Мирлан Баеков, ырчы: “АПАМ ТИРҮҮ БОЛСО ЖАНЫМДАН ЧЫГАРМАК ЭМЕСМИН”

Ырчы Мирлан Баеков бүгүн апасы тууралуу сүйлөп берет. “Мен үчүн апамды эскерүү азыр да оор” деген ырчы көзүнө жаш алып, мукактанып жатып айтып берди. Маектен кийин да терезени телмире тиктеп бир топко ойлуу отурду...

“ЫРДАП ЭЛЕ ЖАН БАКПАСАҢ, БАШКА ЖУМУШ КЫЛА АЛБАЙСЫҢ”

- Апам жоош, жумшак, назик, боорукер, баарына кылдаттык менен мамиле кылган аял болчу. Айылдагылар да жакшы аял болчу деп мактап калышат. Ыр жандуу болчу. Отуруштарда комуз ойноп берем, ал ырдайт. Эшиктеги, үйдөгү жумуштарды бүтүргөндөн кийин “кел, Мишка, ырдабайлыбы, комуз ойнобойсуңбу” деп калчу. Үйдө көп ырдачубуз. Ырчылык мага апамдан, тай жагымдан өткөн. Ыр жандуу адамдардын баарынын жүрөгү назик, боорукер болушат деп ойлойм. Мен да жумшак, ыйлаакмын. Сүйүнсөм деле, күйүнсөм деле көзүмдөн жаш агып кетет. Апама жумшактыгым, сырткы келбетим окшош, тартипти катуу койгонум, жинимдин чукулдугу атама окшош. Атам бизди аскердегидей тарбиялачу, тизчү кадимкидей. Менден кийинки Тимур деген иним экөбүздү кышпы-жайбы, таңкы саат 5-6да тургузуп алып, огородду айлантып чуркатып, отжимания жасатчу. Өзү армияны көрүп келген да, бизди “силер барасыңарбы, барбайсыңарбы, ким билет, көрсөтүп коёюн” дечү. Чынында, иним экөөбүз тең кийин аскерге барган жокпуз. Апам болсо “балдарды кыйнабачы” деп аяп жүрчү. Атам жумушка кеткенде апам менен калабыз да, апамдын тилин уксак угабыз, укпасак жок, ойноп кетип калабыз, кыскасы, атабыз үйдө жокто жашоо “лафа” болчу. Атам келбей турса экен, дагы ойноп алсак экен дечүбүз. Апам баарына чыдайт, анан тентектигибиз чегинен ашып кеткенде бир бөлмөгө камап алып чыпылдаган чыбык менен сабачу (күлүп). Ошону менен 1 айдай тынч жүрөбүз да, кайра эле баягы жоруктарыбыз башталат.

Апам кайсы баласы эмнеге шыктуу, мүнөзү кандай, ошого жараша мамиле кылчу. Менин музыкага шыктуу болгонумду көрүп, аябай колдоду. “Сен ырдап эле жан бакпасаң, башка жумуш кыла албайсың” деп калчу. Үйдө жумушту чала кылчумун. Музыкадан башкага көңүлүм тартчу эмес, 7-8-класстарда окугум да келбей калган. Эптеп Бишкекке барып окуп, ырчы болсом деп эле ойлончумун. Тимур инимди апам көбүрөөк жакшы көрдү. “Ушул балам бизди багат” дечү. Ал аракетчил, көчөдөн бир нерсе тапса деле үйгө алып келе берген бала болчу. Чын эле ушундай болду. Тимурдун азыр жеке бизнеси бар, баарыбызга каралашат. Кимге акча керек болсо аянбайт. Күйүмдүү, боорукер адам. Апам билгендей эле айтыптыр.

“АПАМДЫН МЕН ҮЧҮН КЫЛГАНДАРЫН УНУТПАЙМ”

- Апамдын мен үчүн кылгандарын унутпайм, баары жүрөгүмдө, эстеген сайын ыйлагым келет. Көбүнчө атама айтпай аккордеон алып бергенин эстей берем. Анда мен 9-классты бүткөм. Союз тарап, айылда жумуш жок, атам да, апам да бош калды. 5 баланы багыш керек да, атам менен апам айылдагы үйдү сатып, ини-карындаштарымдын жарымын таенеме, жарымын өкүл аталарына таштап, мени жардам берет деп ээрчитип алып 3 айлык каникулда Бишкекке келишкен. Апам жүгөрү, буудай сатып “Ош базарда” иштеп калды, мен ага жардам берем. Бир күнү радиоузелден “аккордеон сатылат” дегенди угуп калдым, кулагыма сонун угулду. Чуркап барып саткан байке менен сүйлөшүп, кайра чуркап барып апама айтсам, “атаңа эмне деп жооп беребиз?” деп көнбөй жатып акыры көнүп, алып берди. Анан атам көрүп калбасын деп аны апам экөөбүз катып жүрүп айылга алып кеткенбиз, атам бул жакта калган. Ошондо унаа алгандай эле сүйүнгөм. Бөлмөгө камалып алып күзгүгө карап кечке ойной берчүмүн.

“ООРУП ЖАТСА ДА МЕКТЕПКЕ ЧОГУЛУШКА БАРГАН”

-Апам кийин ички органдарынан рак болуп калды. Таежелеримдин алып барбаган жери калган жок, медицина да, кыргызчылык да жардам берген жок. 6 жылдай ооруп, мен 11-класста кете берди, 40 гана жашта болчу. Кичүү карындашым анда 1-класста окуп жаткан. Эсимде, апамды ошол карындашымдын ата-энелер чогулушуна алып барганбыз. Ооруп жатканына карабай барам деп барган. Өзү аябай арыктап кеткен. Ал учурда бир аз басчу, акырында төшөккө жатып калды. Негизи эне гана балдарына ушунчалык күйөт экен. Апамды жоготкон күндү азыр деле ыйлабай эстей албайм (ыйлап). Ошентип үйдүн улуусу катары жоопкерчилик мага түштү. Канча акча тапсам, жарымын бир туугандарыма берип турчумун. Мен студент болуп жатаканада, алар атабыз менен батирде туруп калышты. Таежелерим “Дордойдо” акча алмаштыруучу жайда иштешчү, бир туугандарым аларга, жезделериме жардам берип жүрүштү. Ошентип алар ар кимдин тарбиясын алышты. Менден башкалары окубай калды. Азыр, Кудайга шүгүр, баары үйлүү, жайлуу. Инилеримдин алды 6 балалуу. Апамдын көзү тирүү болгондо азыр ар бир баласыныкына барып сый көрүп жүрбөйт беле. Баарыбыз “биздикине кел” деп талашмак болушубуз керек. Мен жанымдан чыгармак эмесмин. Неберелерин каралашмак...

Жакшылыктарда бир туугандар менен чогулуп калганда мен апамды жоктойм. Үйлөнгөнүмдө апамдын жогу аябай билинген. Апам жок кантип үйлөнөм дегем. Бирок, Кудайга шүгүр, таежелерибиз бар экен, жоктотпой, кудаларга барып, сүйлөшүп, тиешелүү ырымын кылышты. Баарыбыз турмуш курганда таежелерибиз жүрүштү. Биз аларга бир туугандай жакынбыз. 4 таежем бар, алар биздин апаларыбыз. Атам тараптагы туугандарыбыз менен катташа баштаганыбызга 10 жылдай эле убакыт болду.

“ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВДЕН КӨҢҮЛҮ КАЛГАН”

- Тайырбек Сарпашев биздин айылдык. Ал киши депутат болуп турганда апам “балам сонун ырдайт, баламды Бишкекке алпарып Тайыр менен тааныштырам, жардам бер дейм” деп айтып калчу. Бир жолу таежем экөө Жогорку Кеңешке барышыптыр, мен үчүн барса керек. Ал кезде ооруп жүргөн болчу, балким, өзү үчүн да жардам сурагысы келсе керек. Киргенде эле ал киши алдынан чыгыптыр. “Тайыр, кандайсың? Биз Торкенден болобуз” деп баштаганда эле, ал киши “ооба, азыр” деп кирип кетиптир. Ошондо апамдын андан үмүтү үзүлгөн. “Тайырга барам” деп көп айтчу да. Баламды колдоп койсо, ал ырдап чыкса, бизди карайт деген кыялдары болсо керек (ыйлап). Ал кыялдары ишке ашпай калды.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан