“ЭЛ ЖЕЙ ТУРГАН ТОКОЧТУ ӨКМӨТТҮН АРЫ ЖЫЛДЫРГАНЫ ТУУРА ЭМЕС”

2022-жылдын 11-апрелинде парламентте «Пенсия системин реформалоо жана 2023-2026-жылдарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун өнүгүүсү жөнүндө” концепциянын долбоору талкууланды. Анда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка көтөрүүнү, андан тышкары пенсияга чыгып иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде аскер кызматкерлерине пенсияны төлөбөөнү сунуштады. Ушул сунуштар элдин катуу талкуусуна түштү. Биз да талкууну улай, керектүү орган жана кызматкерлердин, атуулдардын ой-пикирин угуп көрдүк.

“МАМЛЕКЕТ САГА 1 ТЫЙЫН ДА КАРЫЗ ЭМЕС”

Жогорку Кеңештеги талкууда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева аялдар эркектерге салыштырмалуу узак жашаарын жана пенсияга эртерээк чыгарын, пенсионерлердин 70 пайызын түзөрүн айтып өттү. Мындан тышкары учурдагы систем боюнча аялдар 58, эркектер 63 жаштан пенсияга чыга тургандыгын, дүйнөдө аялдар менен эркектердин пенсия курагын теңдөө жүрүп жаткандыгын белгилеп, аялдар үчүн пенсия куракты 2 жылга узартып, аялдар 60, эркектер 63 жаштан чыга турган кылып өзгөртүүнү сунуштады. Аялдардын пенсияга чыгуу курагын 2 жылга көтөрүүдө болжол менен 500 миллион сом үнөмдөлөрү да айтылууда.

Социалдык фонддун белгилегенине караганда, жыл сайын пенсионерлердин саны 15-20 миңге чейин көбөйөт. Учурда өлкө боюнча 580 миңге жакын пенсионер бар.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бул жаатта оюн мындайча билдирди: “КМШ мамлекеттеринде пенсиялык реформа жүрүп жатат. Казынада акча жок, ошого пенсия курагын жылдырсак дешүүдө. Алгач жумушчу орундар түзүлүп, андан Социалдык фондго көбүрөөк акча түшсө бул маселе чыкмак эмес”.

Эскертсе кетсек, пенсия курагы боюнча мыйзамга 2008-жылы өзгөртүү киргизилип, аялдардын жашы 55тен 58ге, эркектердики 60тан 63кө көтөрүлгөн.

Элдин уу-дуу талкуусуна түшкөн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун сөзүнө келсек, ал элдин көбү, дыйкандар, базарда отургандар Соцфондго, ФОМСко да төлөмдөрдү төлөбөй тургандыгын айтып, “элге аларды төлөбөсөң пенсия деген кепилдик эмес. Жакыр болуп жашасаң жөлөк пул төлөнөт, ал эми мамлекет сага 1 тыйын да карыз эмес деп түшүндүрүүбүз” керек деп кошумчалаган.

“МЫЙЗАМ ДОЛБООРУНА КАРШЫМЫН”

Динара Ашимова, Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү:

– Бул мыйзам долбооруна макул эмесмин, каршымын. Аялдардын конституциялык укуктарынын сакталышын кубаттайм.

“ПЕНСИЯ ЖАШЫН КӨТӨРҮҮ – БУЛ АЯЛДАРДЫ ЭКСПЛУАТАЦИЯЛОО”

Зумрат Матмусаева, Араван районунун Жаңы-Жол айылынын тургуну, мугалим:

– Учурда пенсияга чыга турган аял, эркектер 1960-1966-жылдары туулгандар. СССР тараган 1990-жылдары иш жок, айлык акы аз болуп, бала-чака багуу максатында ушул муундагылар Орусия, Казакстанга барып бир нече жылдап иштеп, азап тартышып, өнөкөт ооруларды табышкан. Мен мугалим болуп иштесем да азыркыга чейин жумушумдан тышкары талаа иштери менен алектенем. Анткени мугалимдик айлык эч нерсеге жетпейт. Биздин курактагылардын уул-келиндери жумуш жоктугунан бала-чакасын ата-энесине таштап сыртта иштеп жүрүшөт. Андыктан небере да багабыз. Жумушчу орундарды түзбөй, эмгек акыны көтөрбөй туруп пенсия курагын көтөрүүнү мен аялдарды эксплуатациялоо, аялдарды басынтуу деп эсептейм.

“ЧИНОВНИКТЕРДИН АЙЛЫГЫН КЫСКАРТСА АКЧА ТАБЫЛАТ”

Жамалкан Тилекова, Таластын Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын тургуну:

– Айылда жумуш жок, бала-чаканы багуу үчүн кетмен, күрөк алып жер иштетебиз, мал багабыз. Ошентип ден соолуктан айрылып, темселеп эптеп 58ге жеткенде мамлекет бере турган токочун дагы 2 метр ары жылдырып койгону акылга сыйбайт. Шаардагыларды деле 50 жаштан кийин “курагыңар өтүп калган” деп эч жерде ишке албайт. Мамлекетти карызга энелер батырдыбы? Чиновниктердин санын, айлыгын кыскартса, жумуш орундарды түзүп иштегендерден салык алса, салык төлөөдөн качкандарды төлөтсө эле пенсияга акча табылат. Пенсиядагы аялдардын пенсиясы өздөрүнүн дары-дармегинен ашпайт.

АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ПЕНСИЯ ЖЕ АЙЛЫК ДЕГЕНГЕ КАРШЫ

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева ошол эле парламенттик угууда пенсиядагы аскер кызматкерлери иштеп айлык алып жаткан учурда пенсия төлөнбөй тургандай болуусу керек деген сунушун айтты. Ал “азыр 40-42 жашта пенсияга чыгышат. Пенсиясынын 50 пайызын алып, ишин улантышууда. Башка өлкөлөрдө андай эмес. Орусия менен Казакстанда пенсия кызматтан кеткенден кийин гана чегерилет” деди. Эскерте кетсек, пенсияга эрте чыгуу укугу милиция, прокуратура, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазаларды аткаруу кызматында иштегендерге да тийиштүү. Бизге жеткен маалыматка таянсак, өлкөдө пенсия алган аскер кызматкерлеринин саны 23 миң. Аларга жыл сайын республикалык бюджеттен 4 миллиард сом каралат. Аскер кызматчыларынын пенсиясы жөнүндө маселе биринчи жолу көтөрүлүп жатат жана аталган сунуш күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин нааразылыгын жаратты.

Коргоо министрлигинин ачык жарыялаган билдирүүсүндө: “Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамынын 80 пайызы татаал климаттык жана бийик тоолуу шарттарда кызмат кылат. Аскер кызматчыларынын пенсияга чыгуу мөөнөтү аскер кызматчысынын каалоосу менен эмес, Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик-укуктук актылары менен аныкталган. Кыргыз аскер кызматчыларынын кызматтык убактысы жумасына 60-80 саат, ал эми Социалдык фонддун кызматкерлери жумасына 40 саат иштешет, 2 күн дем алышат. Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын аскер кызматчыларынын пенсиялары биздин Ата Мекенди коргоочулардыкына караганда кыйла жогору. Мындан тышкары өздүк курамдын кээ бир бөлүктөрү дем алыш жана майрам күндөрүн дагы кызматта өткөрүшөт”,- деген сүйлөмдөр бар.

“МЫЙЗАМДАГЫ 55-БЕРЕНЕНИ БУЗГАНГА БОЛБОЙТ”

Абдыгул Чотбаев, генерал-полковник, Улуттук гвардиянын мурдагы жетекчиси, Ооган согушунун ардагери:

– “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесинде “пенсияларды төлөө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат” деп жазылып турат. Башкача айтканда, аскер кызматчыларына пенсия Социалдык фонддун каражатынан төлөнбөйт. 55-беренеде болсо “дайындалган пенсиялар пенсионер эмгек акы же башка киреше алгандыгына карабастан толугу менен төлөнөт” деп турат. Бул 55-беренени бузганга болбойт. Аскер кызматы коомдук пайдалуу жана мамлекет үчүн зарыл кызмат болуп эсептелет.

“ПЕНСИЯГА ЧЫГЫП ИШТӨӨ НЕГИЗИ СТИМУЛДАРДЫН БИРИ”

Таалайбек Мырзабаев, куралдуу күчтөрдүн ардагери, полковник:

– Мен 36 жыл кызмат кылып, 13 ирет кызмат которуп ар жакка көчтүм. Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери 24 саат даяр турушубуз керек, өзгөчө кырдаалдар учурунда күнбү-түнбү “тревога” көтөрүп, бизди алып кете берет. Кийинки жылдары көчүп барган жердеги батир акысын төлөп берип калышты. Мурун өз чөнтөгүбүздөн төлөчүбүз.

Орусияда иштеген аскер кызматкерлерине жарандык жана аскердик пенсия берилет. Бизде андай эмес. Пенсияга чыккан аскер кызматкерлери пенсиясын же айлыгын алсын деген туура эмес. Пенсия айлыкка тыгынчык болууда. Баарыбызга жер тилкеси же үй тийген эмес, бала-чакасын зорго багып жатканда пенсияларын алып коюу болбойт. Аскер кызматына баргандарды кызыктырган негизги стимулдардын бири ушул. Башкача айтканда, пенсияга чыккан соң иштеп айлык да алуу. Мындай артыкчылыктан ажыратуу аскер кызматына кызыккандардын санын азайтат.

“АСКЕР КЫЗМАТЧЫЛАРЫ ЖААТЫНДА СОЦФОНДДУН ПЛАНЫ ЖОК”

Бахтияр Алиев, Социалдык фонддун төрагасы:

– Аскер кызматчыларынын пенсиясына байланыштуу Социалдык фонддун эч кандай планы, долбоору жок. Талкуу жараткан маселе парламенттик угуу убагында айтылган анчейин расмий эмес гана ой-пикир. Социалдык фонд аскер кызматчыларынын пенсиясынын саясатын жүргүзбөйт жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатты гана таратып берет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан