АКЫЛДУУ ҮЙ, ӨЗҮ ТЕРМЕЛҮҮЧҮ БЕШИК, КАМЫР ЖАЙГЫЧ... Ачылыш жасоого умтулган окуучулар

21-кылым технологиянын өнүккөн заманы. Жаштар кесип тандоодо технология тармагына басым жасай баштаганы да ушундан улам. Нарында 2 мектеп окуучусу улам бир буюм жасап, ушул тармакта изденүү үстүндө жүргөн чагы. Райондук, облустук сынактарга катышып, эмгектери көңүлдү бурууда. Андай сынактарды уюштуруу менен 9 жылдан бери алектенген Рыскүл Турдалиева менен балдарды кепке тарттык.

Рыскүл Турдалиева, мугалим: “БАЛДАР МЫКТЫ ИДЕЯЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРЫП ЖАТЫШАТ”

– “Алтын түйүн” академиясы өткөргөн “21-кылымдын интеллектуалдары” кароо сынагынын Нарын облусундагы координаторумун. Бул сынак райондук, облустук, эл аралык болуп 3 этапта бардык аймакта өтөт. Биз облустун деңгээлиндегисин уюштурабыз. Жакшы өтүшү үчүн демөөрчүлөрдү издейм, алар балдарга ар кандай кызыктыруучу белектерди алып беришет. Мунун максаты – балдарды кесипке багыттоо, техникага болгон кызыгуусун арттыруу. Жылдан жылга сынакка катышкан балдардын саны көбөйдү. Балдардын ой жүгүртүүлөрү өсүп жакшы моделдерди жасап, мыкты идеяларды ишке ашырып жатышат. Буларды сатып алууга кызыккандар болот. 9 жылдан бери балдарды сынакка алып барып жүрүп мен эмнени байкадым? Балдар сынакка барып келгенден кийин кадимкидей шыктанып, энергиялуу болуп калышат. Сынакка бир жолу катышкан бала кайра дагы сөзсүз катышууга келет. Облустан ар бир категория боюнча биринчи орунду алган балдарды Ысык-Көлдө боло турган эл аралык сынакка алып барам. Ушул сынактын негизинде бир окуучу былтыр Волгограддагы техникалык окуу жайга студент болду.

Ислам Талантбеков, окуучу: “АПАЛАРЫБЫЗГА ЖЕҢИЛДИК БОЛСУН ДЕП КАМЫР ЖАЙГЫЧ ЖАСАДЫМ”

– Мен Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы Сейдалы Медетов атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусумун. 7-классымда райондор аралык сынак болорун айтып, мугалим “бир нерсе жасагыла” дегенде проектор жасагам. Лампочканын ичине суу толтуруп, чакан коробканы лампочка чыккыдай көлөмдө тешип, коробканын ичине телефонду салсак, лампочка аркылуу телефондогу көрүнгөн нерсе дубалдан чагылат. Бир жолу моторго кошуп буудай калбырлагыч (буудайды чөп-чарлардан тазалоо), анын алдына желдеткич коюп сапыргыч жасап, облус аралык сынактан 2-орунду алдым. Бул жолу сынакка электр камыр жайгыч жасап бардым. Ага чейин толтура нерсе жасап көрдүм, окшошпой жатты. Камыр жайгыч жакшы иштеп кетти. Буга тактай, 12 вольт менен иштеген мотор, пластик түтүк, зым, подшипник, клеёнка керектелди. Моторго тегерек тактай бекитилди. Камырды коюп үбөлүк менен бастырып айлантканда эле камыр жайылып калат. Азыркы тапта үйдө бардык нерсе электрлештирилип калбадыбы. Кир жуугуч, үй тазалагыч, идиш жуугуч. Ал эми камыр жаюу күчтү талап кылат, ушул идеям ишке ашып кетсе, апаларыбызга жеңилдик болсун дедим. Муну коюп алып колуңду жоорутпай эле тынч отуруп камырды жайып койсоң болот. Азыр үйдө колдонуп жатабыз. Айылда электр жарыгы көп өчөт да, эми ток бөлүп чыгара турган нерсе жасоого аракет кылып жатам.

 


Урмат Алмазбеков, окуучу: “АЗЫРЫНЧА ЭМГЕКТЕРИМДИ САТУУ ТУУРАЛУУ ОЙЛОНО ЭЛЕКМИН”

– Мен Нарын шаарындагы Жапар Чолпонбаев атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусумун. Атам радио, телевизор, үй тиричилик, айтор, электроника буюмдарын оңдойт. Кичинекей кезимден бери эле дайыма атамдын жанында жасап жаткандарын карап отура берчүмүн. Аябай кызыкчумун, балким, бул шык атамдан өткөндүр. Мен дагы өзүмчө бир нерселерди жасай берчүмүн. 5-классымда агай “сынак болот, техника жасап келгиле” деген. Ошондон бери эле ар нерсе жасап сынакка катышып келе жатам. Сынакты уюштурган Рыскүл эже демөөрчүлөрдү таап бизди Бишкектеги сынактарга алып барат, жакшы мейманканаларга жаткырат. Анын мындай аракеттери бизге чоң мотивация берет.

Идея күнүмдүк турмуштан эле келип чыгат. Үйдөгү жумуштарды өзүм жасап жатканда эле ушуну жеңилдетиш керек экен деп ойлонуп калам. Кээде “мындай нерсе жасап көрбөйсүңбү” деп ата-энем дагы ойлорун айтышат. Керектелүүчү каражаттарды Бишкектен алдырам, айрымдарын интернет аркылуу Кытайдан буюртма берем. Чоң долбоорлорумду Кыргыз патентке алып барсамбы деген ойлорум бар. Генератор сыяктуу турмушка керектелүүчү нерселерди сатпайсыңбы деп келгендер бар. Бирок көңүлдөн чыккан нерсени сата албайт экенсиң. Азырынча жасап сатуу тууралуу ойлоно элекмин. Ал эми керек-жарагыма акчаны телевизор, ар кандай тиричилик техникаларын оңдоп табам. Окууну бүтсөм техникалык же IT-програмалоо жаатында билим алам деп эки вариантты ойлонуп турам. Акылдуу шаар, акылдуу үй, чөп майдалагыч аппарат, генератор, электр энергия өндүрүп чыгуучу аппарат, өзү термелүүчү бешик, урна жасадым. Акылдуу шаарды жөнөкөйлөтүп жасагам. Мисалы, аралык сайын камералар жана таблолор орнотулган болот. Алдыраакта болгон окуялар таблолорго чыгып турат. Аны атайын кызматкерлер камерадан карап “алдыда жол кырсыгы болду же бул көчө убактылуу жабылды” деп таблого чыгарып турушат. Бул унаа тыгынынын алдына алат.

– Акылдуу үй долбоорум менен жакында эле облустар аралык сынактан биринчи орунду алдым, эми эл аралык сынакка барам. Бул макетте интернеттин жардамы менен үйдү ар кандай аралыктан телефон менен башкарууга болот. Коопсуздуктар дагы каралган. Үйдө бир нерсе болсо телефонго белги берилет. Эл аралык сынакка чейин дагы өнүктүрүүгө аракет кылып жатам.

– Ө зү термелүүчү бешик толугу менен иштелип бүттү, колдонууга боло турган буюм. Буга баланы жаткызып иштетсек болот. Бешик 10 килограммга чейин салмакты көтөрүп термеле алат. Буга темир профилдер, кичинекей балдар отура турган машинанын мотору, 12 вольттук батарейка колдонулган. Бешик алдындагы темирдин жардамы менен моторго кошулган. Мотордун иштешин жөнгө салуучу тетикти басып бешикти терметип же токтото алабыз.

– Акылдуу урнага ультра үндүү датчик колдонулган. Урнага таштандыны салып келе жаткан кезде датчик аны көрөт, капкагы өзү ачылат, алыстаганда кайра жабылат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан