«ПАПИЛЛОМА – ТЕРИДЕ, БЫЛЖЫРДА ӨСҮП ЧЫКЧУ ӨСҮНДҮ, СӨӨЛ»

Жер шарындагы адамдардын 80 пайызы папиллома вирусун жугузуп алары аныкталган. Вирус жараткан рак оорусунан дүйнө боюнча 1 жылда 300 миңдей адам каза табат. Аталган вирус жыныстык жактан жугушу менен да коркунучтуу. Мына ушундай вирус жана анын зыяны кандай экендигин Улуттук онкология жана гематология борборунун онколог-дерматологу Алмаз Якубов айтып берди.

“ПАПИЛЛОМА ИЧИНЕ 27 ТҮРДҮҮ ВИРУСТУ КАМТЫЙТ"

– Адамдын папиллома вирусу – бул жалпы аталыш. Ал өз ичине 27 түрдүү вирусту жана алардын 170тен ашык тибин камтыйт. Вирус жараткан оору вирустун атынан папиллома деп аталат. Папиллома – теринин эпителий катмарында, органдардын былжыр челдеринде, атап айтсак, кекиртек, ооз, көз жана жыныс кыны, көтөн чучукта өсө турган өсүндүлөр. Алардын тамыры болбойт жана бутактанып өспөйт. Өлчөмү 1-2 сантиметрден ашпайт. Өсүндүлөрдүн ичинде аны пайда кылган вирус түрүнө жараша ракка өтпөй турган, өтүп кетүү коркунучу азыраак жана өтүп кетүү коркунучу жогорулар бар. Айрым түрү көбөйөт, жайылып өсө берет.

Вирус бир нерсенин бетине түшсө бир нече айга чейин өлбөй жашай турганы менен коркунучтуу. Дарт тукум кууйт. Андыктан тубаса папиллома менен төрөлүп калгандар бар.

Өсүндүлөрдү, башкача айтканда, папилломаны кыргыздар сөөл деп коюшат. Мең, кал папилломага кирбейт.

“ВИРУС ПАПИЛЛОМАСЫ БАР АДАМДАН ЖУГАТ”

– Вирусту жугузуучу болуп папилломасы бар адам эсептелет. Иммунитет күчтүү кезде ал вирусту өлтүрүп турат. Иммунитет төмөндөгөндө организм вирус менен күрөшө албай калат да, папиллома өсүп баштайт. Ал дененин каалаган жеринде өсүп калышы мүмкүн. Мисалы, манжа, таман, жаак, чыканак, сурма, колтук, жука чурай, жыныстык мүчө, тил, жатын моюнчасында.

Вирус жуккандан анын өсүп баштап билингенине чейин 7 аптадан 5 айга чейин убакыт өтүшү мүмкүн. Буттун манжаларында өскөндөрү бут кийим кийгенде кысылып, оорутат. Беттегилери өңдү бузат. Далыда өскөнү жышкыч менен жышынганда өйкөлөт, тытылат, канайт. Башта өскөнү чачты алдырганда же тараганда жаракатка кабыла берет.

Көп тердөө, күндүн зыяндуу нурлары, радиация, папилломанын чоңоюп жана көбөйүп кетишин шарттайт. Папиллома жараткан рак жатындын моюнчасында, жыныс кынында, жыныс кынынын оозунда, көтөн чучукта, ооздо, кекиртекте, жыныс мүчөдө кездешет.

Кичине балдардын иммунитети чоңдордукуна караганда бекем болгондуктан алардагы папиллома канча бир убактан кийин жок болуп кетиши ыктымал.

ТҮРЛӨРҮ

Жаңы өсүндүлөр өздөрүн пайда кылган вирустун түрүнө жараша бир нече түргө бөлүнөт:

  • Кадимки. Бети мүйүздөй болгон катуу өсүндүлөр. Бир нечеси жанаша өсүп калышы ыктымал. Оорутпайт жана кол-бутта кезигет.
  • Жалпак. Өңү адамдын денесинин өңүндөй болуп, бети жылмакай келет. Айрым учурда кычыштырат жана бир нерсе тийгенде оорутат.
  • Жип же була сымал. Көп өсчү жерлери – моюн, колтук, жука чурай, эмчектин тегереги. Катуу бир нерсе тийгенде оорутат.
  • Таман өсүндүлөрү. Таманда пайда болгон анча чоң эмес өсүндү, басканда оорутат.
  • Учу учтуу кондилома. Жука чурайда, жыныстык органдарда, көтөн чучукта көп кездешет.

    ВИРУС КАНДАЙ ЖОЛДОР МЕНЕН ЖУГАТ?

Папилломанын өскөн ордуна карата жугат:

  • Колдо болсо учурашуудан, кол кармашып басуудан
  • Эринде болсо өбүшүүдөн
  • Жука чурай, жыныстык мүчө, көтөн чучукта болсо жыныстык жактан кошулууда (оралдык, аналдык жактан да).
  • Аялдын жатын моюнчасында же жыныс кынында болсо төрөлүү учурунда балага жугат. Бала чоңойгон сайын ал да өсүп, чоңоюп отурат.
  • Өзүнө-өзү жуктуруу. Папилломаны кармалап, анан колун жуубай денесинин соо жагын кармаласа ал жакка вирусту жуктуруп, таратып алат.
  • Папилломасы бар адамдын буюмун колдонуудан, мисалы, сүлгүсүн, устарасын.
  • Коомдук жайлардан. Мисалы, бассейн, сауна, мончо, даараткана, спорт зал. Анткени нымдуу жайда вирус узакка өлбөй сакталат.
  • Теринин кесилген жана тытылган жери аркылуу кирип кетип, ошол жерде өсө баштайт.

    “КОНДИЛОМА ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН, КӨТӨН ЧУЧУКТУН РАГЫНА ЖЕТКИРЕТ”

– Кондилома жыныстык кошулуудан жуга тургандыгы менен айырмаланат. Папилломалардын ичинен эң коркунучтуусу дал ушул болуп эсептелет. Анткени ал жайылып отуруп жыныс органдарын, андан өтүп анустун (арткы тешиктин) айланасын каптай баштайт. Дарылабаса жыныс кынынын, жатын моюнчасынын, көтөн чучуктун ичине дейре жайылып кетет. Мындай болгондо вирус жатын моюнчасынын залалдуу же залалсыз рак оорусун пайда кылуусу мүмкүн. Кондиломаны короздун таажысына же капустага (брокколи) окшоштурушат.

ДАРЫЛОО ЫКМАЛАРЫ

Папилломаны жок кылууда колдонулуучу ыкмалар:

  • Лазер менен күйгүзүп жок кылуу
  • Криодеструкия. Бул суюк азот менен жок кылуу.
  • Электрокоагуляция. Электр бычагынын жардамы менен алып салуу
  • Хирургиялык. Атайын шаймандар менен кесип алып салуу

Өсүндүлөр билинер замат кичинесинде алдырып салыш керек. Папилломаны эч качан дарыгердин кеңешисиз өз алдынча жок кылууга болбойт. Себеби жок кылам деп отуруп, алардын санын көбөйтүп же чоң шишикке айлантып жана соо жерди кошо күйгүзүп алуу толук мүмкүн.

Папиллома көтөн чучуктун ичине чейин өсүп кетсе дааратканага барганда оорутат, канайт. Жыныс мүчөсүнө чыгып көбөйүп кеткендер заара кылуудан да заарканып башташат.

Жакында бизге 17 жаштагы бишкектик кыз келди, колтугунда тубаса папилломасы бар экен. Ата-энеси, өзү да врачка көрсөтүүдөн коркуп жүрө беришкен. Акырында колтугунда жайнап кетип, ачык кийим кие албай калганда келди. Анын үстүнө колдорун шилтеп басканда, жумуш кылганда оңтойсуздук жаратып, оорута баштаган экен. Операция жасап, баарын кесип алып салдык.

ВИРУСТУ ЖУГУЗУП АЛБОО ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР

Гигиеналык эрежелерди сактоо керек. Мисалы:

  • Бирөөнүн кийимин, бут кийимин кийбөө, башка буюмун колдонбоо. Бассейнге, мончого барганда жылаңайлак жүрбөй, өзүнүн бут кийимин кийүү.
  • Кондиломага кезиккенде толук дарыланып айыккыча жыныстык катнашты токтотуп туруу керек. Болбосо түгөйүнө ооруну жуктурат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан