Садыр Жапаров: “АЗЕРБАЙЖАН МЕНЕН МАМИЛЕНИ СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНӨКТӨШТҮК ДЕҢГЭЭЛИНЕ КӨТӨРДҮК”

Президент Садыр Жапаров 19-20-апрелде расмий иш сапары менен Азербайжанда болду.

20-апрелде “Загульба” президенттик сарайында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушуп, сүйлөшүү жүргүздү. Жыйынтыгында 10 документке кол коюлду. Алардын эң маанилүүсү деп Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларация айтылып жатат.

– Бүгүн биз Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилени стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрдүк. Тиешелүү декларацияга жаңы эле кол койдук. Бул тарыхый мүнөздөгү маанилүү документ. Биз эл аралык аянтчаларда активдүү өз ара аракеттенүүнү, саясий диалогду бекемдөөнү, тыгыз экономикалык байланыштарды түзүүнү жана өнүктүрүүнү, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну, гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү көздөйбүз.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан терең өзгөрүүлөр бизге жаңы типтеги мамилелерди курууга, аларды гумандуу кылууга, ар-намыс сыяктуу түпкү түрк баалуулуктарын биринчи планга коюуга тарыхый мүмкүнчүлүк берет. Ал эми түрк мейкиндигиндеги бул жаңы мамилелер жаңы мезгилдин мамлекеттер аралык мамилелеринин үлгүсү болууга тийиш,- деди президент Садыр Жапаров.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан