ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 18-апрелден 24-апрелге чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Бизнестеги өнөктөштөр менен талаш-тартышка түшүү сунушталбайт. Башка адамдардын жүрүм-турумуна таасир этүүгө аракет кылбаңыз, алар сизге каршы чогулткан компроматтарын ачыктаса аброюңуз түшүп калышы мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында айымдар зер буюмдарды же кооз модалуу кийимдерди сатып алса болот. Дем алыш күндөрү сүйүктүүңүз жакшы көргөн тамакты жасап кечки тамактанууга чакырсаңыз болот.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Тышкы жагдайлар же кандайдыр бир ичиңиздеги күмөн ойлор сизге эркин режимде иштөөгө жолтоо болот. Иммунитетиңиз төмөндөп, организмиңиз бардык вирустук инфекцияларга кабылышы мүмкүн. Андыктан жумушта өзүңүзгө ашыкча жүк жүктөбөй энергияңызды үнөмдөңүз, күнүңүздү жумуш менен кошо уктай тургандай кылып пландаштырыңыз. Апта ортосунда досторуңуз колдоо издеп сизге кайрылышы күтүлөт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эгиздер кызганычтын айынан сүйүктүүсү менен чырдашышы мүмкүн. Балким, түгөйүңүз сизге жетиштүү көңүл бурбагандай туюлуп жатат, бирок жыйынтык чыгарууга шашпаңыз. Аптада көбүрөөк акыл менен эмес, сезимдер менен жашаңыз, анткени алтынчы туюмуңуз сизди жолдо калтырбайт. Олуттуу жашоону өзгөртүүчү чечимдин босогосунда турсаңыз, жүрөгүңүз сизге эмне дейт, ошону угуңуз. Бул эң туура чечим болот.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү чечип, үй-жайды оңдоо боюнча тема көтөрөсүз. Мурун топтолгон жумуштарды аягына чыгарууга сизде шык пайда болот. Апта ортосунда көптөн бери кыялданып жүргөн каалоолоруңуздун бири орундалышы мүмкүн. Бул убакта сиз жаңы досторду, пикирлеш адамдарды таба аласыз. Виртуалдык таанышуу, ал адам менен жолугуу сизге кооптонуу жаратышы мүмкүн, сак болуңуз!


АРСТАН (23.07-23.08)

Мектепте, университетте же башка окуу жайларда окуган арстандар үчүн аптанын биринчи жарымы оор болот. Мугалимдер менен баарлашууда этият болуңуз, алар менен тирешүүдөн чоң көйгөй жаралышы мүмкүн. Иш сапарга чыгуу, достор менен саякаттоо, пикник өткөрүү сунушталбайт. Кошуналар, туугандар жана досторуңуз менен мамилеңиз начарлашы мүмкүн. Бул нерселерге жол бербөө үчүн бул убакты хоббиңиз менен жалгыз өткөрүңүз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Күнүмдүк турмушта пайдаланчу учтуу, кесип кетүүчү буюмдарды колдонууда этият болуңуз, жаракат алып калышыңыз мүмкүн. Аптанын негизги көйгөйү – каржылык кыйынчылык, муктаждыктарды канааттандыруу, накталай акчанын жетишсиздиги болот. Мунун айынан кыймылсыз мүлкүңүздү сатууга аракет кылышыңыз күтүлөт. Дем алыш күндөрү үйлөнүү үлпөт тоюн өткөргөн түгөйлөрдүн үй-бүлөлүк мамилелери узак убакытка чыдайт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Түгөйүңүз сизден жаңы иш баштаар алдында колдоо жана түшүнүүнү күтөт. Жакындарыңыз менен мамилеңиз чыңалып, түшүнбөстүктөр болушу күтүлөт. Жагдайды эмоцияга алдырбай, позитивдүү жагына чечкениңиз туура. Ооруп жүргөндөрдүн ден соолугу жакшырат. Жумушта кесиптештериңиз менен талашып-тартышууга барбай, көйгөй жаралса жоопкерчиликтүү жетекчи менен чечкениңиз оң. Эс алуу күндөрү балдарыңыз менен табият коюнунда эс алыңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптада өзүңүзгө анча жага бербеген жумуш кылышыңыз мүмкүн, мисалы, оорукчан жакыныңызды кароо, дарыкана кыдырып ага дары издөө өңдүү иштерди. Жаңы романтикалык мамиле түзүп жаткан чаяндар күтүүсүз чечимдерди кабыл алышы ыктымал, мисалы, сүйүктүүсүнүн колун сурап, тез арада той күнүн белгилеп салышы мүмкүн. Балалуу чаяндар алар менен көбүрөөк убакыт өткөргөнү туура. Дем алыш күндөрү жакшы кабар угуп сүйүнөсүз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Үй-бүлөлүк маселелерди чечүүгө ыңгайлуу апта, айрыкча каржы көйгөйүнө байланыштуу маселелердин баары жакшы жагына чечилет. Мектеп курагындагы балдары бар жаачылар алардын жүрүм-туруму үчүн тынчсыздануу башталат. Мугалим ата-энеге чалып эскертүү берүүсү мүмкүн. Жакындарыңыз сүйүктүүңүздү кабыл албай, ал тууралуу терс пикирлерин айтышы мүмкүн, жакшысы, сүйүктүүңүз менен жакындарыңызды тааныштырбай турганыңыз оң.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жумушта жана үй-бүлөдө чечилчү маселелер көп болуп, аны чечүүгө аптада жетишпей каласыз. Үстүңүзгө түшкөн жүктү тең бөлүштүрүңүз, сиз бардык маселени бир учурда бүтүргөнгө милдеттүү эмессиз. Тескерисинче, өзүңүзгө эс алганга да шарт түзүшүңүз керек. Сиздин көңүл бурууңузду талап кылган жакындарыңыздын суроосун туура түшүнүңүз. Бойдок текечер мырзалар сүйүүдө жолдуу болуп, кыялындагы селкини жолуктурат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптада “сүйүүдөн жек көрүүгө бир кадам” деген макал сизге ылайыктуу болот. Түгөйүңүздүн айрым кылык-жоруктары жакпай, сизди андан алыстатып жатса мамиледе тыныгуу алып турган оң. Аптанын экинчи жарымы үй-бүлөлүү суу куярларга тынчык жана бейпилдик алып келет. Жакыныңызга жан дүйнөңүздү ачып сырдашасыз. Таарынышып жүргөн досторуңуз менен мамилеңизди жөнгө салып жарашасыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Аптада каржы маселелериңизди чечүү менен алек болосуз. Бирөөдөн тез арада карызга алып үйдүн оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүп же тиричилик буюмун сатып алышыңыз мүмкүн. Үй-бүлөлүүлөр балдарын кошумча ийрим, сабактарга жаздырып, аларга белгилүү бир көлөмдө каржы коротушат. Чөйрөңүздү кеңейткиңиз келсе, жаңы таанышуулардан баш тартпай, коомдук жайларга барууга чакыруулардын баарына барыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан