«ВИКИЛИКС» МАКСИМДИН БЫЛЫКТАРЫН АЧТЫБЫ?

Аптанын окуясы

Американын, тактап айтканда, Пентагондун “№1-душманына” айланган “Викиликс” сайты Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү паракорчулук жөнүндө жашыруун документтерди жарыялоого сөз берген. Ошол документтерден улам 2009-жылы февралда Кыргызстандагы АКШнын элчиси Татиана Гфэллер америкалык аскердик майданды чыгаруу үчүн Кытай каражат берүүгө даяр экендигин билдиргени маалым болду. Базаны Кыргызстандан чыгаруу үчүн Кытай насыя берери жазылган. Ошентип, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү эгерде Кытай тарап 3 миллиард доллар жардам көрсөтсө, майданды чыгарууга макул болгон имиш.
Бул аптада “Викиликс” сайтына таянып, “Русский репортёр” журналы кезектеги жашыруун документтерди ачыкка чыгарды. Ал документтер экс-президенттин уулу Максим Бакиев жөнүндө. Негизинен, анда мурдагы ханзааданын өлкө ичиндеги бийликке түздөн-түз таасири бар экендиги айтылган. Документте 2009-жылы июль айында Бишкекке АКШнын мамкатчысынын орун басары Уильм Бернс келип, анын Максим Бакиев менен жолукканы, анда экс-президенттин уулу “Ганси” майданын Орусияга сөз берилгендей жаптыруунун ордуна атын өзгөртүп, Кыргызстанда алып калганын мактанганы белгиленген. Демек, бул документке таянсак, аскердик базаны “транзиттик борбор” деп атап, бирок функциясын ошол боюнча калтыруу Максимдин идеясы болгон. Документте Максимдин бул чечимден соң Кремлдегилер аябай ачууланып, Москва шаарындагы кыргыздар иштеген базарды жаап жатканын айтканы да бар экен. Бул документтин канчалык чындыгы бар экендиги белгисиз, бирок “шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” дечү беле?
Кыргызстандын былыктарын эле эмес, АКШнын “сасык оюндарын” ачыкка чыгарган “Викиликс” сайтынын кожоюну Жулиан Ассанж Британияда өзү полиция мекемесине келип, колго түшүп берди. Ал Швециянын соту тарабынан зордуктоо кылмышы боюнча күнөөлөнүп, ага карата эл аралык издөө жарыяланган болчу. Бирок 39 жаштагы Ассанж бул айыпты “АКШ бийлиги ойлоп чыгарган жөө жомок” деп эсептээрин билдирди.
Кыргызстанга тиешелүү жашыруун документтер, негизинен, 2005-2007-жылдарга таандык. Эмитеден эле АКШнын Мамдепартаменти жана Коргоо министрлиги “мындай маалыматтардын ачыкка чыгышы биздин кызыкчылыктарыбызга терс таасирин тийгизет” деп эскертти.
Маалымат үчүн: “Викиликс” сайты буга чейин Ирак жана Ооганстандагы АКШнын операциялары тууралуу жашыруун документтерди жарыялаган. Ал дүйнөлүк коомчулукта укмуштуудай талаш-тартыш толкунун жаратып келүүдө. Айтмакчы, “Викиликсте” “Манас” майданынан тышкары быйылкы жылдын апрель айындагы бийлик үчүн күрөш тууралуу да маалыматтар бар экендиги айтылды.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kagan
2010-12-15 15:17:23
Дуно коомчулугу эртеби кечби баары бир билмек....
0
№ 423, 10-16-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан