"КЫРГЫЗСТАН - КООЗ КОРУК”

Бул жолу Кыргызстанды түрө кыдырып, анын табиятынын корголушуна, бүлүнгөнүн калыпка келтирүүгө, жок болуп бараткан жаныбар, канаттуулардын санынын көбөйүшүнө салым кошуп келе жаткан экоактивист «Эко-Мир» коомдук фондунун жетекчиси Гамал Сооронкуловдун өлкөбүздүн кооздугун чагылдырган сүрөттөрүнө орун бердик.


Гамал Сооронкулов, экоактивист: “ГЕОПАРКТАРДЫН САНЫН КӨБӨЙТҮҮБҮЗ ЗАРЫЛ”

– Дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөргө салыштырмалуу жаратылышыбыз кооз. Суу, көл, дарыя, токой, тоо, жаныбар, өсүмдүктөргө байбыз. Башка өлкөлөрдө кезикпеген эндемик өсүмдүктөр, жаныбарлар бар. Ушулардын баарын жалпы алып келгенде Кыргызстан өзү чоң корук болуп элестелет жана, менимче, келечекте ошондой статуска ээ болот. Башкача айтканда, бүт дүйнө “Кыргызстан – бүтүндөй Ала-Тоо коругу” деп айтканга жетишүүбүз зарыл.

Ооба, өлкөбүздө экологиялык чоң көйгөйлөр бар, аларды чечүүбүз зарыл. Табиятты сактап, бүлүнгөндөрдү калыпка келтирип кийинки муунга калтырып кетүүбүз керек.

Геопарктардын санын көбөйтүүбүз зарыл. Жакшы жаңылык – жакында Ысык-Көлдө “Тескей” геопаркы ачылганы турат. Баткен десе көптөр чөлдүү жерди элестетет, чынында ал жакта кооз, тарыхый жерлер бар. “Сары-Тоо” геопаркын түзсөк жакшы болмок.

Негизи эле 7 дубанда тең көздү суктанткан кооз, ошондой эле сырдуу, изилдөөнү талап кылган жерлер көп. “Жаратылыш – үйүбүз” дегенди жана анын маанисин, табиятты коргоону балдарга кичинесинен үйрөтүп тарбиялообуз керек.

Экотуризмди өнүктүрүп, пайда да таап, Кыргызстанды дүйнөгө даңазаласак эмне үчүн болбосун?..

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан