БИР БҮРКҮМ. МИНИСТРГЕ СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАНДЫ...

  • Саламаттыкты сактоо министрлиги: Бишкекте уруксаты жок дары-дармек саткан 30 дарыкана аныкталды.
  • Султан Алыбаев Бишкектин “Тазалык” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Баткенде кургак учук борборунан качып чыккан 44 жаштагы бейтап каналга боюн таштап каза тапты.
  • Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде Министрлер кабинети саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыялады.
  • Алмазбек Атамбаев Молдовановкадагы абакка которулганы айтылды.
  • Депутат Кундузбек Кошалиев парламентте “министрлерге чалсак телефонду көтөрбөй жатышат” деп даттанды.
  • ӨКМ: Өлкөдө 20-апрелден 25-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.
  • Бишкек мэриясы борбор шаардагы гезит күркөлөрүнүн тышкы көрүнүшү жакшыртыларын билдирди.
  • Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев "быйыл былтыркыдай сугат суу тартыштыгы болбойт" деп билдирди.
  • Улуттук банк: 2022-жылдын январь-февраль айларында мигранттар Кыргызстанга 364 миллион 700 миң доллар которушту.
  • Коронавирус: 21-апрелге карата өлкөдөгү ооруканаларда 5 жаран дарыланып жатат, баарынын абалы оор экени айтылды.
  • ТИМ: Новосибирск облусундагы абакта 18 Кыргыз жараны бар.
  • Эрлан Жаманкулов Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды.
  • Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча кылмыш ишинин материалдары Ош ОИИБине өткөрүлдү.
  • Бишкекте 22-апрелде Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата масштабдуу китеп фестивалы өтөт.
  • Кыргызстанда креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча президенттин жарлыгы чыкты.
  • Парламент депутаттары "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдан талапкер жогорку билимге ээ болушу керек деген норманы алып салууну сунушташты, мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан