Акылай Давлетова, Түштүк Флорида университетинин студенти: “КЫЯЛЫМ – КЫРГЫЗСТАНДА УНИВЕРСИТЕТ АЧУУ”

Мекендешибиз 20 жаштагы Акылай Давлетова өзү окуган Түштүк Флорида университетинде эң мыкты 25 студент талапкердин катарына кирди. Учурда аталган окуу жайда ар өлкөдөн келген мыкты студенттерди тандоо туру добуш берүү аркылуу жүрүп жатат. Добуш берүүгө кыргызстандыктар да активдүү катышып, Акылайды алга сүрөп жаткан чагы. “Мекендештеримден мындай колдоону күткөн эмесмин, атаандаштарым мындайды көрүп кыргыздардын биримдигине таң калып жатышат” дейт Акылай. Бүгүнкү маекте жаш студент океандын ары жагындагы жашоосун, кыялын, окууга кантип тапшырып калганын жана азыркы жаштарга кеңешин айтып өттү.

– Кандай, Акылай? Маек башында алгач өзүңдү окурмандарыбызга тааныштырып кетсең?

– Мен 20 жаштамын. Ата-энем Жалал-Абаддан болот. Мен Бишкек шаарында төрөлүп-өстүм. Алгач “Сейтек” башталгыч классында, андан кийин “Айчүрөк” кыздар лицейинде билим алдым. Америкадан билим алуу кыялым секелек кезден бар эле. Бул кыялым мен 9-класста окуп жүргөндө орундалып баштады. Биздин лицей АКШнын Нью-Йорк шаарында “Genius” программасы үчүн окуучуларды чогултуп жаткан. Досторум бул программага тапшырганын билип, мен да кызыгып тапшырып койгом. Ата-энеме айтсам, алар “бул Американы көрүүгө жана ал жакта окуу үчүн сонун мүмкүнчүлүк” дешти.

Америкага 2017-жылы келдим, алгач келгенде “вау, мен чын эле Америкага келдимби?” деген ишенбестик болду. Эркиндиктин абасынан кере-кере дем алып, абдан таасирлендим. Бул жакта калып окууга болгон каалоом күчөдү. Студенттерден бир жылга окууга жөнөтүүчү алмашуу программасы тууралуу билдим. Ошентип мен бир жыл алмашуу программасы менен Висконсин штатында жашап калдым. Ал арада ата-энем менен АКШнын бардык штаттарындагы университеттерди изилдеп көрдүк. Аягында Тампа шаарындагы азыркы мен окуган Түштүк Флорида университетине токтолдук. Учурда аталган университетте 3-курста окуйм.

– Университетиңде мыкты студентти аныктоо боюнча добуш берүү жүрүп жатыптыр, бул сынакта мекендештериңдин колдоосун сезип жатасыңбы?

– Университеттин алдында 13 колледж бар, сынакты ошол колледждер уюштуруп жатышат. Сынактын максаты – 25 мыкты студентти тандоо, арасында мен да бармын. Ал тизмеге кирүү үчүн жакшы бааларга, кесиптик тажрыйбага ээ болушу керек. Ыктыярдуу иштерди көрсөтүп калыстарды мыкты студент экениңе ынандырышың керек. Ал эми мекендештердин колдоосу мен үчүн күтүүсүз болду, абдан таң калдым. Чынында элимден мынчалык колдоо табам деп ойлогон эмесмин. Атаандаштарым биринчи күндөгү добуш берүүнүн жыйынтыгын көрүп таң калышты. Жаштардын аракетине колдоо көрсөтүп жаткан элиме рахмат айткым келет. Бул мага болуп көрбөгөндөй мотивация болду. Азыр мен окуган университетте Кыргыз жергеси жөнүндө көп адамдар билип калышты. Атаандаштарымдын бири “кыргыздардын колдоосу күчтүү экен, мага добуш бергиле деп эч кимден сурангым да келбей калды” деп айтты. Буюрса, сынактын жыйынтыгы 21-апрелде белгилүү болот.

– Сен окуган университетте башка да кыргызстандык студенттер барбы?

– Мен окуган университетте 15 кыргыз студент окуйт, бул жакта өзбек, казак жана орус тилдүү студенттер көп. Учурда мен 3 америкалык студент менен чогуу жашайм. Мага англис тилдүү студенттер менен тил табышуу оңоюраак. Бразилиялык, гаитилик, франциялык, испаниялык, англиялык, япониялык, кореялык досторум бар. Мен жашаган Тампа шаарында батир табуу да кыйынчылык жаратпайт. Студенттердин жатаканасы делген 10 студенттик комплекс бар, эмерек, буюм-тайымдары менен. Эмерек алып убара болбойсуң, шарттары жакшы. Окуудан сырткары иштейм дегендерге да шарттар каралган. Бирок АКШнын жарандарына, грин-карта менен жүргөн студенттерге караганда бизге жумуш табуу кыйыныраак. Көп чет өлкөлүк студенттер университеттин кампусунда (жумуш менен камсыздоочу университет шаарчасы) иштешет. Бирок кампуста иштегиси келген студенттер көп, жумуш орун үчүн аракет кылганга туура келет. Кампуста аптасына 20 саат, каникулда 40 сааттан иштөө графиги каралган. Анткени жумуш студенттин окуусуна жолтоо болбошу керек. Өзүм учурда математика сабагы боюнча репетитор, турак жай жаатындагы компанияда ассистент болуп иштейм.

– АКШнын билим берүүдөгү өзгөчөлүктөрүн айтып берсең?

– АКШда сабактарды студенттер өздөрү тандашат. Милдеттүү түрдө окуй турган сабактар бар, албетте, аларды белгилүү убакытта окуп бүтүш керек. Биздин мектептердей география менен тарыхты 5 жылдан кем эмес окутушпайт. АКШда студентке каалаган сабагын тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө басым жасалат. Ал эми биздикилер окуучуну ар тараптан өнүктүргүсү келип, ал кызыкпаган нерсени деле окута бериши мүмкүн.

– АКШда жүргөндө кимди көп сагындың?

– Албетте, биринчи кезекте ата-энеңди сагынасың. Андан кийин жакындарыңды. Бир тууган иним мен окуган университетте окуйт, аны менен күндө көрүшөм. Беш эжем бар, төртөө чет өлкөдө жашашат. Бирөө Канадада, экөө Дубайда, дагы бирөө Москвада. Андыктан мен Кыргызстанга барганда деле бир туугандарымдын баары чогулуп кала алышпайт. Бирок лицейде чогуу окуган көп курбуларым АКШда окушат, алар менен көрүшүп турам. Буюрса, май айында Кыргызстанга барам деген планым бар.

– Эмне жөнүндө кыялданасың?

– Адамдын кызыкчылыктары, кыялдары да мезгил менен кошо өзгөрөт экен. Мен бир жыл мурунку Акылайдан азыр түп-тамырым менен айырмаланам. 2 жыл карантинде жатып пландарымды өзгөртүп, жашоомду кайра башынан карап чыкканга туура келди. Кыялым – “Goldman Sachs” аттуу банктарга инвестиция кылуучу компанияда жумушка орношуп тажрыйба алуу. Анткени мен ушул компаниянын бир программасына катышып, көп кызыктуу адамдар менен тааныштым, дүйнө боюнча көп өлкөлөрдө филиалдары бар. Иштеп аны менен кошо жер көрүп саякаттоо сонун эмеспи. Анан өз өлкөмдө бизнес ачуу боюнча идеяларым бар. Ошондой эле мекенимде университет ачууну кыялданам. Бул колумдан келеби же келбейби азырынча билбейм. АКШда окуп, эки башка штатта жашап калдым. Чет өлкөдө окууга баарынын мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Мен аларга Кыргызстандан ушундай тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк бергим келет. Азыр деле бул жакка биринчи жолу келген студенттерге кеңеш берем, көнүшүп кетүүсүнө жардам берем.

– Чет өлкөдөн окугусу келип суусап турган жаштарга кандай кеңеш айтат элең?

– Жаштарга айтарым – өзүңөргө ишенгиле. Жашоо көп мүмкүнчүлүктөрдү берет, коркуп кылбай отургандан көрө коркпой жасаш керек, ийгиликке жетпей калсаңар да өкүнбөйсүңөр. Анткени аракет кылдыңар. Өзүңөрдүн күчүңөрдөн эч качан шек санабагыла.

– Маегиңе чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан