ӨЛКӨДӨ БЕНЗИН 70 ТЫЙЫНГА АРЗАНДАДЫ

Өлкөдө АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 0,7 сомго, дизель майы 1 сом 1 тыйынга чейин арзандады. Мындай маалыматты 20-апрелде Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти.

Учурда республикада күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запасы экени, бул жагдай рынокто баанын турукташуусуна оң таасирин тийгизип жатканы айтылды.

– Күйүүчү-майлоочу майлар рыногу монополияга каршы органдын туруктуу көзөмөлүндө турат. Күйүүчү-майлоочу майларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча системалуу түрдө зарыл иштер жүргүзүлүүдө,- деп айтылат маалыматта.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан