СҮЙГӨНҮМ КАЙНЕЖЕМ БОЛУП ЧЫКТЫ...

“Ооба, айрымдар үчүн үйбүлөлүк бакыт жалындаган махабаттан да күчтүүлүк кылат экен. Мен аны өз башымдан өткөргөндө гана түшүндүм. Менин башымдан өткөн окуя, балким, көптөрдү таңкалтыраар, балким, түшүнбөстүктү жаратаар. Ошентсе да башымдан өткөн баянымды айтып берүүнү чечтим. Мүмкүн бул кимдир бирөөлөр үчүн сабак болоор”. Ушинтип сөзүн баштаган отуздар чамасындагы жигит бизге башынан өткөн сүйүү баянын айтып отурду.

КҮТҮЛБӨГӨН СОККУ

– Мен сени сагынып кетем го... Тез эле келесиңби?
Кучагымдагы Аидамдын апакай бетинен сүйүп, ушуларды шыбырайм.
– Тез эле келем.
Ал дагы мага кынала боорума жабышып алды. Көрсө, жамгырлуу кечте бири-бирибизден ажыраша албай турган ошол түн биздин бактыбыздын акыркы үзүмдөрү экен. Экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүзгө эки жыл болсо да, мен аны өмүр бою билип жүргөндөй эң кымбат адамыма айланганын ошол түнү туйган элем. Коштошуп жатып негедир ичим уйгу-туйгу болгону да эсимде. “Тез эле келет да... Анчалык эмне жүрөгүм сыздады?” Ушинтип өзүмдү-өзүм алаксытканым менен болбой эле көңүлүм бир орунда эмес болчу. Аттиң, ошол күнү эле кучагымдан чыгарбай, биротоло мендик кылып алганымда мындай окуя болбойт беле, ким билсин...
Аида айылына кеткенден бери бир ай өткөн эле. “Тез эле келип калам” деген Аидамдан кабар жок. Чыдабай курбуларынан сурамакка жатаканага жөнөдүм. Жакын курбусу болгон Сүйүн мени бар карап алып кыжаалат болуп кетти. Саламдашкан соң Аиданын кабарын сурадым.
– Сен уга элек белең?- деди ал мукактана.
– Эмнени?
– Аиданы алакачып кетишиптир.
Башымдан ылдый суу куюп жибергендей бүткүл денем чыйрыга түштү. Кантип эле? Кантип эле ушундай болсун? Эмне эле мага телефон чалбай калды десе... Сүйүндүн билегин капшыра кармаганымды өзүм да сезбей калыптырмын.
– Качан алакачып кетиптир? Кайсы айылга? Эмне үчүн мага кабарлап койгон жоксуң? Мен барам азыр...
– Кечирип кой, биз деле бир жумадан кийин уктук. Аида ыйлап, сага айтпагыла дегенинен...
– Эмнеге? Мага айтпагыла дедиби?
– Кызыксың го сен... Бир жума күйөөсү менен жашагандан кийин сага кайсы бети менен келет эле? “Эми баары кеч болуп калды”,- деп ыйлады.
Сүйүндүн билегин бошотуп шалдая түштүм. Башка чапкандай артка кайрылдым. Ичим от менен жалын болуп күйгүзүп бара жаткандай кыйналып, шаардын көчөлөрүндө темтеңдей басып бара жаттым. Көкүрөгүмдө бир гана суроо: “Эмнеге? Эмнеге баарына түкүрүп басып кеткен жок? Мен бир эмес эки күйөөгө тийип келсе да кабыл алат элем го. Эми ансыз кантип жашайм?” Жан- жагымда өтүп бара жаткандар темтеңдеп, көзүмдөн жашым чууруп бара жаткан мени көрүп кээси аяп, кээси түшүнбөй карап калып жатышты. Ушинтип тагдырдын бороонунан буюгуп, Аидамдан айрылып калдым.

ТАҢКАЛААРЛЫК ОКШОШТУК

Ошентип, ортодон үч жыл өттү. Бул мен үчүн кусалуу да, кунарсыз да жылдар эле. Канчалык аракет кылсам да, мен Аиданы унута албай койдум. Башка кыздар менен деле мамиле түзүп көрдүм. Бирок, мамилем эки айдан ашыкка уланчу эмес. Ого бетер көңүлүм коңултактап, жанымды коёрго жер таппай, өзүмдүн Аидамды издеп кетким келчү. “Кой, балким, буга чейин балалуу болуп калгандыр. Жашоосуна аралашпай эле коёюн” деген ой менен өзүмдү- өзүм токтотчу элем. Ким билет, балким, ага укмуштуудай окшош адамды кезиктирбегенде чын эле бул жашоодон жалгыз өтүп кетет белем...
Окуумду бүтүп, шаардагы бейтапканалардын биринде иштеп жүргөм. Эртең менен жумушка келип, жаңы эле халатымды кийип баштаган элем. Эшик коомай ачылып, жаш кыз кирип келди. Мына сага тамаша, мынчалык окшоштукту көргөн эмесмин. Менин Аидамдын көчүрмөсү эле. Оозумду ачып карап калган мага акырын сүйлөдү.
– Байке, түнү менен тишим чыдатпай ооруп...
– Ыя?
Куду уйкудан ойгонгондой “селт” эте бердим.
– Тишим дейм...
– Аа, кана, көрөлүчү?! Канчадан бери ооруп жатат?
Өзүмдү колго алып, кызды креслого отургузуп дарылай баштадым. Көзүн чылк жумуп алган кыз менин абалымды сезген да жок. Жанды кыйнаган тиш оорусу менен гана алек болуп жатты көрүнөт. Ооба, жазы маңдайы, апакай жүзү, атүгүл ууртундагы чуңкурчасы да менин Аидама окшош эле. Тишин дарылап бүткөндөн кийин гана жылмайып койду.
– Рахмат, байке, тып эле басылды.
– Аягына чейин дарыланышың керек. Дагы эки жолу келесиң. Баса, атың ким?
– Акылай.
Кыз баш ийкеп чыгып кетти. Бирок, ошол күндөн баштап менин жашоомдо орун ала баштаганын билген жок. Негедир өзүмдөн-өзүм ушул кызга тартылып бара жаттым. Аидага арналгандай алып учурган сезим болбосо да, Акылай менин жаралуу көкүрөгүмдү дарылап бара жатканын сездим. Жаштыгы менен, өзүнүн эч кимде жок боорукерлиги, мээрими менен мени байлап алды. Анын жүрөгүнөн орун алганымды өзүм да сезип жүрдүм. “Байке” деп сылык кайрылганы менен мен аны узатып барып коштошоордо ийнинен тына үшкүрүп, ар кайсы сөзгө алаксытып, кетиргиси келчү эмес. Бул жолу да коштошуп кетип бара жатканымда артымдан кыйкырып калды.
– Байке...
Кылчая карасам артымдан чуркап келе жаткан экен.
– Бүгүн кетпей эле коюңузчу?!
– Акылай, эселегим десе...
Анын жалооруган карегине туруштук бере албадым. Боорума кысып, өпкүлөп жибердим. Ошондон көп өтпөй Акылай экөөбүз үйлөнүп калдык. Менин үйлөнүшүмөн күдөрүн үзүп койгон ата-энем, ага-тууганым кубанычта. Анын үстүнө, Акылай да көңүлдөгүдөй келин болду. Жүрөк­төгү тактар жуулуп, Акылай экөөбүз жаңы турмуштун босогосун аттадык. Бирок, мени дале тагдыр сынагы тооруганын токтотпоптур.

КАЙНЕЖЕ МЕНЕН КҮЙӨӨ БАЛА

– Баяман, айылдан аталаш эжем келмей болду. Байкушум, жакында эле күйөөсү менен ажырашып кетти. Бул жакка келип жаңы жашоо баштайын деген го...
Чынын айтсам, аялымдын күңкүл­дөгөнүнө көңүл деле бурган жокмун. Анын үстүнө, көңүлүм иштеги бир маселелерде болуп турган.
– Өзүң тосуп ала бересиң да,- дедим кайдыгер.
– Болуптур.
Көңүлүмдө эч нерсе жок мен ошол күнү жумушумдан кеч келдим. Босогодон кире берээрде эле кандайдыр бир тааныш үндү эшите калдым.
– Акы, садагам... атам менен апамды убара кылгым келген жок. Жаңы турмуш баштагым келет. Жумуш табам. Силерге деле жүк болбойм.
– Коюңузчу, эже. Баяман деле тү­шү­нөт. Баса, ал да келип калды окшойт.
Акылай алдымдан чуркап чыгып, мени колдон ала ашканага сүй­рөп кирди. Эшиктен башбаккан мен селдее түштүм. Анткени, алдымда мен качандыр бир кезде жоготкон адамым Аида турган эле. Ооба, менин Аидам... Эч өзгөрбөгөндөй туюлду мага. Экөөбүз тең бири-бирибизди карап теңселип турдук. Аздан кийин гана эсибизге келип, Аида кайнеже каадасы менен менин чекемден өптү.
– Кел, иштериң жакшыбы?
– Жакшы...
Сүйлөйүн десем тилим байланат. Атүгүл көзүмдү көтөрө албайм. Эже- сиңдинин жанында отурган ошол күн өмүрүмдөгү эң оор минуталар болду.

ЧЫККЫНЧЫЛЫК

Ошентип, тагдырдын тамашасы менен Аида менин кайнежем болуп калды. Аида менен Акылайдын окшоштугу ошондо гана мээме жетти. Көрсө, ушул үчүн Акылайга тартылган экенмин да. Аиданы көргөндөн баштап кайрадан көкүрөгүмдү мыжыккан ооруга туш болдум. Оор абалдан чыгуунун бир гана амалы бар болчу. Ал Аида менен бетме-бет сүйлөшүү эле.
Экөөбүз кафеде жолуктук. Ортодо оңтойсуздук өкүм сүрүп, тунжурап отурдук.
– Сүйлө, жашоо кандай?- деди ал акыры.
– Көрүп турбайсыңбы?!
– Баяман, мени кечирип кой. Ошондо азыраак чечкиндүүрөөк болсом эмне... Салган жоолугун тытып салып басып кетпей эмне болдум?! Андан кийин кандай гана өкүндүм. Бирок, баары кеч эле.
– Күйөөң менен эмнеге ажыраштың?
– Сени унута албай койдум, Баяман. Сенин жашооң башка экенин сезсем да, бир жолу көргүм келип дегдей берчүмүн. Минтип өзүмдүн күйөө балам болгонуңду билгенимден кийин ого бетер жаным жай таппай...
Экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурдук. Аздан кийин ортобуздагы чек жоголуп, өзүбүздү эркин сезе баштадык. Моюнга алышым керек, Аида экөө­бүз аркандын эки учундай бөлөк болсок да, бизди бириктирип турган эскерүүлөрүбүз, махабатыбыз бар болчу. Үйгө кайтаар мезгил да келди. Бирок, бири-бирибизден айрылгыбыз жок. Экөөбүз тең көзүбүздөн сезип турдук. Ашыкча сөздүн да кереги жок эле. Машинадан түшүп, батирине чейин узатып бардым.
– Кой, эми жакшы бар.
– Кош.
Түн ичинде Аиданын жүзүн көрө албадым. Ыйлап жаткандай туюлду. Бутумду бирөө тушап койгондой болуп тура бердим. Ал дагы... Бир кезде башымды көтөрүп Аиданын жүзүн тике карадым. Андан ары башым тумандай кантип боорума кысканымды, кантип эрдинен өпкөнүмдү билбей калдым. Ооба, чыккынчылык кылдым. Муну өзүм да кечире албайт элем. Эртең менен Аиданын төшөгү­нөн акырын туруп бара жатканымды сезип, ал да ойгонуп кетти. Көзүн ачпай мойнума асыла ыйлап жатты.
– Мен куруюн... Мени өлтүрөөр адам жок. Өз очогумду бузганым аз келгенсип, силердин да ортоңорго от жага баштаган өңдөнүп калдым. Кантейин, тагдыр экен. Бирок, мен сенсиз жашай албайм. Жашагым да келбейт.
Көпкө ыйлады. Акырын туруп кеттим. Эмне кылаарымды билбей жаттым. Көңүлүмдө буулуктурган ой...

ЧЕЧИМ

Ушинтип күндөр өтүп жатты. Эки оттун ортосунда калган жаным далбастап арга издейм. Бирок, эч арга таба албадым. Аида менен болгон мамилемди да үзө албай жаттым. Баарынан да оору Акылайдын эч нерседен шек санабаганы эле.
Күндөн-күнгө күнөөмдүн оордугу желкемден басып, үйгө келгим келбейт. Андайда машинамды учуруп Аидага барам. Бирок, жанымды жай алдырбаган жан оору анда да тынчтык бербейт. Үйгө барсам Акылайдын кирсиз көздөрүнө кабылып, өзүмдү ушунчалык ыплас сезип кетем. Эшиктен кирип келсем Акылай кубанычтуу тосуп алды.
– Баяман, билесиңби, сага кубанычтуу кабарым бар.
Кубаныч жүзүнөн төгүлүп турган секелегиме эрксизден суктана бердим.
– Айтчы, эмне кабар?
– Менин боюмда бар.
– Ыя?
– Ооба, көптөн бери өзүм да боюмда бар болуш керек деп жүргөм. Кечээ врачта болдум. Көрсө, боюмда бар экен.
Жүзү албырган Акылайды боорума кысып жибердим. Көзүмдөн жаш агып кетти. Ооба, бул бала менин бардык кайгымдын, жоготуумдун кайрымчысы болчу. Мындан ары мен аялымдан да, баламдан да алыстай албасымды сезип турдум.
– Сен эмнеге ыйлап жатасың?- деди Акылай таңкала.
– Кубанычтан. Бизде баары жакшы болот, жаным. Мен азыр бир жерге барып келейин.
– Дагы жумушпу?
– Жумуш.
Үйдөн чуркап чыккан жаным түз эле Аидага жөнөдүм. Оюмда Аида менен сүйлөшүп бара жаттым. “Сени сүйгөнүм менен сен таштап кеткен кайгынын сазынан чыгарган адамды кыя албайм.Сүйүүмдү үйбүлөмө айырбаштоого тийишмин. Мындан ары жолукпайм”,- деп кетип бара жаттым. Кирип барып башаламан чачылган бөлмөнүн ортосунда туруп калдым. Көрсө, менден мурун эле Аида чечип койгон тура. Алакандай барак столдун үстүндө турган экен. Калтыраган колум менен алып окуй баштадым. Катта “Баяман, кечир мени, менин өчпөгөн махабатым болуп кала бересиң. Экөөбүзгө дагы айрылууга туура келет. Бул жолу өз эрким менен сени коё берем. Сиңдимдин бактысын тартып алып бактылуу боло албасымды ойлодум. Күйөөм аркамдан келген экен. Анын сунушунан баш тарта албадым. Баарын унут. Бактылуу бол” деп жазылган экен.
Бөлмөдө жалгыз отурдум. Көкүрө­гүмдөгү Аидага болгон жалын биротоло өчкөнүн ошондо түшүндүм.

Нуржамал Жийдебаева
Сүрөтчү: Уларбек Атайбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
FIANIT
2009-09-20 12:08:34
Кандай гана кайгылуу тагдырлар...
Журогум ачышып кетти...
0
FIANIT
2009-09-20 17:49:54
Бул дагы тагдырдын тамашасы тура...
+1
janym_88
2011-12-04 16:14:28
мен мунун аягын теле ден башкача кордум эле го же бул башкабы?
0
aygesha
2013-12-23 16:55:27
janym_88, бул башка теледе кайнежеси менен кететго
0
kurstan1980
2012-07-19 00:37:42
Жазгандарым жалан суйуу ырлары,
Лирикадай журок козгоор ыр барбы?
Журогунду жараласа махабат.
Ага даары ашыктыктын ырлары... Эээхххх
+1
Erka_kg
2016-04-21 16:06:27
Бали... Ар кимин оз чолунду тап ансызда бир корушуп чыргавалыпсынар го...болот ошо
0
beiby
2017-05-11 13:21:25
Өкүнүчтүү албетте. Өз башыңа келмейинче бирөөнүн жашоосун түшүнө бербейт экенсиң...
0
janna97
2017-10-23 16:20:48
соонун чыгарма экен мага жакты
0
№ 242, 22-28-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан