ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 25-апрелден 1-майга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада чарчаганыңызды сезбей иштейсиз. Ден соолугуңуз жакшырып, бул ишиңиздин алдыга жылышына себепчи болот. Тамакка табитиңиз ачылат, витаминдүү тамактан баш тартпаңыз. Убакыт сиздин жакындарыңызга болгон жоопкерчилигиңизди жана камкордугуңузду сынайт. Апта ортосунда демилгеңизге тоскоол болгон тышкы жагдайларга туш болушуңуз мүмкүн. Абройлуу жана күчтүү адам менен чырдашууңуз мүмкүн.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Апта башында сүйүү жаатында чечимдерди кабыл алууга аргасыз болосуз. Көптөн бери көз салып, сыртынан жактырып жүргөн адамыңызга сезимдериңизди билдиресиз. Мындай кубанычтуу окуядан улам сизден ашкан бактылуу адам болбойт. Иште уруш-талаштан качып, нервиңизди сактаңыз. Бул апта саякаттоо сапары үчүн ыңгайсыз, андыктан андай пландарыңыз болсо кийинкиге жылдырып турганыңыз оң.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жуманын башында ызы-чуу жана түйшүктүү жашоодон чарчап, бир аз эс алууну каалайсыз. Ички жан дүйнө тынчтыгы үчүн жакшы убакыт. Чөйрөдө болуп жаткан окуяларды кадимки көрүнүш катары кабыл алыңыз. Китептерди окуп, биле элек нерселериңизди билесиз. Романтикалык таанышууга туш болуп жолугушуулар олуттуу мамилеге айланып кетиши мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Баарлашуу үчүн жагымдуу мезгил, сизди пикникке же достук кечеге чакырышса баш тартпаңыз. Апта ортосунда түгөйүңүз менен мамилеңиз начарлашы мүмкүн. Курч көйгөйлүү маселелерди талкуулоону кийинкиге жылдырып турганыңыз оң. Анткени түгөйлөр эмоция үстүндө туура эмес чечим чыгарып алышы ыктымал. Сүйүктүүңүз менен келечегиңизди пландап, үй-бүлө куруу жөнүндө маселе көтөрүлөт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Алдыга максаттарды коюп, жигердүү аракет кылыңыз. Карьерада, ишкерликте ийгиликке жетүүгө ыңгайлуу мезгил болот. Туугандарыңыз, өзгөчө ата-энеңиз менен мамилеңиз жакшырат. Буга чейин таарынышып жүргөн адамдар менен жарашып, мамилени жөнгө саласыз. Ден соолугуңузга этият болуңуз, өнөкөт оорулар козголуусу мүмкүн. Ооруну өтүштүрүп албаш үчүн дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп койгонуңуз туура.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Олуттуу философиялык же моралдык маселелер кызыктырышы мүмкүн. Билимге жана окууга болгон каалоону сезесиз. Аптада капчыгыңызга сак болуңуз, чоң суммадагы акчаны жоготуп алуу коркунучу бар. Мамилесинде көйгөйү бар түгөйлөр аптада чогуу бир жакка барууну пландаштырбай турганы оң. Анткени жагымсыз окуялар болуп кетиши мүмкүн. Балдары барлар аларга көбүрөөк убакыт бөлгөнү туура.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Көптөн бери сизди түйшөлткөн маселелерди тактап, иликтөө үчүн кенен убакыт болот. Ири насыя алууга, каржы көйгөйүн чечүүгө мыкты шарт түзүлөт. Үйүңүзгө оюңуздагыдай буюм сатып аласыз. Аптада жакындарыңыз менен сүйүктүүңүздүн ортосунда чыр чыгышы мүмкүн. Үй-бүлөлүк чыр-чатакка аралашпоого аракет кылыңыз, күтө туруңуз, бир-эки күндөн кийин баары калыбына келет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Түгөйүңүз, сүйүктүүңүз, өнөктөшүңүз менен мамилеңизди бекемдей аласыз. Бул жеке жашоого эмес, жумушка да тиешелүү. Өзүңүздүн пикириңиз менен гана чектелбей, башкалар менен сүйлөшө, тил табыша билүү, компромисстерди издөө абдан маанилүү. Апта ортосунда нерв системиңиз алсырап, эмоцияны кармоо кыйындайт. Мындан улам жакындар менен чатакташып калууңуз мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Аптада ден соолукка көбүрөөк көңүл буруу сунушталат. Иммунитетти көтөрүүгө, көп кыймылдоого аракет кылсаңыз анча-мынча оорулар жоголуп кетиши мүмкүн. Үй-бүлөлүүлөр романтикалык мамилелердин курчуган мезгилине тушугат. Сүйүктүүңүз менен акча, белек сатып алуу темаларын талкуулабаганга аракет кылыңыз, олуттуу пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Апта аягында үйүңүздү иретке келтирип, оңдоп же жалпы тазалоо иштерин жүргүзөсүз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Чыгармачылыкка жана балдарга көбүрөөк кам көрүүгө ыңгайлуу апта болот. Өзүңүздөгү катылып жаткан таланттарды сыртка чыгарып, аны менен кошо педагогикалык жөндөмүңүздүн жаңы тарабын ача аласыз. Апта ортосунда өз алдынча бир нерсе кылып жибербеңиз, бардык нерсе макулдашуудан кийин жасалса жыйынтык жакшы болот. Апта аягында сүйгөн адамдарыңыз күтүлбөгөн жерден жагымдуу сюрприз жасап кубандырышат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Үйүңүз сиз үчүн чеп гана эмес, жайлуу уя. Сизде аны кандайдыр бир жол менен ыңгайлуу кылуу каалоосу пайда болот. Үй-бүлө мүчөлөрү менен үй жумуштарын жасоо сизге кубаныч тартуулайт. Шаар четинде дачаңыз болсо багбанчылык кылсаңыз да болот. Бейтааныш адамдар менен баарлашууда чек коюңуз, сизге жагымсыз маалыматтар жетип калышы мүмкүн. Балалуу суу куярлар балдарынын жүрүм-турумун, кылган иштерин мактай жүргөнү туура.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Балыктарды бул жума көптөгөн таанышуулар жана жолугушуулар күтөт. Көп көйгөйлөрүңүз оңой жана тез чечилет. Үй-бүлөлүк мамиледе түгөйүңүз менен түшүнүшүү, гармония орун алат. Жумуштагы каржы маселеси, достор менен болгон мамиле биринчи планга чыгышы мүмкүн. Маянаңыздын аздыгын айтып жетекчилик менен чыр-чатакка барбаңыз, балким, ал нерсе жетекчиден көз каранды эместир.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан