СУЛУУЛАР ПАРАДЫ

Наздуу, сулуу, кылыктанган кыргыз кыздары жигиттерди санаага салат, түн уйкусун алат, тайсалдатат. Эгер алар белгилүү болсочу? Мындай учурда “каяктан табам, кантип жагам, мен туура келемби?” деген бүдөмүк суроолор келет. Буга жооп кылып шоу-бизнес чөйрөсүндөгү сулуу да, эстүү да кыздардын табити менен таанышып көрдүк.

АЛТЫНАЙ ЖАЙНАКОВА ЧЕЧКИНДҮҮ ЧЫҢГЫЗ ХАНДАН СУНУШ КҮТӨТ

Туулган жылы – сыр тутат

Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району

Бою – 165 сантиметр

Салмагы – 50 килограмм

Жакшы көргөн гүлү – ромашка

Мүнөзү – жөнөкөй, шайыр

Материалдык байлыгы – Ош жана Бишкек шаарында эки бөлмөлүү батирлери, Тoyota Сamry 50 үлгүсүндөгү автоунаасы, жеке бизнеси бар.

Учурда – ишкер, ырчы

Алтынай Жайнакова жаркырап-жайнаганда жанынан жигиттер кыя өтпөсө керек. Сулуулугуна эле эмес, бул бийкечтин материалдык байлыгына да көз түшөт го, чиркин. Бирок даяр нерсеге барып жайланышып алам дегендер айланып өтө берсин, анткени “баарын мен үчүн чечип койсо” деген ырчы айым өзүнөн да күчтүү, беделдүү, чечкиндүү Чыңгыз ханынан сунуш күтүп жаткан чагы экен. Анткени быйыл бир башым эки болсо деп тилеп жатыптыр. Сары эмес, кара тору Чыңгыз хан болсоңуз сизде мүмкүнчүлүк жогору экенин да белгилеп өтөлү. Азыркынын Чыңгыз хандары бул бийкечти көбүнчө бизнес-тренингдерден издеп таба алышат.

АЙДИНА ТУРДАЛИЕВА БАШКАРУУЧУ ЭМЕС, БАШКАРЫЛУУЧУ БОЛГУСУ КЕЛЕТ

Туулган жылы – 2000-жыл

Туулган жери – Чүй облусу, Ысык-Ата району

Бою – 168 сантиметр

Салмагы – 43 килограмм

Жакшы көргөн гүлү – пион

Мүнөзү – шайыр, боорукер, эмоционалдуу

Учурда – Кыргыз экономика университетинин студенти, тиктокер

Материалдык байлыгы – өзүн өзү камсыздайт

Интернет жылдызыбыздын жигиттерге болгон талабы кандай болду экен деп кызыктым эле, “менин мүнөзүмө чыдай турганы керек” дейт. Инстаграм, Тиктокто көбүнчө жигиттердин образында жүргөн сулуу өзү да “дерзкая”, бат ачууланып, бат жазылат, беттегенин бербейт. Мындай адамга тизгинди берип койсоң жакшы башкарып кетет дечи, бирок ал башкаруучу болгусу келбейт, башкарылгысы келет экен. Демек, сөзү да, иши да Айдинага өтүмдүү, тыкан, бою узун, кара эти толук жигиттер бул жылдызыбыздын табитиндесиңер. Мындай жигиттердин алдында ал назик, кылыктанган, боорукер Айдина болуп өзгөрүп чыга келет. Бирок “Тиктокту мындай тартыш керек, Инстаграмга минтип жазыш керек” деп ишине кийлигиштиңиз дегиче “кара тизмеге” кирип каларыңызды эскертип коёлу. Учурда университетте билим алып жаткан тиктокердин актёрдук курстарда окуу, чет мамлекеттерди кыдыруу, машина алуу сыяктуу максаттары бар. Максаттарына жетүү үчүн көмөктөшүп мамиле түзүп алсаңыз эмнеге болбосун?

АЛТЫНАЙ БОТОЯРОВАГА ТИКТОК МЕНЕН ИНСТАГРАМДА ЖАШАГАНДАР ЖАКПАЙТ

Туулган жылы – 2004-жыл

Туулган жери – Бишкек шаары

Бою – 173 сантиметр

Салмагы – 50 килограмм

Жакшы көргөн гүлү – пион

Мүнөзү – жөнөкөй, боорукер, токтоо

Учурда – БААУнун алдындагы колледжде студент, модель

Жаштайынан сулуулар сынактарына катышып, 17 жашында “Кыргызстан сулуусу-2021” аталган Алтынай Ботояровага көз салып, сөз салып жүргөндөр четтен чыгат. Инстаграм баракчасындагы катталуучулардын 70 пайызы жигиттер болгону буга далил эмеспи. Бирок сулууга Тикток, Инстаграм сыяктуу социалдык тармактарда узун-туурасынан жайгашып "жашап алган" мырзалар жакпайт экен. Демек, жатып алып лайк басып, комментарий аркылуу комплименттерди жаадырып жүрөгүн багынтам десеңер жаңыласыңар. Андан көрө тыкан кийинип, пион гүлүн көтөрүп алып колледжден же үйүнүн алдынан күтүү оң. Анткени ал жөнөкөй, өзүн таза алып жүргөн, маданияттуу, тарбиялуу жигиттерди баалайт. Моделдин мүнөзү токтоо болгону менен, катылгандын катыгын берерин айтып коёлу, ачуусуна тийип алып алапайыңызды таппай жүрбөңүз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан