КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Карлыгач Байыштан кабар алууга аркет кылып жатып убакыттын кеч болуп кеткенин байкабай калды. Качан гана балдарынын тарбиячысы телефон чала баштаганда такси менен шашыла жөнөдү. Канча шашпасын ал бала бакчага өтө кеч келди. Керели кечке иштен чарчап, үйүнө шашылып турган тарбиячы да Карлыгачты болушунча урушту.

– Эже, кечирип коюңузчу жумуштарым...- деп ыңгайсызданган Карлыгачтын сөзүнүн аягын укпастан тарбиячы аял бакырып коё берди.

– Менин дагы жумушум бар, үйдө мени дагы балдарым күтүп жатат. Балаңардын бакчада экенин унутуп калгыдай эмне болгон жумуш ал? Баласы бар киши ишти баласына карап пландайт да. Саат азыр канча болду, туура бир жарым саат кечиктиң. Эми бир жолу кечиксең балдарыңды эшикке чыгарып тургузуп коём,- сүйлөнгөн бойдон ичкери кирип кетти.

Карлыгач болгон жинин балдарынан чыгарып аларды жулкулдата кийинтип жатты. Үйүн көздөй таксиде келе жатып каалаган жагына каалаган маалда бара албасына, буту тушалуу экенине кыжалат боло үшкүрүнүп алды. Адатта үйүнө келери менен тамак жасаганга киришкен Карлыгач балдарына нан менен колбаса кесип берип коюп телефон тиктеп отуруп калды. Байыштын телефонуна чалат, дале өчүк. Аңгыча сырттан Марат келип калды. Балдары атасынын колундагы баштыкка жармашты. Карлыгач күйөөсүнүн келгенине анчейин көңүл бурбады.

– Эмне болгон сага?- үңүрөйүп отурган Карлыгачка карады.

– Чарчадым,- деп шылтоолоду. Бирок билинбеген менен Карлыгачтын күйөөсүнө болгон мамилеси күндөн күнгө сууп баратат.

– Эртең айылга чыгабыз, чарчап да жүрөсүң, жумушуңдан суран,- деди Марат. Мындан ары айылга барып оокат кылабыз деп айта албай койду эмнегедир. Айылга барсак ошол жактан айтам деп ойлоду.

– Айылга-а?- көздөрү чакчая түштү келиндин.

– Эмне чочуйсуң? Ансыз деле канча болду бара элегибизге? Апама неберелерин учураштыралы, өзүбүз да бир апта жанында жүрүп келели.

– Кайдан чыгардың айылды. Мен бошобойм, сурана дагы албайм.

– Эмнеге сурана албайсың? Антпей эле айылга баргым келбей жатат дебейсиңби?

– Шефибиз унаа менен сүзүшүп ооруканада жатат. Мен баарына жоопкерчилик алып, анан кетип калмак белем? Өзүң деле ойлосоң.

– Мен эртең барабыз деп апама айтып койдум. Кубанган бойдон калды. Кайра барбай калдык десем капа болот го.

– Эмнеге барбай калдык демек элең. Сен балдарды алып бара бер, мен кийинчерээк аркаңардан барып калам,- дей салды. Марат да анын сөзүнө муюп калды. Көп өтпөй Карлыгач балдарынын кийимдерин салыштыра баштады. Аларды эртеңден калбай айылга жөнөтүүгө чындап ынтызар болду. Келин ушунчалык эркин болууну самап жатты. Бир апта болсо дагы өзү менен өзү калгысы келди.

ххх

Айнаш шаардан балам келет деп таңдан бери күйпөлөктөп үйүн тазалап, короосун шыпырып, азыр боорсок жасап жаткан чагы. Анын үйүнөн түтүн чыгып, майдын жыты жыттана баштаганда кошунасы Шарипа басып келди.

– Ыя, Айнаш, түтөтүп эле жатасың, деги тынччылыкпы?

– Ой, бүгүн балдарым келе жатат, ошолордун келишине камынып жатам.

– Мына, сен барбай койсоң, өздөрү айылга келишет турбайбы.

– Келбей анан, Маратым эми айылга келебиз деп жатат. Мени шаарга жашатам деп канча аракет кылды? Абышкамдын үй-жайын кароосуз калтырып шаарына барбай эле койдум. Шаарыңдан демим кыстыгып кетет, айланайын. Андан көрө айтчы, тиги неберең эмне болду?

– Ий, Айнаш, анын эмнесин сурайсың?- Шарипанын көзүнөн жашы тегеренип кетти. Ошону кичинесинен көзүн карап бактым эле, эми Калдар экөөбүз тең сагынып отурабыз. Каралдым, эрмегибиз болчу ал.

– Тиги келин далактап карабай таштап кетип, эми эмне бала керек болуп калыптырбы же балаң менен жараша турган ою бар бекен?

– Ой, кайдагы ойду айтасың? Ал ажыраша элек жатып эрге тийип кетиптир. Эми кайдан келет?

– Апей, ботом, эмне дейт? Эрге тийип кеткени эмнеси. Эрге тийсе баланы эмне кылат, ботом.

– Ушул келин башыма балээ болду го. Келгени жан дүйнөмдө тынчтык болгон жок,- кемпир жашын сүртүп жатканда дарбаза ачылып, сырттан кирип келе жаткан Марат көрүндү. Айнаш колуна чыныдагы суусун көтөрүп дарбазаны көздөй басты. Уулунун, неберелеринин башынан суу айлантып жерге чачып, чыныны көмкөрүп койду. Тунжурап көптөн бери тынчтыкта турган үй бир заматта опур-топур боло түштү.

– Шарипа апа эмне чай ичпей кетип калды? Ыйлагандай дагы түрү бар...

– Ой, тиги небересин келини бербей жатат, ошону айтып ыйлады. Карыганда небере жакшы эрмек болот да. Анын үстүнө аны кичинесинен өзү бакты.

– Келини келген эмес беле баягы кеткен бойдон?

– Жок, ал турмушка чыгып кетиптир. Маанайыңарды бузбайын деп кетип калды. Кечинде Калдар экөөнү чакырып чай берем, сенин дагы базарлыгыңдан ооз тийишсин.

ххх

Тимур Айсараны үйүнө көчүрүп келип алганына бүгүн бир апта болот. Киши кызга ушунчалык кам көрүп, аны алаканына салып карап жатканы менен, кыздын эркиндиги ошончолук чектеле берди. Мурдакыдай клубдарга барып, күндө түндө келмек тургай, курбуларына дагы жолуга элек. Сыртка керек-жарагына эле жигиттер алып чыгып келбесе, калган учурда үйдө. Социалдык тармактарда дагы мурдагыдай активдүү болбой калды. Эч кимге баш ийбей өз каалаганын кылып жүргөн кыз Тимурга өзүнөн-өзү баш ийип берди. Азырынча баары Тимур каалагандай болуп жатат. Кызын Инстаграмдан көп көрбөй калган энеси “ооруп калган жоксуңбу, сүрөт видео күтсөм эле киргизбейсиң” деп телефон чалды. Кыз баары жакшы экенин, жөн гана социалдык тармактарга киргиси келбей калганын айтты. Телефонуна чалуу келсе эле Тимур ким экенин сурай берет.

– Ким экен?

– Апам...- деди кыз маанайы суз.

– Эмне уруштубу?

– Жо-ок. Апама эмне деп айтам. Ал мени окуп, кыйратып жүрөт деп ойлоп жатат да. "Окуган жокмун, өзүмдөн 20 жаш улуу бирөө менен жашап жатам" демек белем? Баары жакшы, окуум сонун дейм да. Болбосо окуудан качан эле чыгып калгам.

– Коркпочу, окуйм десең эртең эле кайра жандандырып коёбуз окууңду. Болбосо диплом сатып эле берип коём. Кайсы вариантын тандайсың,- Тимур кызды белинен имере өзүнө тартты.

– Экинчи, негизи окуган мага жакпайт деле, дипломду алып апама көрсөтүп койсом болду,- кыз жылмая.

– Болду анда сен айткандай болот,- кызды саамайынан жыттап койду.

ххх

Карлыгач балдарын айылга кетиргенден бери жумуштан кийин бошой түштү, ар күнү кеч курун бейтапканада жаткан Байышка тамак ташуу менен алек. Бүгүн күйөөсү, балдары келет деп турду эле. Мараттан "дагы 3-4 күнгө кала турган болуп калдык" дегенди угуп кубанды. Мурун 2-3 күндө балдарын сагынып кетчү, азыр эмнегедир сагынып, күтпөй эле. Анын оюнун жүздөн токсон пайызын акырындык менен Байыш ээлеп алды. Азыркы тапта ал балдарына эмес, ооруканада жаткан Байышка көбүрөөк санааркачу болду. Сезимдерин башкарууга күчү жетпей жаткан келиндин бул кадамдарынын аягы кандай болорун ойлонууга да күчү жетмек эмес. Эч нерсени ойлонбостон жөн гана жашай берүүнү чечти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан