«КТО ТЫ, ДЕТКА?» БАЛАНЫ МЕКТЕПКЕ КАТТООДОГУ СЮРПРИЗДЕР

Гезиттин мурунку сандарында баланы 1-класска киргизүүдөгү электрондук каттоодо өзгөрүүлөр болгонун, бул программа өлкө боюнча ишке ашарын, 1-этап 11-апрелде саат 09:00дө башталып, 27-июнга чейин уланарын жазган элек. Мына ошол убакыт келип, 11-апрелде мектепке балдарды кабыл алуу үчүн электрондук каттоо системи ишке кирип, чу дегенде эле ата-энелер бир топ машакаттарга туш болушту. Ушул маселе тууралуу кеп кылабыз.

АВТОРДОН КЫСКАЧА...

– Мен дагы баламды 1-класска киргизүү үчүн алдын ала баламдын жеке идентификациялык номерин, керектүү документтеримди даярдап электрондук каттоо башталар күндү күтүп жаттым. 11-апрелде саат 09:00 болду дегиче электрондук каттоо системинин сайты иштебей калды. Телефондон да, компьютерден да сайтка кире албадык. Түштөн кийин сайты иштеди, бизге керектүү мектепти текшерейин деп баламдын жана өзүмдүн ИНН номеримди терсем “сиз бул баланын апасы эмессиз” дебеспи?! Бишкектин Ахунбаев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Калкты тейлөө борборуна барууга аргасыз болдум. Барсам, электрондук каттоодон чыккан көйгөйлөр менен келген ата-энелердин узун кезеги туруптур. “Оцифровка”, туугандык байланышы чыкпай келгендер, кош ПИН, аты-жөнү туура эмес, жашаган дареги чыкпай, айтор, баш аламандык. Кезек күткөндөрдүн көптүгүнө карабай ата-энелерди 1 гана оператор шашпай тейлеп жатты, камаарабайт. Бул калкка кызмат көрсөткөн мамлекеттик мекемелердин көбүндөгү көрүнүш негизи. Кезегим жетти, бирок мүчүлүштүктү ал борбордон оңдоого болбой турганын айтып, “№4 Калкты тейлөө борборуна барасыз” деди. Кайран убакыт...

Бул аралыкта ата-энелер Санариптик өнүктүрүү министрлигине, “Инфокомго” кайрылышып, Билим берүү жана илим министрлигинин алдына митингге да чыгууга үлгүрүштү. Ал эле эмес, системдеги катачылыктар, баланын ата-энесин көрсөтө турган пунктта “Кто ты, детка?” деген жазуунун чыгып калганы боюнча скриншот социалдык желеде тарады. Муну Билим берүү жана илим министрлиги “автоматтык котормодон кеткен катачылык” деп түшүндүрдү. Эртеси №4 калкты тейлөө борборуна бардым, баягы эле көрүнүш, узун кезек. Балам менен өзүмдүн туугандык байланышыбызды системге киргизүү үчүн эле 2 күн убара болдум. Эми мектепке электрондук каттоого киришиш керек, бирок азырынча коё турайын деп чечтим.

Кезек күткөн энелердин бири “сайттан сиз бул баланын апасы эмессиз” деген жазуу чыкса ДНК тапшырат окшойм деп ойлопмун” деп күлдү. Дагы бир эне “Калкты тейлөө борборунан көйгөйүмдү чечип бүткүчө микроучастогумдагы мектепте орун калбай калыптыр” деп кейиди.


Ата-эне менен баланын туугандык байланышынын массалык түрдө чыкпай калышы жооптуу органдардын шалаакы, кайдыгер мамилесинин жыйынтыгыбы? Андан тышкары электрондук каттоо системинин базасына даректер толук киргизилбей калганы, айрым мектептердин базадан чыкпай жатышы жана башка толгон-токой мүчүлүштүктөр ата-энелерди кыйнап, убарага салып жатат. Ата-энелердин пикирин угалы.

Нурия Карабаева, Бишкек шаарынын тургуну:

– Биз кызымды 1-класска киргизүү үчүн электрондук каттоого каттатууга 11-апрелде, эртең менен саат 9дан баштап аракет кылдык. Баланын ПИН номерин бир жыл мурун алганбыз, бирок систем ошол ПИНди улам туура эмес деп чыгарып салып жатты. Анан ПИН менен бала жана ата-эненин туугандык байланышы чыкпай койду. Ошонун айынан Калкты тейлөө борборунда кезекте турабыз. Бул жактан деле тиякка-биякка баргыла деп жатышат. Быйыл баланы мектепке киргизүү ата-энелерди убара кылып, энергиясын, убактысын алып жатат. Былтыр мектепке кызыбызды киргизгенбиз, мындай маселе болгон эмес.

Асел Кучкачева, Бишкек шаарынын тургуну:

– Катталууда системде 502 деген код менен ката берип жатты, бул сервердин катасы. Сайт иштегенден кийин каттоонун экинчи кадамында биринчи балам тууралуу маалыматтарды толтуруп, эгиз балдарым бар, “баланы кошуу” деген функцияны басканда эле “окуу жылынын башталышына карата бала 7 жашка толгон болушу керек” деп кабыл албай койду. Балдарым быйыл майда 6 жашка чыгышат, мыйзам боюнча, 6 жаштан балдар мектепке барууга укуктуу. Демек, системди туура эмес жасашкан. Баланын жашын көрсөтүүдө 1-сентябрга чейин бала 6-7 жашка чыгарын эсептеп чыга турган кылыш керек болчу. Муну эптеп оңдоттук. Эми башка көйгөй чыкты. Биз катталган жерибиз боюнча шаардагы №68 мектепке беришибиз керек. Бирок систем бизге №13 мектепти көрсөтүп жатат. Айтымдарында, бул эки мектептин микроучастогун бириктиришиптир, ушундан улам көйгөй чыгыптыр.

Мирбек Маматкасым, Ош шаарынын тургуну:

– Мен дароо эле нааразылык билдирүүдөн алысмын. Миңдеген адамдар бир убакта катталып баштаган үчүн системге күч келип, көтөрө албай калышы мүмкүн. Программисттердин ишин түшүнөм. Негизи, өкмөттүн мындай реформаларын колдойм.

Биз катталуунун 4-кадамына келгенде систем иштебей катып калды. Эми жашаган дарегимди таппай жатат. «Инфокомго» кайрылсам: «Даректин чыкпаганы – Билим берүү министрлигинин «Инфокомго» берген базасындагы катасынан болушу мүмкүн. Министрликке көйгөйүңүз жөнүндө кабарлайбыз, маселе чечилет»,- деп жооп беришти.

Мен Ош шаарындагы Ак-Тилек конушунда турам. Биздин жаныбыздагы №52 мектеп мыкты. Ошондуктан башка райондо жашаган балдарды ата-энелери ушул мектепке окутууга аракет кыла беришет. Натыйжада окуучу нормадан көп, мугалимдердин жумушу оорлойт, кошумча класстарды ачышат, кабинет жетпейт. Ал эми Жапалактагы Курманжан датка жана Төлөйкөн кичи районундагы Керме-Тоо мектебинде балдар өтө аз. Электрондук каттоо аркылуу бул көйгөй чечилип калар.

“БУЛ КӨЙГӨЙ КАГАЗ КҮБӨЛҮКТӨРДӨН ЖАРАЛДЫ”

Жогорудагы мүчүлүштүктөр боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын Инфраструктура маселелери боюнча директорунун орун басары Асел Кененбаевага байланыштык.

– Системдеги бир топ көйгөйлөр чечилди. Туугандык байланыштын чыкпай калганы боюнча маселенин себеби, мурда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр кагаз түрүндө гана берилип келген. Ал эми систем 2016-жылы толук кандуу автоматташтырылган. Мындан улам күбөлүктөр электрондоштурулбай калган дагы, азыр ата-эне менен баланын байланышы тууралуу маалымат чыкпай калууда. Муну чечүү үчүн ата-эне Калкты тейлөө борборлоруна барышы керек. Ал жактан кагаз түрүндөгү күбөлүк архивден алынып, маалыматтары системге киргизилип, автоматташтырылат. Ата-эне менен баланын байланышы тастыкталган соң маалымат базага киргизилет. Ушундан кийин бала бакчага жана мектепке кезекке тургузуу аракетин улантса болот.

Мектеп боюнча даректер чыкпай жаткан маселе каралып жатат. Ал даректер Билим берүү министрлигине берилип, алар кол менен системге даректери боюнча мектептерди бекитип жатышат. Булар бекитилгенден кийин системден чыгат. Эми 5 жаштагы, сентябрь айына чейин 6 жашка толо турган балдар да каттоодон өтө алышат. Мектепке катталса систем бала бакчага каттап салып жаткандыгы боюнча маселе дагы чечилди. Анан дагы бир балага 2-3 түрдүү маалыматтар чыгып калып жаткан, бул көйгөйлөр дагы каралып жатат.

Системди иштетүүнүн алдында мындай көйгөйлөр болушу мүмкүн делген, бирок массалык түрдө болуп кетет деп ойлогон эмеспиз. Азыр чыккан бардык маселелерди оперативдик түрдө чечип, ар бир ата-энеге жардам бергенге аракет кылып жатабыз.

PS: Бүгүнкү, 14-апрелге карата мектепке электрондук катталууда системдин иши толук калыбына келтириле элек.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан