ПЕНСИЯЛЫК РЕФОРМА: СОЦФОНДДУН ДЕМИЛГЕСИ ТАЛКУУ ЖАРАТТЫ

Кыргызстандын Социалдык фонду пенсияга чыгууда минималдык эмгек тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес болушу керек деген талапты киргизгени жатат. Мындай сунуш 11-апрелде Бишкекте пенсиялык системди жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын реформалоо боюнча өткөн парламенттик угууда айтылды.

– Бизде азыр 1 жылдык эмгек тажрыйбасы менен пенсияга чыгууга мүмкүн. Минималдык пенсияга чыгып алышып, анан “300-400 сомго кантип жашайбыз?” деп нааразы болушат,- дейт Соцфонддун жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева.

Ошондой эле пенсияга чыгып, бирок мамлекеттик кызматта иштеп жаткандарга пенсиянын базалык бөлүгүн төлөө токтотулушу мүмкүн. “Алар же айлыкты, же пенсияны тандашы керек. Анткени бул эки төлөм тең мамлекеттик казынадан төлөнүп жатат” деди Жуматаева. Ушул эле талап пенсияга чыгып, бирок иштеп жаткан аскер кызматкерлерине да тийиштүү, аскер кызматкерлерине иштен кеткенден кийин гана пенсия төлөөнү сунуштайт Соцфонд. Коргоо министрлиги мындай демилге туура эмес экенин айтып чыкты жана Соцфонддун “жылуу-жумшак жерде иштеген” кызматкерлерин аскер кызматкерлеринин оор шартта кызмат өтөөсү менен таанышууга чакырды.

Бийик тоолуу шартта иштегендерге, көп балалуу энелерге 48 жаштан пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк берүү пландалууда. Аялдардын пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу да каралып жатканы айтылды.

– Улуттук статистикага таянсак, жыл сайын орточо жаш курак 3-4 айга өсүп жатат. 1990-жылдары орточо жаш курак башка эле, азыр башка,- деди Жуматаева.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, Кыргызстанда аялдар 58 жаштан, эркектер 63 жаштан пенсияга чыга алышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан