АЛА КАЧУУГА ШЕКТЕЛИП 26 ЖАШТАГЫ ЖИГИТ КАРМАЛДЫ

Бишкекте кыз ала качууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалды. Биринчи Май РИИБинин маалыматына таянсак, ал 17-апрелде Бишкектин Коммунаров көчөсүндөгү тигүү цехтеринин биринин жанынан кызды ала качып кеткен деп шектелүүдө. Ал кыз менен чала тааныш болгону, жабырлануучу 22 жашта экени аныкталды.

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси – “Никеге туруу максатында адам уурдоо” боюнча кылмыш иши козголуп, жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалымдалды.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ала качууга күнөөлүү деп табылган жаран 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан