Мирлан Мурзаев, футболчу: “БУЛ МАШИНАНЫ СҮЙҮП КАЛЫП, АКШдан КЕЛИШИН 4 АЙ КҮТТҮМ”

Mercedes-Benz – көпчүлүктүн сүйүктүү унаа үлгүсү. Каарманым дагы бул үлгүдөгү унааларды жактырат. Бул сапар “Рулдагы жылдыз” рубрикабызда Кыргыз улуттук курама командасынын футболчусу Мирлан Мурзаев конокто. Мирлан мырза өзүнүн жактырып алган темир тулпары менен бизди тааныштырды. Ал кандай айдоочу экенин маектен окуңуз.

Үлгүсү – Mercedes-Benz ML 63

Чыгарылган жылы – 2015-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 6300 сантиметр куб

Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 250 чакырым

Баасы – 34 миң доллар

– Саламатсызбы, Мирлан мырза? Кепти алгач Индияга сапарыңыз кандай болду, ошондон баштагым келип турат.

– Индияда 7 ай жүрдүм. Ал жакта күн дайыма ысык, абасы кургак, үп экен. Башында абасы, тамактарынан бир аз кыйналдым. Айла жок көндүм. Кийинчерээк ашпозчулар кандай тамак жейсиң деп сурап калышты. Беш бармак, аш түшкө кирген тамактардан болду. Үйгө апама видео аркылуу чалсам тамактарын көрсөтүп, кел деп чакырып табитти ачат. Анан “биз тамак ичип алалы” деп телефонду өчүрүп коёт (күлүп). Эми ал жакта ойноп өз өлкөмдүн атын чыгарып келдим. Кыргызстандан барган биринчи оюнчу болуп жатпаймбы, алар деле биз тууралуу бир аз билип калышты. Индиянын чемпиондугу 6 айда эле бүтүп калды. Клубдардан чакыруулар түшүп жатат, трансфер ачылса, Кудай буюрса, дагы келишим түзүү ниетим бар. Азырынча “Алгада” ойноп турам.

– Өзбекстандагы оюн тууралуу да айта кетсеңиз...

– Тажикстан менен ойногондо гол киргизе албай калган эки учур мени катуу ойлондурду, 3 күндөй уктаган жокмун. Улуттук курамда ойносомбу-ойнобосомбу деген ойлор болду. Келгенде баары “ошол голду киргизсең болмок” дешти. Аны өзүм деле билип турам, бирок оюн экен да. Кудай буюрса, июнь айындагы оюндарда Азия кубогуна чыкканга аракет кылабыз.

– Жакшы, биз бүгүн унаа, айдоочулук тууралуу сүйлөшөбүз. Алгачкы унааңыз кандай болгон? Бул канчанчы унааңыз?

– BMW 525 үлгүсүндөгү унаа болчу. Аны 3 ай айдап, Мерседес-Бенц үлгүсүнө отурдум, ошол бойдон ушул үлгүдөгү автоунааларды жактырып айдап келе жатам. Бул менин төртүнчү унаам, алганыма бир жарым жыл болду. Өзүмдүн маңдай терим менен иштеп тапкан акчага алдым.

Окуучу кезде Мирлан, Адилет деген досторум менен “үчөөбүз акча чогултуп Фольксваген алабыз, сен бир күн айдайсың, бир күн мен айдайм” деп кыялданып сүйлөшүп калчубуз. Кудайга шүгүр, ошол күндөргө жетип, футболдон аракет кылып башка мамлекеттерге барып акча таап, жакшы унаалардан да алдык. Өзүмдүн мурунку машинамды байкеме берип, өзүмө алууга унаа издеп жатып, бул машинаны сүйүп калдым. Америкадан келишин төрт ай күттүм.

– Унаа айдаганды качан үйрөнгөнсүз? Айдоочулук күбөлүктү окуп алдыңыз беле?

– Кара-Балтада дайыма байкелеримдин жанында жүрчүмүн. Менин кызыкканымды көрүп “сен айда, биз артка эле отуралы, айдоочубуз бол” деп жатышып акырындан үйрөнүп кеттим. Эмнени басышым керек экенин өздөрү айтып турушчу.

Айдоочулук күбөлүк үчүн окууга жазылып, унаа айдоого чыкканда эле инструктор “сен айдаганды жакшы билет турбайсыңбы, сага айдаганды үйрөтүүнүн деле кереги жок экен, сынактан өтүп көр” деген. Сынак тапшыруу мага жеңил эле болгон, болгону жол белгилерин жаттагам. Барып сынакты жакшы тапшырып, күбөлүк алгам.

– Эреже бузуп МАИ кызматкерине түшүп, айып пул төлөгөн учур болобу?

– Мен эреже деле бузбайм. Коопсуздук курун тагынбай койгон же ушул сыяктуу да эреже бузган учур болгон эмес. Бир эле жолу Кара-Балтага бара жатып катуу ылдамдык менен түшүп калгам. Башка учурда тоссо деле документтерди текшерип, коё беришет.

– Унаанын күйүүчү майды көп сарптаганы чөнтөккө күч келтирбейби?

– Чынын айтканда, мен аны байкаган деле жокмун. Акчаны өзүм табам да, күйүүчү майдан аянбайм. Бакты толтура куям да, унутуп коём. Качан гана бактын датчиги кызыл болуп күйүп калганда барып куюп коём.

– Бул унааңыздын мурункулардан кандай айырмачылыгы бар? Унаа статус береби?

– Буга чейинки унааларым седан болчу, бул жип. Отурганда бийигирээк экени билинет, анан кыймылдаткычынын көлөмү, жылы эле болбосо башка айырмасы деле жок. Ал эми унаа мен үчүн эч кандай статус бербейт. Мен балык уулоого барганда айрымдар “муну менен балыкка келбей, шаарда костюм-шым кийип алып жүрүш керек” дешет. Машинаны статус кылгыдай мен президент же депутат эмесмин да. Машина ары-бери жүрүүгө эле арналган нерсе.

– Ылдамдыкты сүйүүчүлөрдүн катарын толуктайсызбы?

– Катуу ылдамдык менен негизи көп деле айдабайм. Ар ким өз ден соолугун сакташы керек. Ансыз деле жол кырсыктары көп болуп жатпайбы. Кечээ эле дос балам кырсыктаптыр, артынан бирөө келип сүзүп салыптыр. Сен жакшы айдасаң деле артыңдан же капталыңдан бирөө келип сүзөт. Машина жок, эл жок чоң жолдо ылдамдыкты кээде 120га жеткизип барып дароо түшүргөн учурлар болот.

– Унааңыздын номери сиз улуттук курамда ойногон 10-катар санын көрсөтүп турат. Атайын алгансызбы?

– Муну ушул унаа келгенде атайын аукционго катышып, байкем алып берген. Балдар “башкача, окшош сандар менен албайсыңбы” дешет. Мага бул жагат, анткени өзүмдүн ойноп келген номерим да.

– Футболчунун багажында эмнелер болот экен, ачып көрбөйлүбү?

– Мейли, көргүлө. Бул жакта дайыма эле кийимдерим, бутсалар, айтор, алмаштыра турган кийимдердин баары бар. Машина экинчи үй деп айтылат эмеспи. Кызымдын самокаты бар, ал мектептен чыкканда самокатын сурайт. Экөөбүз муну тээп алып тамактанганы барабыз, анан үйгө алып келем.

– Бул жерден бокс мээлейин көрүп жатабыз. Бокс менен да машыгасызбы?

– Бокс кардио машыгуу да, бүт денеге жакшы. Ошон үчүн бокс менен деле машыгып коёбуз.

– Унааңыз аябай таза экен, дайыма таза алып жүрөсүзбү же бүгүн атайын тазалап келдиңизби?

– Таза жүрсөң өзүңө жакшы да. Үйдөгүлөр үйдү кандай таза кармаарын деле көрүп кеткенсиздер. Кимден сурасаңыздар деле унаамдын дайыма таза экенин айтышат.

– Маегиңизге рахмат! Жолуңуз ар дайым ачык болсун!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан