Америкалык ырчы, рэпер DOJA CAT

Амала Ратна Зандиле Дламини ысымы менен чыкса, балким, азыркыдай дүйнө жүзүнө белгилүү боло алмак эмес. Балким, тескерисинче, мындай тил сына тургандай узун ат менен мындан да бийик тепкичтерди багынтмак. Айтор, учурда бул ысымдын ээсин көпчүлүк Дожа Кэт деп тааныйт. Америкалык ырчы, рэпер, композитор, дегеле өзгөчө инсан Дожа Кэттин жашоосундагы кызыктуу учурларды гезит бетинен окуңуз.

Аты-жөнү: Амала Ратна Зандиле Дламини

Туулган жери: АКШ, Калифорния

Туулган жылы: 1995-жыл, 21-октябрь

Бою: 165 сантиметр

Кесиби: рэпер, ырчы, продюсер,

Белгилүү ырлары: «So High», «Мооо!», «Candy», «Streets», «Juicy», «Say So», «Freak», «You Right», «Woman», «Kiss Me More» жана башка

Альбомдору: Amala (2018), Hot Pink (2019), Planet Her (2021)

ЭКСПЕРИМЕНТАТОР

Эгер Дожа Кэттин чыгармачылыгы менен тааныш эмес болсоңуз, бул макаланы окугандан кийин сөзсүз ырларын угуп, клиптерин көрүп коюңуз. Түркүн-түстүү образдар, чач жасалгалар, ачык макияж, өзгөчө костюмдар ырчынын экспериментатор экенин даана көрсөтөт. Кэттин бийлегенин көргөндө көз сүйүнүп “бах” деп отуруп каласыз. Жүзгө жакын ыр жазган айым жакында эле өткөн “Грэмми” сыйлык тапшыруу аземинде “Дуэт менен мыкты поп аткаруу” номинациясында жеңүүчү аталды. SZA менен биргеликте аткарган «Kiss Me More» ыры 2021-жылдагы абсолюттук хит чыгармалардын тизмесинен орун алганы талашсыз. Ал эми «Billboard Music Awards» сыйлык тапшыруу аземиндеги 14 номинацияга ат салышуу менен Кэт айымдар арасында биринчиликке чыкты десек болот. 14түн канчасы жеңиш алып келери май айында билинет. Анын ырлары 10 миллиарддан ашуун угуу, клиптери жүз миллиондогон көрүүлөргө ээ болот. Акыркы 4-5 жылда дүйнөлүк сахнаны багындырган Дожа Кэт атактуулукка чейин ким эле?

ДОЖА КЭТКЕ АЙЛАНУУ

Атасы Думисани Дламини Түштүк Африкадагы зулу уруусунан. АКШга билим алганы келип, үй-бүлө күтүп отурукташып калат. Жан дүйнөсү чыгармачылыкка жакын адам ыр чыгарып, актёрлук кесипти аркалаган. Дүйнөгө белгилүү роль аткарып, ыр чыгарбаса да кызынын чыгармачылык дүйнөгө аралашуусуна салым кошкон адам. Апасы Дебора Элизабет Сойер еврей улутунан. Сүрөтчү-декоратор, дизайнерлик кесиптин ээси. Экөө тең музыканы сүйгөндүктөн Амала менен агасын ээрчитип алып, белгилүү музыканттардын концерттерине көп барышчу. Бирок көп өтпөй ата-энеси ажырашып кетип, апасы кызын өзү бакты. Амаланын музыкага кызыгуусун байкап музыкалык мектептин фортепиано классына берген. Андан кийин кыз балет, чечётка бийлерин үйрөндү, джаз мектебинде да билим алды. Классикалык бийлерди бийлеп, ырларды угуп жүргөн Амала бир күнү агасынын достору менен көңүл ачып калат. Алар рэп айтып, брейк бийлеген балдар-кыздар эле. Жаш кыздын таасирленгени ушунчалык, үйүнө келгенде ошол учурдун түрдүү жаргон сөздөрүн кошуп апасына арнап ыр чыгарган. “Ошондо толкунданганым, ай. Апама калчылдап жатып ырымды окуп бергем. Аны ыр деп деле айтуу кыйын дечи, ошентсе да менин биринчи кадамым болду”,- деп эскерет ырчы айым. Рэп менен кошо брейк-дансты да өздөштүрүшү керек эле. Ошентип кыз классикадан көчө чыгармачылыгына өтүп кеткен. 16 жашта окууга болгон кызыгуусу жоголуп, апасы менен кер-мур айтыша берип тажаган кыз мектепти таштап салган. Чыгармачылыкка олуттуу киришүү үчүн кыска жана эсте каларлык ысым керек эле. Анан кыска-нуска Дожа Кэт аттуу кыз пайда болду.

“РАМАЯНА”, “МАХАБХАРАТА” ЭПОСТОРУН ИЗИЛДЕП ЧЫККАН

Европа атактуулары, анын ичинде америкалык ырчылар жеке жашоосун көп жашыра беришпейт эмеспи. Дожа Кэт, тескерисинче, сахна артындагы жашоосун бекем каткысы келгендердин катарына кирет. Анын инди-фанк артисти Жонни Юта менен кыска убакыт кыз-жигит болгону белгилүү. Андан башка жигиттердин же айрым батыш маалымат булактары жазгандай айымдардын аты ачыкка чыга элек.

Байкаганыңыздай эле Дожа Кэт активдүү жашоо образында. 165 сантиметр бою менен 55 килограмм салмакта жүргөн ырчы спорт менен жакшы дос. Бош убактысында бийик толкундар менен жарышып сёрфингге чыкканды жакшы көрөт. Андан сырткары көп учурда скейтборд тебет. Активдүү көз ирмемдерди жан дүйнөнүн тынчтыгына алмаштырчу да убактысы бар, ал учурда йога менен машыгат. Таенеси менен апасы байыркы элдердин маданияты, тарыхы кызыктарга бай болорун кичинесинен кулагына сиңирип чоңойтушкан. Өзгөчө япондордун тарыхына кызыгат. Байыркы Индия элинин санскрит тилинде жазылган “Рамаяна” жана “Махабхарата” эпосторун окуп, изилдеп чыккан. “Алдыда мен кызыккан улуттар, алардын тарыхы, маданияты жөнүндө чыгармаларды окуп, изилдөө иштери турат. Балким, чыгармачылыкты таштап, илим изилдөө жаатына өтүп кетем” дейт Кэт.

БАШКАЛАРДАН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Техника заманында төрөлгөн таланттуу жаштардын бактысын ачууга көмөкчү болгон интернет желесине ыраазычылык. Дожа Кэтти дүйнөгө тааныткан да интернет болду. Анын алгачкы элге тараган чыгармасы деп 2013-жылы чыккан «So High» ырын айтсак болот. “Ыр жазганды 8 жашымда эле баштагам. Бирок баары элге жайылып кеткен жок. Эсимде, интернетке жүктөгөндөн кийин кайра-кайра жаңылап телмирип тиктеп тургам. Кимдир бирөө “лайк” басабы деп. Биринчи лайкта жүрөгүм жарылып кете жаздаган, экинчи лайк коюлганда ыйлап жибердим, жакты белгисинин саны 20га жеткенде рэп меники экенин түшүнгөм” дейт Дожа. Андан кийин “Candy” ыры Тиктокто вирустук чыгармага айланды. “Мооо!” ырынын чыгышы менен анын ырлары бүт ааламды каптады. Кэттин популярдуу музыканттар Ники Минаж, Ариана Гранде, Рико Нэсти, Tyga, The Weeknd менен жаздырган дуэттери да музыкалык сыйлыктардын эң ирилерин багындырып келет. “Ырды кечке ойлонуп-толгонуп жазып отурган адамдарды көргөндө кыйналып кетем. Менимче, ыр капыстан, кыйнабастан жаралышы керек. Угарман дароо түшүнгөндөй жеңил болсо андан жакшы. Мен ыр жазганда алгач эң акыркы куплетти жазышым мүмкүн, же кайырма, же ырдын ортосундагы эки сап оюма келип кагазга түшүрүп коём. Убагы келгенде баары толукталат. Кайсы бир жанрга да токтолгум келбейт. R&B, хип-хоп, поп, рэп, джаз, блюз, рок айтор ырларымда музыканын бардык түрү бар. Балким, бул менин өзгөчөлүгүмдүр” дейт ырчы.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан