Артур Аманалиев, “Шамбала” тасмасында роль жараткан актёр: “КИНОГО ТАРТЫЛЫП ЖАТКАНДА ЫЙЛАЙ АЛБАЙ КЫЙНАЛДЫМ”

Легендарлуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде мыкты режиссёр Болот Шамшиев тарткан “Ак кеме” тасмасы ар бирибиздин эсибизде бар эмеспи. Мына ошол тасмага кайра бир өмүр тартуулаган режиссёр Артыкпай Сүйүндүков болду. Тасма “Шамбала” деп аталып, эл аралык фестивалдарда эң көп сыйлык алып жаткан кыргыз тасмасы болууда. Тасманын башкы каарманы Шамбаланын ролун жараткан Артур Аманалиев жана анын апасы Жайнагүл айым бизде конокто болушту.

– Салам, Артур, азыр 11 жашта экенсиң, тасмага тартылганда канча жашта элең?

– Саламатсызбы? Мен анда 7 жашта болчумун. Эки жыл тартылдык. Орто жерден коронавирус чыгып калып, тасманы элге көрсөтүү убактысы жылып кетти.

– Сен киного тартылам деп жатканыңда “Ак кеме” деген тасманы көрдүң беле?

– Башында чыгарма эмне тууралуу экенин билчү эмесмин. Кастинг болуп, мени бир топ баланын ичинен тандап алышканда апам мага бул чыгарма тууралуу айтып берген. “Мына, буюрса, сен ушул баладай болуп аткарасың” деп мага ал тасманы көрсөттү. Ошондо жакшы түшүнүп калдым.

– Кандай болуп кастингге катышып калдың?

– Негизи мен мектеп-интернатта окучумун, 1-классымда эле Азамат Арыков деген байке келип, мени “Тагдыр” деген тасмасына тарткан. Улан деген агайыбыз кастингге көп балдарды катыштырган, ичинен мени тандап алышкан. 1-классты бүткөндө ушул тасманын кастингине катышып көрсүн деп апама телефон чалып калышты. Барып, өтүп кеттим.

– Артур, кандай образды чыгарыш керек экенин түшүндүңбү?

– Ролум кыйналган бала болчу. Анын атасы жок, апасы да алыста болот. Ата-энесин сагынат, таенеси да аны кыйнай берет. Атасын издеп кеткиси келе берет, бир эле жакшы адам таятасы болот. Тасмадагы атым Шамбала, таене мени ошентип чакырат. Бала атасын күтүп эле жашай берет, сагынып ыйлай берет.

– Тартылып жатканда сен үчүн эмне кыйын болду?

– Ыйлаган кыйын болду, таштын үстүндө отуруп алып ыйлаш керек болчу, башка жерлеринде ыйлап жаткам, бирок ошол жерден ыйлай албай койдум. “Апаңды эсте” деп жатышып анан ыйладым. Апамды сагынып жаткам, карындашым эми эле төрөлгөн, ошону да сагынгам. Анан суунун ичине кирип жатканда бир аз корктум.

– Жакында "Satellite" сыйлыгынын "Жылдын жаңырыгы" наамын алдың. Бул сыйлык сага Лос-Анжелес шаарынан келди. Ал эми андан мурун ошол эле шаарга барган экенсиң, кандай таасир алдың?

– АКШ аябай чоң өлкө экен, 12 саат учтук. Биринчи жолу учакта учтум. Мага эң жакканы океан болду, негизи эле сууга түшкөн жагат. Ал жактагы кыргыздар менен жолуктук, баары мени куттукташып, 20 доллардан, 100 доллардан берип жатышты. Татьяна деген эже мага Айфон белек кылды. Анткени ошол жакта жүргөндө менин туулган күнүм болуп калган да, торт үйлөтүштү. Чоң паркка бардык, иши кылып жыргап 2 жарым ай ал жакта жүрүп келдим.

– Атактуу режиссёр Квентин Тарантино менен жолугушупсуң, аны таанычу белең?

– Жок, ага чейин таанычу эмесмин.

– Лос-Анжелестеги сыйлык тапшыруу аземинде слайдда англисче сүйлөгөнүңдү көрдүм, бул тилди билесиңби же жаттап айттыңбы?

– Жок, билбейм, жаттап айткам.

– “Ак кемеде” мурунку аткарган бала жакшы аткарыптырбы же сенби?

– Экөөбүз тең эле го (күлүп). Өзүңдү кинотеатрдан көрсөң башкача сезилет экен, биринчисинде башкача сезимдер болгон, кийинкисинде башкача.

– Тасмага тартылып жатканда баарынан сага эмне жакты?

– Курут жеген жакты (күлүп). Тоодо тартканбыз да, ал жакта сонун куруттарды жасашат экен. Каалаганымча чөнтөгүмө салып алып жеп жүрө берген жакчу. Эжелер “каның азаят, көп жебе” десе деле жей берчүмүн. Кыйналганым, сууга түшкөн учур болду. Мен анда кичине болчумун, азыр жакшы деле эстей албай жатам.

– Мектепте кандай окуйсуң?

– Мурун жалаң “4-5ке” окучумун, азыр “үчкө” түшүп калдым. Америкада жүрүп калбадымбы.

– Эми сунуш түшсө дагы тасмага тартыласыңбы?

– Ооба, тартылам.

– Сага ийгилик!

Жайнагүл Аманалы кызы, Артур Аманалиевдин апасы: “АРТУРДУН ЖАН ДҮЙНӨСҮ ШАМБАЛАГА ОКШОШ”

– Саламатсызбы? Артурду режиссёр тандап жатканда “көзүндө бир кайгысы бар бала экен, өзүнүн окуясы бар экен, ошол үчүн тандадым” деди эле, окуясын айтып бере аласызбы?

– Саламатчылык, Артур ошол тасмадагы баладай эле толук эмес үй-бүлөдөгү бала. Атасы экөөбүз ажырашып кеткенбиз, атага болгон кусалыгы бар. Артур 6 жашка чыкканда экинчи турмушумду курдум. Өзүнүн атасына жолукпайт. Анткени Артур төрөлгөнгө чейин эле эки башка жолго түшкөнбүз. Менин фамилиямды алган.

– “Шамбалага” тартылганынан да кабары жокпу?

– Билбейм, билсе билип жаткандыр.

– Азыр деле интернатта окуйбу?

– Жок, азыр өзүбүздүн жаныбызда. ММКларда туура эмес маалымат кетип, “балдар үйүндө тарбияланган экен” деп жатышыптыр. Кудай сактасын, андай эмес. Баламды таштаган эмесмин. 18 жашымда турмушка чыгып, 19 жашымда Артур төрөлгөн, бир топ азаптарды тарттым. Баары эле бир кылка болуп кетпейт да. Болгону экинчи турмушумду баштап жатканда жаңы атасы менен көнүшкөнчө деп убактылуу мектеп-интернатка берип турдум. Балам ары түртүлүп, бери түртүлүп калбасын деп ошондой кадамга барганга туура келди. Ошол жактан Азамат Арыковдун тасмасына тартылып, анан “Шамбалага” чакырылып калды. Ал тасмада балдар үйүнө апасы таштап кеткен баланын ролун аткарган. Ошондо аябай ыйлап аткарыптыр, ошондон улам көзгө түштү окшойт. Азыр баары жакшы, өзүбүз менен чогуу жашайт, эки карындашы бар. Жолдошум өз баласындай көрөт.

– “Шамбалага” тартылышына дароо эле макулдук бердиңизби?

– Ооба, баланын келечегин ойлодум. Негизгиси, жакшы аткарып кетет деп балама ишендим, анткени өзү тың бала. Режиссёр да ыраазы болгонун айтты, биринчи жолу “Шамбаланы” көргөндө башынан аягына чейин ыйлап отуруп көрдүм. Сыймыктанып же толкундандымбы билбейм, алдыңкы катарга да отуруп алыптырмын, шолоктоп басылбай ыйлагам.

Экинчи жолу көргөндө өзүмдү токтотуп жакшылап көрдүм, аябай ыраазы болдум. Жандуу аткарыптыр, ролго кире алыптыр, көп жеринде ыйлаптыр (күлүп). Өзү да ызакор бала да, дароо көзүнө жаш айлана түшөт. Мени тартып калыптыр, мен да ызакормун. Мен да ата мээримине куса болуп өскөм, тагдырлар кайталанат деген чын окшойт.

– Кыялдар да кайталанат деген сөз бар, сиз дагы киного тартылсам деп тилечү экенсиз...

– Ооба, ушул нерсени мен кыялданчумун, уулумдун тагдырына жазылыптыр. Чет өлкөгө кино менен барсам деп эле ойлоно берчү элем.

– Тилектер ишке ашат деген ушул, маегиңизге рахмат!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан