Чолпон Мелисбекова, комузчу: “ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУП, ЕВРОПАГА КЕТЕМ”

Комуз чертип жатканда аспап менен кошо эргип, кошо күлүп, кошо ыйлап ийчүдөй өнөрүн тартуулаган комузчу Чолпон Мелисбекова бизде конокто. Ал акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, жашоосундагы айрым чечимдери тууралуу баяндап берди.

– Салам, Чолпон, жакында эле Түркия мамлекетин кыдырып өнөрүңдү тартуулап келдиң, сапарың тууралуу айтып берсең...

– Саламатсыздар, эл аралык "Түрксой" уюму жыл сайын Нооруз майрамына карата түрк тилдүү элдердин башын бириктирген иш-чараларды өткөрөт. Биздин “Акак” ансамбли көп жылдан бери өз салымын кошуп келет. Бул жылы да чакыруу алып, устатыбыз менен бирге 5 комузчу барып оркестр менен чогуу жогорку деңгээлдеги концерттерге катышып келдим. Бизден тышкары бийчилер, ырчылар барышты. Адатта Түркия мамлекетинде бир жума жүрүп, анан Европа мамлекеттеринде өнөрүбүздү тартуулачубуз. Бул жолу эки жума тең Түркиянын шаарларында болдук. Стамбул, Анкара, Бурса, Конья жана башка шаарларында концерт койдук. Бир күн жол жүрүп, эртеси концерт берип жаттык. Эсте кала тургандай жакшы күндөр өттү. Ар өлкөнүн таланттуу музыканттары келип өнөрүн тартуулашты. “Акак” ансамблиндегилер Мукаш Абдраев атындагы мектепти бүтүргөнбүз, профессионал музыкант болгонубуз үчүн дайыма бул иш-чарага катышып келебиз.

– Мукаш Абдраев атындагы мектепти бүткөндүн баарын прфессионал музыкант деп айта алабызбы?

– Музыканттын сапаты жогору экенин биз так ушундай иш-чаралардан билсек болот. Анткени концертке аз эле убакыт калганда нотаны алдыңа коюп “башка элдин музыкасын ойно” деген тапшырма болушу мүмкүн. Нотаны бир окуп эле тез жөндөп кете алыш керек. Буга чоң билим кажет. Мен үчүн бул ыйык мектеп, профессионал музыканттарды чыгарат. Мектепти бүтүп, өнөрүн андан ары алып кете алабы, ал ар бир адамдын өзүнөн көз каранды.

– 2022-жылы жашооңдун кыйынчылыктар менен башталганын постуңда жарыялап калдың...

– Былтыр ноябрь айында жолдошум чет өлкөгө кетүүсү керек болду. Жолдошум экөөбүздүн планыбызда башкача болчу. Кайын энем АКШнын жарандыгын алган, ошол жакта жашайт. Үй-бүлөбүз менен чет жакта иштеп жашап келели дечүбүз. Бирок мен окуумду бүтүп, балдар төрөлүп ал пландарыбыз ишке ашкан эмес. Кетели деп турганда АКШга эмес, жолдошума Европанын башка шаарынан жакшы бир сунуш түшүп калды. Макулдашып балдарыбызга паспорт алып, камынып калганда менин жолум болбой калды, мага виза чыкпай жатты. Жолдошума виза чыгып кетиши керек болду, мен аркасынан бармакмын. Жаңы жылда Казакстанда кагылышуу чыгып кетип, андан кийин Украинадагы согуш башталып, айтор, мага виза чыгышы кыйын болду. Элчиликтен жоопту үч ай күттүм, күтүп жатсам “визага уруксат жок” деген чечим чыгып калды. Үч күн тамак ичпей, бөлмөмдөн чыкпай стресс абалында калдым. Баш кошуп жашагандан бери 11 жыл болуптур, андан бери бир да жолу экөөбүз эки башка жакта жүрүп көргөн эмеспиз. Кайда барсак, эмне кылсак чогуу жүрчүбүз. Бомба түшүп кеткендей болду.

– Сага эмнеге виза чыкпай калды?

– Себеби белгисиз, консулдук чечет экен, ушундай чечим кабыл алыныптыр. Үй-бүлөбүз үчүн чоң сокку болду. Айла жок жатып алсам кайгым менен эч кимге жардам бербейм деп юристтер менен иш алып бара баштадым. Көп өтпөй Түркияга чакыруу түшүп калды, ишиме алаксып барып келдим.

– Жолдошуң Жоодардын ата-энеси АКШда жашайбы?

– Кайын энем ошол жакта, кайын атам Ысык-Көлдө жашайт. Экөөнүн эки башка үй-бүлөсү бар.

– Билишимче, сенин ата-энең да эки жолго түшүшкөн, Жоодар экөөңдү ушул нерсе да катуу байлап койгон болуш керек, анткени жолдошуң тууралуу айтканда көзүңдөн жашың тамчылайын деп турат...

– Туура айтасыз (жашын сүртүп). Биз экөөбүз тең толук эмес үй-бүлөнүн балдарыбыз, биз бири-бирибиз менен толукталдык. Ата-энебизден ала албаган мээримди, сүйүүнү бири-бирибизден алганбыз. Ата-эненин эки жакта болушу балага моралдык жактан оор, мен өзүм да интернатта окугам. Жолдошум экөөбүз тең бул канчалык кыйын экенин билебиз. Ушул нерсени балдарыбызга эч качан көрсөтпөйбүз деп аракет кылабыз. Азыр эки жакта болуп жатканыбыз экөөбүзгө тең аябай оор болуп жатат.

– Азыр көпчүлүк жубайлар ушундай абалда жашап жатышат го.

– Ооба, кимдир бирөө үчүн күлкүлүү окуя болушу мүмкүн, биз үчүн чоң сыноо болду. Аябай жакын болуп калган окшойбуз. 11 жылдын ичинде кеңешчим, досум, тирегим, айтор, баары жолдошум болуп калыптыр. Азыр абалды кабыл алдык, дагы деле жолдорун издеп жатабыз.

– Азыр балдарың менен жалгыз жашайсыңбы?

– Апам жанымда, бул нерсе аябай сүйүндүрөт. Мен жокто балдарым менен калат. Апам чоң колдоо көрсөтүп жатат.

– Кел, өнөр жолунан сөз кылалы. Комузчулукту кесип катары тандаганыңа өкүнбөйсүңбү?

– Өкүнбөйм. Комузумдун аркасы менен жер жүзүн кыдырып жүрөм, элге таанылдым. Кичине кезимде кыялым балерина болуу болчу. Бирок бийди же комузду тандаш керек болгондо жүрөгүм комузду тандап алган. Өкүнгөнүм – вокалдан сабак албаганым. Жаш кезде жүрөк курч болот эмеспи, ырдап кетесиң, азыр менде комплекстер бар. “Ырдап чыгалы” деген сунуштар болот, бирок кетенчиктей берем. Элге вокал жактан жүз пайыз ачыла албай жатам. Бирок бул жаатта жакшы максаттар бар.

– Комузчунун жан дүйнөсү кандай болот?

– Музыканттардын баарынын эле жан дүйнөсү башкача болот. Комуз чертип жаткан учурда транска кирип башка бир дүйнөгө туш болосуң. Бул кайфты сөз менен айтуу кыйын, сезиш керек.

– Тарыхта Ниязалы, Атай, Мураталы аталарыбыз айтылып келет, аялзатынан комузчу чыкпаган окшойт. Бул татаал өнөр болгондуктан болсо керек?

– Мен да укпаган экенмин. Залкар комузчулардын баары эркек болгон. Аялдардан комузчу катары көч башы болгон Самара Токтакунова болсо керек. Андан кийин Анара Эсенгулова эжекебиз бар, көптөгөн комузчу эжелер бар.

– Каалайбызбы, каалабайбызбы, жашоодо кыйынчылыктар болот, сен бул нерседен кантип чыгасың?

– Өтө эмоционалдуумун, тез ачууланып, тез таарынам. Өзүмдүн үстүмдөн аябай изденип, кээ бир сапаттарымды оңдошум керек деп аракет кылам. Мисалы, комуз чертип элге чыккандан кийин менин энергиям нөлгө түшүп калат. Сахнага чыккандан кийин эле ооруп жатып калам. Тун уулумда аябай кыйналып көтөрүп, кыйналып төрөп көп ооруларды пайда кылып алыптырмын. Ошол жылы 7-8 жолу ооруканага жатып чыккам. Кантип ден соолугумду чыңдайм деп изденип отуруп энергияны толтуруунун жолун эртең менен таңды тосуудан таптым. Таңды тосуп, бир чакырым басам, эки чакырым чуркайм. Муну кылганда ошол күнүм сөзсүз көтөрүңкү маанайда, жемиштүү бүтөт. Ден соолук болбосо кимге керексиң?

– Жолдошуңдун жанына кетип калсаң, анда чыгармачылыгыңды таштоого туура келет экен да?..

– Азыр чыгармачылыгымды токтотуп койгон жокмун. баш отум менен да кирише алган жокмун. Мен үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат. Жолдошум жанымда болбосо көңүлүмдү чыгармачылыкка коюп, толук, баш отум менен кирише албайт экенмин. Ошондуктан убактылуу чыгармачылыкты токтото турушум мүмкүн. Азыр виза алуу жолдорун издеп жатам. Бирок өнөрүмдү кайра улантам деп элиме убада берем. Себеби элдин мага болгон ишеничи бар. Элдин ишеними мага дайыма мотивация берип келет.

– Үй-бүлөң менен бактылуу бол. Маегиңе рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан