Алина Турдумаматова, актриса: “АЛА КАЧУУ ТОКТОЙТ ДЕП ИШЕНЕМ”

Каарманым жакында Лос-Анжелеске барып, “Оскар” сыйлык тапшыруу аземине катышып келди. Ал “Оскар” сыйлыгына ат салышкан “Ала качуу” тасмасында башкы каармандын ролун ойногон. Мындан тышкары сиз бул актрисаны “Акыркы сабак” сериалынан да көргөнсүз. Сиздерге жаш актриса Алина Турдумаматованы тааныштырабыз.

– Алина, саламатсызбы? Жакында эле “Оскар” сыйлык тапшыруу аземине катыштыңыз. Ошондогу сезимдериңиз тууралуу сүйлөшпөйлүбү...

– Саламатсыздарбы? Чынын айтсам, түш көргөндөй эле болдум, азыр деле бул окуя түшүмдө болгондой сезиле берет. Бул аземге катышуу актёрлор үчүн аябай чоң окуя да, аябай кубандым, толкундандым. Башынан аягына чейин эле ишене алган жокмун. АКШга барып, 1 жума жүрүп, иш-чарага катышып келдим. Бул бир жума аябай кызыктуу өттү. Бардык нерсе мен үчүн жаңы, баары кызык, жагымдуу болду.

– Дүйнөлүк жылдыздар менен сүрөткө түшүп, сүйлөшкөнгө жетиштиңизби?

– Белгилүү актёрлор биринчи кабатта жүрүштү. Номинацияга көрсөтүлүп келгендер 2-кабатта, ал эми 3-кабатта атайын чакырылган коноктор жүрүштү. Биринчи кабатка эч кимди түшүргөн жок. Бирок биринчи кабаттан актёр, актрисалар экинчи кабатка чыгып сүрөткө түшүп, келгендер менен сүйлөшүп жүрүштү. Мен дайыма режиссёрдун жанында жүрүп, белгилүү актёрлор менен көп деле сүрөткө түшкөн жокмун.

– Иш-чарага “Ала качуу” тасмасында башкы ролду ойноп катышып калдыңыз. Тасмага кантип тартылып калдыңыз эле?

– Кастингден өткөм. Долбоор Швейцарияныкы. Режиссёр Мария Брендл ала качуу тууралуу угуп, Кыргызстанга келип аймактарды кыдырып, бул тууралуу маалымат топтоп, ала качылган аялдар менен сүйлөшүп, көрүп-билип кетиптир. 2018-жылдын башында кастинг өткөрүшкөн. Мен катышып, өтүп кеткем. 2019-жылы жайында “Биз Кыргызстанга барып, тасманы тарталы деп жатабыз, сизди башкы ролго көрүп жатабыз” деп жазып калышты. Келип тартышты, 2 жумада тартылып бүттү.

– Дебютуңуз экен, оор болдубу?

– Башында аябай корктум. Бирок мен ойлогондой оор болгон жок, баары жакшы өттү.

– Бул тасма менен режиссёр эмнени айткысы келген?

– Ала качуу абдан чоң социалдык маселе. Анткени ушул жоруктун айынан канча кыздардын жашоосу бузулду, канчалар каза болду, канчалар өз өмүрүнө кол салды. Биз коомго чыгып кеткен 1-2 окуяны гана билебиз да, көп окуялар айтылбай, билинбей калат. Ошондуктан бул туура эмес деп ойлойм. Мырза бир кызды жактырса, кызга ачык эле айтышы керек . Бул фильм менен режиссёр ушул маселени көтөрөйүн деген. Биз ала качуу менен кичинебизден таанышпыз да, биз үчүн анчалык чоң маселе болуп көрүнбөшү мүмкүн. Мисалы, менин туугандарымдын арасында деле ала качууга дуушар болгондор бар. Америка, Европада мындайды түшүнүшпөйт. Режиссёр муну дүйнө жүзүнө көрсөтөйүн деди. Фильмди көргөн кыргыздардын да, балким, ою өзгөрөт.

– Бул тууралуу америкалыктардын оюн да уксаңыз керек.

– Алар бизде ушундай бар экенине ишенишпейт, түшүнүшпөйт. Фильмди көргөндөр шок болушту. Америкада жашаган кыз менен сүйлөшүп калдым, айтып берсем, “сен алдап жатасың. Мындай нерсе бул жашоодо болбойт. Кантип болсун?” деп мага ишенген жок. Фильмдин тизерин көрсөтсөм, шок болду. Ал жакта адам укугу жакшы корголот да. Бизде да аялдардын укугу жакшы корголуп келе жатканын айттым, ал кыз “бул нерсе силерде жоголот” деп ишенүү менен айтты. Мен да аябай ишенем буга.

– Сизди “Акыркы сабак” сериалынан да көргөнбүз...

– Сериалда антагонист болуп ойногон Чыңгыз Калыбек уулу менин тайпалашым. Фильм Нарында тартылды да. Тартып жаткан кезде Кубанычтын аялынын ролуна кыз керек болуп калып, Чыңгыз мени сунуштаптыр. Кастинг директору видеочалуу аркылуу мага чалып сүйлөшүп көрүп, бул ролго мени жактырды.

Мен орус мектепте окуп, кыргызча билчү эмесмин. Кыргызчаны “Манас” университетинен үйрөндүм. Азыр деле кыргызчам жакшы эмес, сүйлөгөндө акцент бар, акцент сериалда байкалып турат. Бир аз оор болгону ошол болбосо, калганы жеңил эле болду.

“Акыркы сабак” коомдогу көйгөйдү алып чыккан, жакшы сабак берген сериал болду. Баарыбыз мектепте окудук, баарыбыздын башыбыздан рэкетчилик деген нерсе өттү. Сериал мектепте окуган кичинекей балдардын көз карашын өзгөртөт деп ойлойм.

– Баарыбыздын башыбыздан рэкетчилик өткөн дедиңиз...

– Биздин мектепте кыздар арасында жок болчу, бирок балдар келип акча сурашчу, “10-20 сом болсо берип тургулачы, братандар сындырып жатышат” деп.

– Бул сериал сизди элге тааныттыбы?

– Кээде көчөдө баратсам “сиз бир актрисага окшош экенсиз, сизди бир жактан көргөндөй болуп жатам” дешет. Андайда кантип жооп береримди билбейм, “бирөө менен адаштырып жатат окшойсуз” деп коём.

– Кесибиңизге байланыштуу алдыда кандай кыялдарыңыз бар?

– Кыргызстандын киноиндустриясына салым кошкум келет. Азыр Американын фильмдерин бардык жакта көрүшөт го, ошентип дүйнө жүзү кыргыз фильмдерин көрүп калышса экен дейм.

– Жакшы. Актриса болууну кичинеңизден эле кыялданчу белеңиз?

– Кичине кезимден көп ыр окуп, бийлеп, чыгармачыл адам болчумун. Бирок актриса болгум келерин түшүнчү эмесмин. Мен 7-класста окуп жатканда аталаш эжем “Манастын” актёрдук бөлүмүнө өтүп, окуп калды. Ал эжем менин кумирим болчу, ошого окшошкум келе берчү. Эжем мага “менин артымдан сен да ушул окуу жайдын актёрдук бөлүмүнө келбейсиңби” деген. Ошол күндөн тартып бул ой башымдан чыккан эмес. Өттүм, окудум, азыр иштеп жатам.

– Өзүңүз менен жакындан таанышсак...

– Мен 1998-жылы Бишкекте төрөлгөм. Атам Оштон, апам Чүйдөн болот. Атам аскер кызматкери, апам эсепчи, азыр экөө тең пенсияда. Өзүм Бишкектеги №58 мектепти бүтүргөм. Учурда актрисалыктан тышкары тил үйрөтүү борборунда администратор болуп иштейм.

– Жакында турмушка чыккан экенсиз...

– Ооба, жарым жыл болду. Жолдошум ишкер, менин кесибимди сыйлайт.

– Кайдан табышкансыздар?

– Ал аяш апамдын баласы, экөөбүз кичине кезибизден эле бири-бирибизди тааныйбыз. Байке деп жүрчүмүн. Бирок ал адам дагы мени жактырарын билген эмесмин. Кийин кандай болгонун өзүм деле түшүнбөй калдым, 2 жыл сүйлөшүп баш коштук.

– Сонун! Бактыңар арта берсин!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан