“АЛКЫМ БЕЗДЕРИН АЛДЫРЫП САЛСАК КИЙИН ЗЫЯНЫ ТИЙБЕЙБИ?”

Окурмандардан балдар ооруларына байланыштуу келген суроолорго педиатр, балдар хирургу, медицина илимдеринин доктору Камчыбек Узакбаев жооп берди.

– Балам 6 жашта. Өнөкөт тонзиллит дартынан жабыркайт. Муздак ичсе, катуу тердеп сыртта жүрүп калса деле оорусу кармай берет. Жакында дагы ооруганынан врачка алып барсак “тамак бездерин алдырып салсаңар болот” деди. Эгер алдырып салсак кийин ден соолугуна залалы тийбейби?

Нургүл, 43 жашта, Кант

– Адамдагы ар бир органдын өз милдети бар. Ооз көңдөйүндө алкым бездери (миндалиналар) коргоочу кызматты аткарат. Кабыл алган тамак-аш жана дем алган аба аркылуу организмге микробдордун кирип кетпөөсүн көзөмөлдөйт. Башкача айтканда, ал бездер иммундук орган. Андыктан аны алып салса баланын иммунитети жабыркап, кийин бала суукка, инфекциялык ооруларга бат-бат учурап, ооруй бериши мүмкүн. Андыктан алдырып салгандан көрө оорусунун бат-бат кармабашына, ооруганда толук дарылатууга кам көрүү туура. Сиз башка мыкты ЛОР врач таап балаңызды кайрадан текшертиңиз. Ал текшергенден кийин жыйынтыгын айтат, ошого жараша иш кыласыз.

“Жамбаштагы берчти кантип жок кылса болот?”

– Балам 1,5 жашта. Жаздын башталышында ооруп, ооруканага жаткызып дарылатканбыз. Ошондо жамбашына антибиотик укол сайышкан. Ошол жери чоң катуу берч болуп калган. Компресс жана башка ыкмалар жардам берген жок, башкача айтканда, кеткен жок. УЗИге тарттырсак ириң жок экен. Эми эмне кылсак болот?

Мунара, 34 жашта, Ош

– Балаңызды балдар хирургуна алып барып дагы бир ирет текшертиңиз. Хирург берчтин өлчөмүнө карап керектүү ыкмалардын бирин тандап сунуштайт. Алып айтсак, берч катуу жана чоң болсо аны хирургиялык жол менен алып салат же дары май сыйпап, ага кошо физио дарылоодон өткөрүүнү сунуштайт.

“Ичтеги баламдын эрини жырык экен...”

– Менин 20 апталык боюмда бар. УЗИге түшсөм “балаңдын эрини жырык (заячья губа) экен” дешти. Ошону уккандан бери нес абалда жүрөм. Медицина боюнча муну качан, кантип айыктырса болот?

Махабат, 36 жашта, Бишкек

– Мындан кабатыр болбоңуз. Балдарда мындай тубаса дарт көп кездешет. Балаңыз төрөлгөндөн кийин балдардын жаак-сөөк хирургуна кайрылыңыз, ал операция жасап айыктырып берет. Операциядан калган тырыктар акырындап билинбей калат.

“1,5 жаштагы кызымдын бөйрөгүндө таш бар экен”

– Жакында 1,5 жаштагы кызым ооруй бергенинен врачтардын текшерүүсүнөн өткөрсөк сол бөйрөгүндө кичинекей таш бар болуп чыкты. Врачтар таш тубаса болушу ыктымал дешти. Мен кеч турмушка чыгып, 38 жашымдан өтүп төрөгөм. Гинеколог врач D витаминин жазып берип, күнүгө 4 тамчыдан ич деген эле. Кызымдын бөйрөгүндөгү таш ошол витаминди ашыкча ичкенимден болгон жокпу деп шектенип жатам.

Бактыгүл, 40 жашта, Бишкек

– Сиз ичкен витаминден улам кызыңыздын бөйрөгүндө таштын болушу мүмкүн эмес. Бөйрөктөгү таштын пайда болушун көп себептер шарттайт. Аларга өтө ысык климат, булганыч суу, щёлочтуу минерал сууларын жана сүттү, дарыларды көп ичүү, туура эмес тамактануу, ички органдардын оорулары жана башкалар кирет. Инфекциялык оорулардан улам да жаралат деген божомолдор бар. Сиз кызыңызды нефролог врачка, ал жок болсо урологго кайра толук текшертиңиз. Жыйынтыгына карап дарылашат.

“3 жаштагы баламда геморрой барбы?”

– Балам 3 жашта. Ал заңдоо үчүн катуу ыйынганда көтөн чучугунун ооз жагындагы кан тамырлары көгөрүп көрүнөт. Ыйынбаса билинбейт. Өнөкөт ич катуу оорусу менен оорубайт. Күндө эле заңдайт. Суюктукту көп эле ичет. Эми эмне кылып дарылатабыз? Баламдыкы геморройбу?

Нургүл, 30 жашта, Кара-Балта

– Балаңызды педиатр менен балдар проктологунун текшерүүсүнөн өткөрүңүз. Проктолог көтөн чучуктун сырткы гана эмес, ички кан тамырларынын абалын да текшерет. Кан тамырлардын жооноюп кеткени же башкасы билинет. Анан ошого жараша дарылоо ыкмалары тандалып алынат. Негизи мындай учурда дары-дармектен тышкары диета, атайын гимнастика сунушталат.

“Суу чечек менен оорудум, ичимдеги балага зыяны канчалык?”

– Менин 2,5 айлык боюмда бар. Жакында эле суу чечек менен ооруп айыктым. Тааныштарым “дарттын балага зыяны чоң, боюңдагыны алдырып салышың керек. Майып төрөлүп калышы мүмкүн” дешүүдө. Муну угуп эмне кыларымды билбей башым катууда. Чоң кызым 4 жашта. Андан кийинки балам ичтен өлүп калган эле. Кеңеш айтыңыздарчы.

Эльвира, 32 жашта, Токмок

– Суу чечек вирустук жана терс таасири бар оору. 3 айга чейин ичтеги баланын негизги органдарынын жаралуу, калыптануу процесси жүрөт. Ушундай опурталдуу учурда оорупсуз. Ичтеги балаңызда органдардын калыптануу процесси 2,5 айга чейин болуп өтсө, анда балага зыяны тийбей калышы мүмкүн. Сиз УЗИден дагы текшерилип туруңуз, жыйынтыктарына жараша чечим кабыл алсаңыз болот.

“Ичи өткөнү басылбай жатат”

– Балам 9 айлык. Бат-бат эле ичи өтө берет. Муну эмне кылып калтырсак болот? Анткени улам дары бере берип алсыз да болуп баратат.

Жыпара, 31 жашта, Бишкек

– Балаңызды педиатр менен гастроэнтерологго көрсөтүп, текшертиңиз. Алар анализдерин тапшыртат. Заңынын анализинен ичегисинде кандай бактериялар, ферменттер бөлүнүп чыгып жатканы жана башкалары билинет. Балага көп же узакка, же өз алдынча туура эмес дары бергенден дисбактериоз оорусу жаралышы да толук мүмкүн. Анализдеринин жыйынтыгына карап врачтар дары-дармек жазып беришет. Ичегисинин иштеши калыпка келгенде ичи өткөнү басылат.

“Балама суу чечек жукса кантип дарылайм?”

– Саламатсызбы? Биздин коңшубуздун кичинекей балдары суу чечек (ветерянка) менен ооруп жатышат. Менин балама алардан жугуп калабы деп коркуп жатам. Жукса эмне кылып дарылашым керек?

Алина, 27 жашта, Бишкек

– Суу чечектин вирусу аба аркылуу жугат. Балаңыз ооруган балдар менен аралашса анда жугат. Вирустун жашыруун көбөйүү мезгили 7-21 күн. Оорунун белгилерине дене таптын көтөрүлүшү, шалдыроо, баштын оорушу, чыйрыгуу кирет. Алакан жана тамандан башка дененин бардык бөлүгүнө ичинде суюктук бар кычыштырган исиркектер чыгат. Оору белгилери билингенде баланы төшөккө жаткырып, “Тез жардам” чакыруу зарыл. Дене табы 1-2 күндөп азыраак көтөрүлсө, анда баланы үйдө караса болот. Мурун зелёнка сыйпашчу, азыр вируска каршы дары майлар сыйпалат. Мисалы, ацикловир, алпизарин, каламин, циндол. Керектүүсүн “Тез жардамдагы” педиатр врач жазып берет. Суу чечекте диета кармалат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан