей мырза жарамазанчыларды "Сүйүнчүнүн" угармандары үчүн кайрадан ырдатты. Радионун жамааты атайын белектерин, конвертке 4000 сом салып узатты. Радионун жамаатына ак батабызды берип жолубузду уладык.

Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттыкты сактоо министри: “КАПЫСТАН МИНИСТР БОЛУП КАЛДЫМ, БОЛБОСО СИЛЕРДИН ЖАНЫҢАРДА ЖҮРӨТ ЭЛЕМ”

Жарамазанчылар шатыра-шатман Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратына кирип бардык. Түз эле министр Алымкадыр Бейшеналиевдин иш бөлмөсүнө барсак, министр жамаатка чогулуш өтүп жатыптыр. Топту жакшы маанай менен тосуп алышты. Алымкадыр мырза кыргыз элин орозо айы менен куттуктап, ак тилегин айтты.

“Капыстан министр болуп калдым, болбосо силердин жаныңарда жүрөт элем. Мен дагы силерге ырдап берейин” деген министр мырза “Оо, кыздар”, “Жазым келчи” ырларын созуп берди. “Эртерээк айтсаңар даярданып коймокмун” деп жарамазанчыларга ырымын кылып 12000 сом карматты. Жарамазанчы топ дагы алакан жая батасын берди.

Айнура Сагынбаева, косметолог: “ЖАРАМАЗАН АЙТЫП КЕЛГЕНИҢЕР АБДАН ЖАГЫМДУУ БОЛДУ”

Кийинки сапарыбыз белгилүү косметолог, блогер Айнура Сагынбаеванын үйүнө болду. Айнура айым орозо экенине карабай алжапкычты тагынып ашканада тамак жасап жаткан кези экен. Жарамазанчыларды эшик алдынан тосуп алып, дасторконго чакырды. Команданын орозо кармабаган мүчөлөрү Айнура айымдын колунан чай ичип, дасторкондон даам сызышты. “Жарамазан айтууга көз карашым жакшы. Кичинекей кезде жарамазан айткандарды көчөдөн көрчү элем. Муну ооз ачканда жейсиңер” деп тортун, пирожкисин салып берип, жарамазанчылардын баштыгына 5000 сом салды.

Алмаз Шаадаев, ырчы: “ЖАМААТ МЕНЕН КЕЛСЕ ООЗ АЧЫРАЙЫН ДЕП СҮЙҮНДҮМ”

Ооз ачар маалда жарамазанчылар ырчы Алмаз Шаадаевдин үйүндө болдук. Ырдап көп кабаттуу үйдүн короосуна кирип келген топту ырчы мырза эшик алдынан тосуп, үйүнө алып кирди. Орозо кармагандар ушул жерден ооз ачышты. “Орозо айын абдан жакшы көрөм. Үйүмдөн ооз ачканыңыздарга кубанычтамын. Мен дагы бир милдеттен кутулуп жеңилдеп турам” деген ырчы мырза өзү дагы орозо кармаптыр. Биздин топ ырчыга “ушул жылы ак жоолуктуу бол” деп алакан жая батасын берип кайтты.

 

 

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан