Кытайды багынткан уйгур кызы ДИЛЬРАБА ДИЛМУРАТ

Корей дорамалары менен катар Кытай тасмаларынын да күйөрмандары көп. Эгер сиз да алардын катарында болсоңуз, анда Дильраба Дилмуратты сөзсүз тааныйсыз. Анткени актриса акыркы жылдары кытай кинематографиясында эле эмес, мода дүйнөсүндө да суроо-талапка ээ айым. Аты-жөнү, жүзү кытай улутуна окшошпойт бекен? Оюңузда чындык бар. Анда эмесе Дильрабанын өмүр баянына көз чаптырыңыз.

Туулган жери: Кытай, Үрүмчү

Туулган жылы: 1992-жыл, 3-июнь

Жылдыз белгиси: эгиздер

Улуту: уйгур

Бою: 168 сантиметр

Салмагы: 47 килограмм

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок

Кесиби: актриса, модель, бийчи, алып баруучу. Фортепиано, скрипка, гитара чертет

Билими: Шанхай театралдык академиясы

Тартылган белгилүү сериалдары: “Бриллиант ойнош”, “Кыйын кыз”, “Түбөлүк сүйүү”, “Сен менин сыймыгымсың”, “Үч жашоо, үч дүйнө: Жеке күндөлүк”, “Көк шыбыр”, “Прокуратуранын элитасы” жана башка

ТикТок тиркемесинин аналогу болгон Douyin тиркемесинде Кытайдагы эң көп катталуучусу бар №2 адам. Катталуучуларынын саны – 56 миллион

2017-жылы дүйнө жүзүндөгү сулуу адамдарды тандаган америкалык TC Candler порталынын тандоосу боюнча ТОП-100дүн ичинен 26-орунга татыган. Ал эми Натали Портман, Кира Найтли, Марго Робби сындуу Голливуд жылдыздары Дильрабанын чаңында калышкан.

Кытайдагы эң ийгиликтүү жана суроо-талапка ээ актриса, моделдердин ТОП-10дугуна кирет.

МУЗЫКАГА СУГАРЫЛГАН БАЛАЛЫК

Эң сулуу уйгур кыздарынын ТОП-10дугунан орун алган Дильраба Дилмурат Кытайдагы Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарында жарык дүйнөгө келген. Азыр жарнамалык роликтерден, подиумдан, фотосессиялардан, түрдүү ток-шоу, тасмага тартылуудан колу бошобогон Дильрабаны чыгармачылык чөйрөгө атасы жетелеген. Атайын деле эмес, болгону атасы Үрүмчү шаардык ыр-бий ансамблинде солист эле. Кичинесинен атасын ээрчип жүргөн кыз шаан-шөкөткө жакын болуп чоңойгон. 5 жашында гитараны өздөштүрүп, кийин фортепиано менен скрипка черткенди үйрөндү. 9 жашында искусство мектебиндеги бий классына тапшырып, ал жакта 6 жыл билим алган. Бий боюнча көптөгөн сынактардан алган Ардак грамоталар, медалдар азыр да Дилмураттын сыйлуу текчесинен орун алган. Мектепти бүткөндөн кийин педагогика факультетине тапшырат. Бирок кесип тандоодо жаңылганын 1 жылдан кийин түшүнүп, окуусун таштап, Шанхай театралдык академиясынын эшигин каккан.

ПОДИУМ ЖЫЛДЫЗЫ

Актрисалык дебюту 2013-жылы “Анархан” сериалына тартылуу менен башталды. Кытайларга окшобогон жүзү, сулуулугу, таланты менен көзгө илинген кызга режиссёрлордон башка тасмаларга тартылуу сунуштары келе баштаган. Бирок калың элге жайылткан роль жок эле. Киного караганда моделдик карьерасы ийгиликтүү башталып, бир нече эл аралык сулуулар сынагында жеңүүчү да аталган. Ошондон бери Кытайдагы белгилүү фотомоделдердин катарына кирет. Ал эми актрисалык ийгилик 2015-жылы келди. Бул жылы Кытай эле эмес, ага коңшу жайгашкан өлкөлөргө да популярдуу болгон “Бриллиант ойнош” сериалы чыккан эле. Албетте, баш каармандардын бири катары Дильраба Дилмурат тандалган. Андан бери ондогон ролдорго, түрдүү жанрдагы тасмаларга тартылган актриса бир нече абройлуу кино сыйлыктарды алганга жетишти. Учурда ар бир үчүнчү кытай сериалына Дильраба тартылгандай сезим калтырат. Бирок актриса “башкаларга караганда азыраак сунуш түшөт. Менин жүзүм, көзү-башым башка кытай актрисалардан айырмаланып турат эмеспи. Режиссёрлор сунуш кыларда мага кандай роль жарашарын ойлонушат экен” дейт. Ким эмне деп ойлонбосун, Дильраба Дилмурат кытай кинолорунун дүйнөгө жайылышына аз эмес салым кошуп келет.

КАМЕРАДАН СЫРТКАРКЫ ЖАШООСУ

“Актрисалык карьерамды баштагандан бери мейманканаларда жашайм. Дайыма чемодан сүйрөгөн жашоого көнүп деле калдым. Үй алып, бир жерге отурукташсам дейм, бирок кайсы шаарда жашагым келерин чече элекмин” деген Дильрабанын мүнөзүн жалпы жонунан жөнөкөй десек жарашса керек. “Кийимдеримди жуу, тамак жаса, тиги жакка барып кел, иш графигимди түз” деп жумшай турган жардамчысы жок. Өзүнүн колунан келе турган нерсеге башка адамдарды жумшаса ыңгайсыз боло берерин айтат. Тасма тартуу аянтчасына такси чакыртып эле жетип алат. “Жүрөккө жакын алмай сапатымды жактырбайм. Мен тууралуу социалдык тармактарда жаман же калп сөз жазылса, кадимкидей депрессияга түшүп калам. Сезимталмын, башкаларга жакпай каламбы, туура эмес жасап салдымбы деп эле санааркай берем. Акыркы күндөрү психология илимине кызыгуум артып баратат. Ар бир адам өзүн баалаганды, сүйгөндү үйрөнгөндө гана башкалар да аны сыйлап каларын түшүндүм. Эми ошону өзүмдүн жашоомдо колдонушум керек” дейт. Назик, сезимтал көрүнгөн кызда күчтүү, эрктүү адамдын да сапаттары кездешет. Кичинесинен кара жумуштан корккон жок, модель, актриса болгонго чейин соода тармагында иштеди. Эң көп товар саткан кызматкер катары компаниясынан ыраазычылык баракчасын алганы да бар.

Мына ушундай кыйын кыз али бойдок. Кинодо чогуу роль аткарган кесиптештери Хуан Цзинь Юй жана Ян Ян менен түгөй кылган кептер тараганы менен, актриса бирин да ачыкка чыгарып чындык деген эмес. Жашоосунун романтикалык тарабын азырынча камерадан жакшы сактап келе жатат.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан