КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

Башы өткөн сандарда)

Айсара адатынча түшкө чейин уктады. Жаңыдан ойгонуп уйкусу жакшы ачыла электе эшиктин ачкыч менен ачылып жатканын укту. Тимур келсе керек деп маани деле берген эмес. Бир аял так кыз жаткан бөлмөгө кирип келди, көзүнө жылуу учурай түштү. Жуурканды бооруна кармап, көздөрү алайып аялды карап туруп калды. Маңдайында турган аялдан коркту, бирок ал кыздын жанына жакын келген жок. Чылымын алып чыгып түтөтө терезе тарапка басты. “Макоолугумду кара, ушул убакытка чейин Тимурдун аялы, баласы тууралуу ойлонбогонумду. Бул, кыязы, аялы, мени эмне кылып жиберер экен?” деп ойлонгон кыз селейген боюнча баштагы калыбында катып тура берди. Мындай кыздын далайын көргөн аял бул кызга анча деле ачууланган жок. Тескерисинче, маңдайында алайып коркуп турган жаш кызга боору ооруп кетти.

– Ооба, мен Тимурдун расмий никедеги аялымын, бирок коркпо, сенин бетиңди тытып, алдагы кебетең менен эшикке кууп чыкпайм. Атың ким?- аял көзүн жума чылымдын түтүнүн ырахаттануу менен үйлөдү.

– Аа... Айсара,- деди кыз акырын үн чыгарып.

– Демек, Айсара деген сенсиң? Чырактай болгон жапжаш кыз экенсиң, жыргап жаштыктын доорун сүрүп, башкача жашоодо жашасаң, жаш жигиттер менен мамиле курсаң болбойт беле? Акча, акча керек да, ээ, сага дагы? Ооба, акча сонун, бирок акча жашоонун сонун даамдарын супсак кылып коёт. Азыр сен сонун жашоонун даамын татып жатам деп ойлоп жатасыңбы? Бир кезде мен да ошентип ойлогом. Убакыттын өтүшү менен буларың супсак, көрксүз, муздак боло баштайт. Аны сезер күнүң деле алыс эмес. Эмне элейесиң? Коркпо дедим го сага. Андан көрө тур, кааласаң мага кофе кайнатып бер. Кофе ичкенче сүйлөшүп да алабыз,- аял кызды карап кытмыр жылмайды.

Кыз төшөктөн туруп жонуна халатты иле салып, кофе кайнатмай болду. “Ичиңде кириң жок, эч нерсени көрө элек жан дүйнөң таза бойдонсуң” деп ойлонгон аял анын сөзүн угуп кофе кайнатууга камынган кызды карап туруп чын эле аяды. Уулу менен жашташ мончоктой болгон кызды Тимурга ыраа көрбөй кетти. “Мен ыраа көрбөсөм эле баары башкача болсо кана? Болору болуптур, шордуум! Сен дагы кайсы бурчта ыйлап калар экенсиң?” ичинен ушуларды ойлоду. Аңгыча кыз кофе көтөрүп келип аялга сунду,- кыздын жалтанып турганы жүзүнөн билинди.

– Айсара, эмне мынча жалтактайсың? Эмне, ата-энең жок өстүң беле?

Үн катпаганы менен, ооба дегенсип кыз башын жерге салып туруп калды.

– Коркпо, мен бул төшөктө көрүп жаткан биринчи кыз эмессиң. Мен көнүп бүткөм. Ооба, башта чычалагам, туталангам, көп жолу урушканбыз. Бирок анын баары эч нерсени өзгөрткөн жок. Сендей сулууларды жек көрүп жүрүп бүткөм. Азыр менин жек көрүүм деле калбай калды. Балабыз, анан репутациябыз деп ажырашпай келе жатканыбыз эле болбосо каалаганыбызды кылабыз, бири-бирибизге кийлигишмей жок. Мен азыр өзүмдү эмес, сени аяп турам. Кеч боло электе ойлон, кет, башка жашоодон куру калба,- аял кофенин кружкасын столдун үстүнө коюп кире бериште турган сумкасын көтөрүп чыгып кетти.

– Кеч, эбак эле кеч болду,- деди кыз күбүрөнө. Аял узаары менен кыздын көзүнөн жаштар өзүнөн өзү куюла баштады. Буркан-шаркан түшө ыйлай баштады.

ххх

– Айнаш баласы, неберелери келгенден бери үйү толуп, кубанычы коюнуна батпай бапырап жүргөн кези. Алардын кетер күнү жакындаган сайын кайрадан жалгыз каларын эстеп жаман болот. Чайын шоркурата ууртап самоордун жанында отурган апасынын жанына келди Марат.

– Апа, таң атпай сизге эмне болду? Же эмне атам түшүңүзгө кирдиби?- деп тамашалап моюнунан кучактап апасына эркелеген болду.

– Барчы ары,- деп капталга нукуп койду эне да.

– Эмне бир жериңиз ооруп турабы?

– Оорубай анан, жүрөгүм ооруп жатат. Эртең эле шаарыңа кетип каласың, соксоюп кайра жалгыз калам. Сен шаарга кел дегениңди койбойсуң, мен барбайм шаарыңа. Өлсөм сөөгүм ушул үйдөн чыксын. Өмүр бою жашаган там-ташымды кароосуз калтырып тентип шаарыңа барат белем? Барбайм,- кемпирдин көздөрү жашылдана түштү.

– Апа, болду кейибечи, биз жакында келебиз. Негизги нерсени айтпай жүргөнүмдү карабайсыңбы. Келиниң, неберелериң, баарыбыз ушул үйдө очор-бачар болуп жашайбыз,- Марат апасынын колунан кармап чоп эттире өөп койду. Ал бала кезинен эле апасына тийишип ойноп, ушинтип колун өөп коймою бар болчу.

– Койчу, чын элеби?- кемпир уккан кулагына ишене албай турду.

– Чын эле, мен буга чейин эле ошентип ойлонгом. Сизге айтканды унутуп калган турбаймбы. Шаардагы үйдү батирге берип коёбуз, кийин балдар чоңойгондо барат да.

– Карлыгач көнөр бекен, ага айттыңбы?- кемпир эмнегедир сумсая түштү.

– Көнөт, апа, көнбөй каякка барат? Карлыгач көнбөй көрсүнчү балдарды алып өзүн таштап баса бербеймби?- Марат күлүп калды.

– Андай эле болсо жыргатпайсыңбы. Мен деле жалгыз жашагандан тажадым. Көп эле бала төрөп албай деп өкүнүп калам. Сен Орусиялап жүрүп араң колго тийсең, карындашың болсо кайдагы Америкага барып, арабга күйөөгө тийип кетти. Аны телефондон эле көрбөсөк келип кеткенине 2 жыл болуп баратат,- кемпир оор үшкүрүп алып, эбак сууп калган чайын кайра ууртай баштады.

ххх

Сүйүүбү, азгырыкпы, ким билсин? Байыш менен Карлыгач өтө жакын болуп кетишти. Бири жаш бала, бири эки балалуу аял. Экөөнүн оозунан сүйүштүк деген сөздү уккан киши сүйбөй сүмүрөң кал деп гана айтат. Башка эмне дейт эле? Бакыт каалайт беле? Ат тезегин кургатпай бейтапканага келүү, бири-бирин кылгыра караган көздөр, айтылып бүтпөгөн сөздөр, айтор, мындай жакындыктын арты экөөнү кайда алып барары Байыш менен Карлыгачка дагы жандырмагы жок табышмак. Палатада телефон тиктеп жаткандан тажады Байыш. Карлыгач келсе аны менен тамашалашып ар нерсени айтышып көңүлдүү убакыт кечирет. Экөөнүн таанышканына анча көп убакыт болбосо дагы экөөнүн көптөн берки тааныштардай эле сүйлөшө турган сөзү көп. Бара-бара экөөнүн жаш айырмачылыгына деле көп көңүл бурулбай калды. Өткөндө бир ирет сиз дешпейбиз деп сүйлөшкөндөрү да бар.

Кеч кирип калган маал, Байыш саатын улам карап Карлыгачтын келишин күтө баштады. Кадимкидей ушул маалда келүүгө милдеттүү кишини күткөндөй эле. Эми телефон чалайын деп жатканда жарк эте күлүп Карлыгач кирип келди.

– Кандай? Жакшы болуп калдыңбы?

– Жакшымын, чыгарыма аз калды. Эмне тамак?- деп кызыгып калды Байыш моюнун созуп.

– Тапчы эмне тамак экенин,- Карлыгач баштыгын жаба салды.

– Баягы эле тоок шорпо.

– Жок, даамдуу. Жакшылап ойлонсоң, жыты келген жокпу эмне?

– Кана, кана?- колун мурунду көздөй желпип.

– Таптым, мантыбы?

– Жыт сезгичиң күчтүү экен, ээ?

– Жытынан деле эмес, даамдуу тамак дегениңден айттым. Мага даамдуу тамак манты. Дайыма даамдуусун издеп жейм.

– Шорподон тажады деп атайын манты жасап келдим. Өз колум менен,- деп жылмайды Карлыгач алып келген тамак-ашын чыгарып столго коюп жатып.

– М-м-м! Куду апамдын мантысындай,- Байыш тамшана экинчисин алды. Апам болгондо ал да жасап келет болчу...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан