АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Айсулуунун маңдайында Калия турду. Бул апасынын өтө жакын курбусу эле. Апасынын курбусу болчу, бирок Анвар менен жакыныраак сезилчү Айсулууга.

– Сизби?

– Кандайсың, Айсулуу, ден соолуктар жакшыбы?

– Жакшы, сизди бул жактан көргөнүмө таң калдым. Ошто жашайт белеңиз?

– Бүгүн бейшемби эмеспи, Анварга куран окуттум. Көрүстөнүнө келип кетейин деп чечтим. Кайра Ошко кетем.

Калия көрүстөндөгү топуракты ушалап бир топко отурду. Анын үнсүз ыйлап жатканын көрүп Айсулуу да токтоно албай кучактап ыйлап жиберди. Ыйлап, жүздөрүн жууп алып көрүстөндүн четиндеги скамейкалардын бирине отурушту.

– Калия эже, акыркы жолу атамды качан көрдүңүз?

– Каза болоруна бир күн калганда көрдүм.

– Эмне деди эле, шектенген бирөөлөр болгонун айттыбы?

– 5 жыл өттү, ал нерсени сурамжылап эмне кыласың, алдыңда жашооң бар...

– Менин жашоомду жашоо дей алса кимдир бирөө... Мен жалгызмын, апам да бизден кетип калган, билет болушуңуз керек. Ойлоно берем. Атам тууралуу айтып бериңизчи.

– Апаң Альфия экөөбүз жакын курбу элек. Анвар биринчи курстан эле ага ашык болуп калды. Анвар жатаканадагы бардык кыздардын сүймөнчүгү болчу. Акылдуу, өңдүү-түстүү, эмгекчил, тырышчаак жигит болчу. Кимибиз болсок да атаң кашын кагып койсо ээрчип кеткенге даяр болчубуз, бирок ал апаңдан башка эч кимибизди көргөн жок.

– Сиз дагы атамды жакшы көрчү белеңиз?

– Анварды сүйбөгөнгө мүмкүн эмес болчу,- деди жылмайган Калия.

– Андай жүрөктүү, адамгерчиликтүү адамдар аз. Дүйнөнүн таза экенине ишенген боюнча, жашоодон бир да кара нерсени көрбөй бул өмүрдөн өттү. Балким, анын бактысы ошондодур. Апаң болсо Анвардагы сапаттардан эч биринин баркын билбеген, бардар, жеңил жашоону каалаган аял болчу. Сенден кийин “фигурам бузулат” деп төрөбөй койду.

– Мени да өзү баккан жок, эки айлыгымда ар нерсени шылтоолоп айылдагы оорукчан чоң энеме берип салды. Мен 12 жашыма чейин айылда чоңойдум. Атамды дагы көбүрөөк билсем, жанында болсом эмне?..- деди Айсулуу башын жерге сала.

– Бирок Анвар сени аябай жакшы көрчү. Качан болсо сүрөттөрүңдү көрсөтүп басып жүрчү. Сенин кандай акылдуу, токтоо, сулуу кыз экениңди айтып бүтө алчу эмес. Аталардын баары эле кыздарын жакшы көрөт го, бирок сенин атаң өзгөчө сүйдү сени...

– Ооба, чоң апам менен атам мени аябай жакшы көрүштү.

– Акыркы окуялар болгондо Анвар чүнчүп жүдөп кетти, бирок ажырашкысы келген жок. Ким билет, балким, Альфия өзүнө келет деп күттүбү, же башка бир себеби барбы, баарын билип туруп чыдады. Мен анын эркек катары бул чечимин да бааладым. Мен Оштон учуп келгенимде экөөбүз жолугуп чай ичмек болдук. Ошондо мага...

Калия оозун жыя берди. “Эч кимге айтпа. Мен бул иштин аягына чыкмайынча Альфия менен Аскардын мамилеси тууралуу жан адам билбеши керек, мага сөз бер” дегенин эстеп кетти. Адам каза болуп калса да анын аманатына сый көрсөтүш керек. Алдында турган бул бечара кыз деле эмнеге алы жетмек? Андан көрө билбей калганы дурус. Өз жашоосун түзүп кеткени туура деп чечип токтоп калды.

– Атам сизге эмне деди?

– Жүрөгү ооруп жүргөнүн айтты. Жакын арада жакшы бир доктур таап, көрүн деп кеңеш бердим. Сен тууралуу сүйлөштүк...

– Мен тууралуу эмне деди?- Айсулуу чыйпылыктап жиберди. Анткени ошол убактарда өзү менен өзү болуп жүрүп, атасы менен көп сүйлөшпөй калган.

– Сенин аябай күчтүү кыз экениңди айтты. Сени алып башка бир өлкөгө кетип иштеп келсемби деген эле.

Калия менен сүйлөшүп отуруп Айсулуу жеңилдей түштү. Атасын чындап жакшы билген адамдар менен сүйлөшкөндө ушундай ырахат алат, атасы келип маңдайында отургандай сезилет. Айсулууну узатып жиберип, Калия кайра Анвардын көрүстөнүнө барды.

– Анвар, кызыңа мен чындыкты айта албадым, эрким жетпеди. Жаш кыз, жашоонун түркүн окуяларын анализдегенге акылы жетсе да, жашы жете элек кези. Сенин жаркын элесиңди анын жүрөгүндө булгагым келген жок. Убакыт бар, Анвар, кайсы бир күнү биздин сырыбыз да ортого чыгат. Менин убактым ошого жетсе экен. Баарын түшүндүрүп айтып бергенге убакыт жетсе экен...- деди аял ыйлап отуруп. Айсулуу үчүн дагы бир өтмүштүн пардасы жабык калды.

ххх

Аскар аялынын наамындагы бардык дүйнө-мүлктү балдарына өткөрүп койгонун билгенде чок баскандай жинденди. “Канча жылдан бери жыйып-тергенимдин баарын акылсыз кыздарым менен бири орус, экинчиси жарым эс күйөө балдарым көрөт тура. Сүйүнгө ишенгенче агама эле каттатып койбой эмне болдум? Муну менен ажырашам деп түк ойлогон эмесмин да. Башым ушундай болуп калса дегенге жетпеген экен” деп күйүп-бышып жатты. Ачуусу менен жардамчысын “кууруп”, Марал телефон чалды эле, ага да “бош эмесмин” деп кагып-силкип салды. Сүйүндү көрсө эки чайнап, бир бүркүп жечүдөй. Ушундай абалда досу Алмаз телефон чалып калды.

– Эргул, кайдасың, кандайсың?

– Жакшы, Алмаз, убактым жок эле,- деди сиркеси суу көтөрбөй.

– Өй, кел мага, дартыңды уктум, менден да бир кеңеш чыгып калар.

– Эмнени уктуң?

– Аяш менен ажырашып жатканыңды уктум.

– Ой тобо, жердин да кулагы барбы, аны кайдан уктуң? Өзүм эми угуп жаткан убагым...- деп кара күчкө күлгөн болду.

– Ай, аны эмне кыласың, кел сүйлөшөлү.

– Жок, досум, бул жолу сенин лекцияңды уга албайм. Ансыз да баарына кокомо чейин тоюп турам. Башка жолу...

Жини менен телефонду коюп салды. Көкүрөгүнүн түпкүрүндө досу байкуш чын дилден жардам бергиси келгенин түшүнүп эле турду, бирок кырстыгы кармап кетти. “Сендей чымчык баштардан кеңеш албай эле жашайм” деп кыжырдана кекенип койду. Эмне кыларын билбей бир топко чейин турду да, көнгөн адатынча үйүн көздөй жөнөдү. Келип дарбазаны ачайын деди эле, ачкычты алмаштырып коюшканын байкады. Ого бетер жаны чыга эшикти тепкилеп жиберди. Коңгуроону катар-катар басып алды. Бир топто Сүйүн чыкты сыртка.

– Эмне ачкычты алмаштырып саласыңар, ия?- деди көзүнөн ачуу бүрккөн Аскар.

– Сага айтпадым беле. Болгон кийимдериңди алып кет, сотко чейин көрүшпөйм сени менен дегем.

– Энеңди, сен тим койсо жаман кыйын болуп кеттиң, мен беш мүнөттө сенин ким экениңди көрсөтүп коём!

Адатынча күркүрөгөн Аскардын көтөрүлүп бара жаткан колдору Сүйүндүн эч жалтанбаган көздөрүн көргөндө түшүп калды. Көнгөн адатынча жалтанып кетсе эле баса калып уруп иймек. 30 жыл жашаган Сүйүн эмес, башка бирөө келип калгандай апкаарый түштү.

– Калп эле бакыра бербе, кошуналар угат. Сен го кетчү адамсың, а мен булардын арасында жашайм. Эми айт, эмне керек?

– Сотко чейин бул дагы менин үйүм. Кууп чыга албайсыңар.

– Хм, эми эстедиңби үйүң бар экенин?

– Тур мындай, үйгө кирип эс алам.

Жулунуп кирген Аскар кыздары, неберелери болуп бакчада бака-шака болуп отурганын көрүп кызыктай боло түштү. Тун небереси төрөлдү дегенде барып көрбөй койгон. Экинчи кызынын боюнда бар эле, ал дагы отуруптур. Эркин жок экен. Буйдала түштү. Дарбазанын жанында ойноп жүргөн кичинекей аны тааныбай тиктеди. Болбосо өз небереси. Же кире албай, же чыга албай туруп калды, кыздары да атасын мурункусундай кыйкырып-өкүрүп баштайбы дегенсип коркуу менен тиктеп калышты. Ушул отургандар анын үй-бүлөсү болчу. Бирок ушунчалык чоочун, бири да ага жакын карап жан тарткан кебетеси жок. Коркуу менен тиктеп турушту. Качан мынчалык чоочун болуп калышты булар? Качан өзү буларга чоочун болду? Дили ооруп шарт бурулуп сыртка чыгып кетти. Машинесине отуруп туш келди айдап жөнөдү. Кээде адамдын бара турган жери жок калат тура. Аны күткөн адам жок калганы ушунчалык оор экен. Эмнеге мындай болду? Бир-эки жыл мурун эле “келегой” деп эшигин ачып жолун төрт көздөп күткөн аялдар кайда? Башы маң.

ххх

Альфия эшикти ачып кызы босогодо турганын көрдү. Апакай жүзү ого бетер кубарып, ботодой көздөрү кайгылуу тиктейт. Мурун от чачып турчу бул көздөр “апа” деп бир нерсени айтканы жатканда жайнап кетчү эле. Көздүн нуру өчкөнү жаман тура. Кызын бооруна кысып жиберди. Ыйлагысы келди.

– Апа, кандайсыз?

– Жакшы, кел, кир.

Апасынын үйүнө кирип залга киргенде атасынын чоң сүрөтүнө көзү түштү. Бул мурун жок болчу, жаңы жасаткан окшойт.

– Канчадан бери келе элексиң, кел экөөбүз жакшылап чай ичели.

– Апа, менин атама качан акыркы жолу кезиктиң эле?

– Эмне болду?

– Атам мага жол кырсыгы болгон күнү үч жолу телефон чалыптыр. Маанилүү нерсени айтканы жаткан го, бирок мен уйкунун дарысын ичип алып...

– Кызым, беш жыл өттү. Эмне кыласың анын баарын?

– 10 жыл өтсө да атам мен үчүн каза болдубу деген ой башымдан кетпей жатат, апа. Мен бул ойдон кутула албай кыйналып жүрөм. Мен күнөөлүү болушум мүмкүнбү? Атам мен үчүн...

– Жок, андай деп ойлобо.

– Сага бир нерсе деди беле? Мен тууралуу? Же окуя тууралуу...

Альфия какап калды. Анвар менен акыркы жолу сүйлөшкөн сөзүн эстеди...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан