БИР БҮРКҮМ. МИТИНГДЕРГЕ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ...

  • Казакстан 15-апрелден тарта унду жана дан эгиндерин экспорттоого чектөө киргизери айтылды.
  • Азамат Кадыралиев президенттин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Ош облусунун мурунку жетекчиси Жарасул Абдураимов “Кыргыз алтын” ишканасынын башчысы болуп дайындалды.
  • УКМКнын Чек ара кызматы: Кыргыз-Казак чек арасындагы өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.
  • Парламентте Бакыт Төрөбаевдин ордуна Абдыбахаб Боронбаев депутат болуп бекитилди.
  • Мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргыздын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалды.
  • Парламент депутаттары Билим берүү жана илим министрлиги жасап жаткан реформалар боюнча маалымат угууну талап кылышты.
  • Орусияда мекендештерин тоногон деп 2 Кыргыз жараны кармалды.
  • Башкы прокуратура: “Кадастр” ишканасынын кызматкерлери муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз жеке жактарга каттаган деп айыпталууда.
  • Бишкек мэриясы жолбун иттерди атууга, көчөдө өлүп калган ит, мышык, канаттууларды жыйнап тазалоого 2022-жылы 4 миллион 260 миң сом жумшайт.
  • 2021-жылы өлкөдө микрокредиттик уюмдар тарабынан 37 миллиард сом кредит берилгенин Улуттук статистика комитети билдирди.
  • 2022-жылдын 1-сентябрына чейин Бишкектин борборунда: «Ала-Тоо» аянтында, Ак үйдүн алдында, УКМКнын, Орусия элчилигинин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынды.
  • Өлкөдө акыркы айларда дары-дармектер 20 пайызга чейин кымбаттаганы айтылды.
  • Кыргыз жеринде 2022-жылдын январь-март айларында 17 608 жаран пенсияга чыкты.
  • «Манас» аэропорту: «Красноярск-Бишкек» жаңы аба каттамы ачылат.
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги жеке менчик медициналык борборлордун лицензиялык талаптарга ылайык келер-келбесин текшере баштады.
  • 9-Майга карата Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында парад болбойт, «Жеңиш» аянтында эскерүү митинги болору күтүлүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан