ЖЕКЕ МЕНЧИК 12 МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖ ЖАБЫЛЫШЫ МҮМКҮН

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө талапка жооп бербеген 12 жеке менчик медициналык колледжди атады. Алар: Ош аймактык медициналык колледжи, Токтомаматов атындагы эл аралык медициналык колледж, "Авиценна Билим" медициналык колледжи, Пирогов атындагы медициналык колледж, "Уникум" кыргыз медициналык-социалдык колледжи, Ысык-Көл медицина жана стоматология колледжи, Кочкор-Ата облустук колледжи, ИСИТО медициналык колледжи, "Дулдул Тоо" Араван колледжи; Тентишев атындагы АзМИ медициналык колледжи, МУНИБ медициналык колледжи, Медицина жана фармация колледжи. Бул окуу жайларда студенттердин тажрыйбалык билим алуусуна шарт жок деп табылган.

Министрликтин алдындагы Адам ресурстары жана уюштуруу иштери башкармалыгынын жетекчисине тийиштүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигине кабарлама жиберүү тапшырмасы берилгени маалымдалды.

Айта кетсек, буга чейин студенттерге тийиштүү шарт түзүлгөнбү-жокпу деп бир катар медициналык окуу жайлар текшерилген. Парламент депутаттары министр Алымкадыр Бейшеналиевди мактай башташты. “Балп этип сүйлөп койгону менен, реалдуу өзгөрүүлөрдү жасап жатат” деди 21-апрелде депутат Нуржигит Кадырбеков.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан