МЕКТЕПТЕ 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: КООМЧУЛУК ЭМНЕ ДЕЙТ?

Кыргызстанда билим берүү мекемелеринде мектеп окуучуларын 12-класска чейин окутуу, баланы 1-класска 7 жашынан эмес, 6 жашынан берүү, даярдоо класстарын жоюу демилгеси талкууга түштү. Бул талкуу коомчулукта эки ача пикирди жаратты. Айрымдар “алгач реформаны бир класста 40-50дөн окуган класстарды азайтуудан баштагыла” десе, кээ бирлери “туура кадам, эл аралык стандарт менен окушубуз керек” деп колдошууда. Макалада аталган маселенин күнгөй-тескейин иликтеп көрдүк.

Билим берүү министрлиги: “ЖАҢЫ ОКУУ ФОРМАТЫНА ӨТҮҮ – ЭЛ АРАЛЫК ТАЛАПКА ЖООП БЕРЕТ”

Билим берүү министрлиги Кыргызстандагы мектептер эмне себептен 12 жылдык окууга өтүшү керектигин төмөнкүчө түшүндүрдү:

– 12 жылдык мектеп – жалпы дүйнөлүк стандартка жооп берет. Дүйнөнүн 136 өлкөсү, мисалы, АКШ, Сингапур, Финляндия, Грузия, Казакстан балдарды дал ушундай ыкма менен окутат. Кыргызстанда окуган бала мектепти аяктагандан кийин чет өлкөдө окугусу келсе бул ыкма ыңгайлуу. Анткени мектепти аяктаган бүтүрүүчүнүн аттестатын чет мамлекетте таанууну жеңилдетет. Азыр болсо андай эмес, Кыргызстанда 11-классты бүткөн окуучу чет өлкөдө окугусу келсе Билим берүү министрлигинен атайын тастыктама кагазын алат же чет өлкөдө бир жыл кошумча окуйт.

•Мектепке чейинки даярдоо, башкача айтканда, 0-класс деген жоюлат, балдар 6 жашынан эле 1-класска барса, азыркы 11-классты бүткөндөй эле болуп калат.

•Министрлик мындай системге өтүүгө даяр. Анткени өлкө боюнча 4 миңге жакын мектепке чейинки даярдоо классы түзүлүп калган. Ага 5,5-6,5 жаштагы 107 миңдей бала барат. Бул 1-класска барган балдардын 70 пайыздан ашыгын түзөт.

•Мектепке 6 жаштан кабыл алуу бала бакчалардын жүгүн азайтат. Кичинекей балдар 2 жаштан бакчага баруусуна мүмкүнчүлүк болот.

•Окуу программалары азайып, 12 жылга бирдей бөлүштүрүү каралат. Бул нерсе балдардын ийримдерге, спорттук секцияларга, ар кандай курстарга убакыт бөлүүсүнө шарт түзөт.

•3 айлык же 6 айлык кесипке даярдоо курстарынан өтүп, кошумча кесипке ээ болуусуна убакыт болот. Эгер окуучу мектепти бүткөндөн кийин окубай эле иштөөнү пландаса, жардамы тиет.


Гапар Мадеминов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими: “БУЛ СИСТЕМГЕ РЕСУРС, КАДРЛАРДЫ ДАЯРДАП, АНАН ӨТҮШҮБҮЗ КЕРЕК”

– Талкууда көбүнчө баланын жаш курагынын чегинде талаш-тартыштар болуп жатат. Өзүм 47 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип, 25 жылдан бери ушул жаатта эксперимент жүргүзүп келем. 1-класстын балдарында окуу жөндөмү, социалдашуусунда өтө көп көйгөйлөр бар экенин билем. Ошон үчүн энелер мектебин ачып, энелер менен балдарды мектепке даярдоо иштерин жүргүзгөнбүз. Даярдоо классында балдар суроо берүү, ойлонуу, түшүнүү жөндөмдөрүнө ээ болуп, эң башкысы, айлана-чөйрө менен байланышып теңтуштары, мугалими менен тыгыз мамиле түзөт. Ошондон кийин билимди кабыл ала баштайт. Даярдоо классы жоюлуп, дароо балдар 1-класска барса ал балдарга даярдоо классында окугандай эле мамиле болот. Бул этап балдарды социалдык, психологиялык жактан чоң жашоого даярдоо. Биз каалайбызбы, жокпу, глобализация заманында дүйнөлүк процесстин талаптарына акырындан өтүүбүз керек. Бирок бул системге ресурстарды, кадрларды даярдап алып өтүү зарыл. Тарбияны, билимди жакшыртууга жардам берет деп ойлойм.

Жыргалбек Касаболот, талдоочу: “ОРТО БИЛИМДИ 10 ЖЫЛ, МИЛДЕТТҮҮ ОРТО БИЛИМДИ 8 ЖЫЛ МЕНЕН ЧЕКТЕШ КЕРЕК”

– Орто билимди 10 жыл, ал эми милдеттүү орто билимди 8 жыл менен чектеш керек. Мектептеги ашыкча окуу предметтеринин санын азайтып, бала кызыккан предметтерге басым жасалышы зарыл. Бардык предметтерди милдеттүү түрдө окута берсе балдар тажайт. Мектепти аяктагыча сабакты көргүсү келбей калат. Экинчиден, балдарды жашоого даярдоо зарыл. Адам менен мамиле түзүүнү, өзүн кантип башкарууну, үй оокатын жасоону билгени дурус. Колдон келсе, 1-2 жөнөкөй кесипке ээ болуп чыкса ого бетер жакшы. Жаран катары, адам катары баштапкы позициясы мектепте эле калыптанып калганы оң.

Үчүнчүдөн, мектеп программасындагы көп сабактарды жөнөкөйлөштүрүү зарыл. Мен тарых сабагы боюнча окуу китептерин карап көргөм. Балдар эмес, чоңдор араң түшүнөт. Балдар мектепти бүткүчө аскердик тарбия ала бергени оң. Эркек балдар кара күчтү көбүрөөк талап кылган эр уруш өнөрүн өздөштүрүп чыкса, кыздар өзүнө ылайыктуу кесипти үйрөнсө болот. Куралдын негизги түрлөрүн ар бир бүтүрүүчү билиши керек. Бул биздин жарандарды мобилизацияга даяр кылат жана эркти, ой жүгүртүүнү тарбиялоонун кошумча өбөлгөсү болот.

Жакшылык Матанов, жеке мектеп негиздөөчүсү: “12 КЛАСС ОКУУГА ШАРТ ЖАКШЫ ТҮЗҮЛСӨ КОЛДОЙБУЗ”

– Баланы 6 жаштан мектепке берүүнү колдойм. Анткени азыр көп эле ата-энелер балдарын мектепке чейинки даярдоо класстарына беришет, айрымдары өздөрү окутушат, репетитор жалдап окуткандар бар. Айтор, ата-эне үчүн бул өзүнчө баш оору. Ал эми Билим берүү министрлиги “баланы окутпай эле, 6 жаштан 1-класска бергиле, өзүбүз окутабыз” деп жатат. Бул ата-энелердин түйшүгүн жеңилдетсе керек. Окуучу мурун 17 жашында 11-классты бүтсө, азыр деле 17 жашында 12-классты бүтөт. Дагы бир маселе, 6 жаштагы баланы 1-класска алып келгенде сабак берүү форматы, базасы даяр болуусу керек. 1-класста 18 окуучудан көп эмес бала окуса жана анча балага аянты 50-60 чарчы метр класс каралса баланын социалдашуусуна, окуусуна жакшы мүмкүнчүлүк болмок. 12-класстын базасы менен чет өлкөгө окууга тапшыруу жеңил.

МЕКТЕПТЕ 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ МАКУЛСУЗБУ?

Азамат Шаршенов, режиссёр:

– Менин 6 жана 7 жаштагы уулум, кызым бар. Кызым мектепке барат. Аны мектепке алып барганда мектептеги 1-класстын балдарын көрүп боорум ооруйт. Аябай кичинекей, сумкалары өздөрүнөн чоң. Биз баланы окууга мажбурлап балалыгынан эрте ажыратпашыбыз керек. Оюнга, балалыкка тоюп, 7 жашынан мектепке барса деле билим алганга жетишет.

Ибраим Нуракун уулу, журналист:

– Бала 6 жаштан окушу үчүн горшогун мектепке көтөрө барышы керек.

Айыл мектептериндеги дааратканаларды 21-кылымдын талабына ылайыкташтыруу керек. Министр өзү айткан АКШ, Англия, Германияда дал ошондой. Англиялык сапатты көксөгөн менен, мектептин шарты Индияныкындай болсо мындай реформа ишке ашпайт.

Даткайым Бадаева, үй кожойкеси:

– Мен неберемди 5 жашынан 1-класска бергем. Кыйналбай окуп кетти. Бирок балдардын жөндөмдүүлүктөрү ар кандай. Айыл жериндеги ата-энелер балдарыбыздын 12 класс окуганына каршыбыз. Окуучулардын окууга кызыгуусу мурункудай эмес. Аларды 12 жыл сүйрөп окутпай, орто окуу билимди 10 жылга кыскартыш керек.

Тамара Аташова, мугалим:

– Баланы 6 жаштан 1-класска берүүгө каршымын. Бул куракта баланын акыл-эси толук калыптана элек болот. Билим алуусу үчүн балада кызыгууну ойготуу керек да. Жакшысы, балдар даярдоо классынан окуп келгени туура. Мектепте өзүн алып жүрүүнү, партада түз отурууну жана башканы билип калат. Окуткан мугалим да кыйналбайт.

Карамат Апазакова, үй кожойкеси:

– Бала 6 жашында 1-класска барганда жарытып окубайт. Класстарда ансыз да 40 окуучудан окуган балдар эми 60тан окуп калышабы? Андан көрө мектеп сабактарын жеңилдетүүнү ойлонушпайбы. 12 класс окутууга каршымын, 9-классты бүтүп эле Орусиялап кеткендер көп. Ата-энелерди кыйнабай окутууну 10 жылдык кылып салышсын.

Шайлообек Атазов, депутат:

– Билим берүү системин 12 жылдыкка өткөрүү туура эмес. Бул жаштардын убактысын алууга барабар. Бала 5-класстан кийин өзү кызыккан сабактарга көбүрөөк басым жасайт. Талантына жараша карайт. 12-класска чейин окутуу убакытты ысырап кылуу деп эсептейм. Бул сунуш акылга сыйбаган нерсе.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан