ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮНЧҮ ОРУНДА

Монголиянын борбору Улан-Батордо өтүп жаткан Азия чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасы өзүнүн жүрүшүн аяктады. 3 алтын жана 3 коло байге уткан кыргыз балбандары жалпы 148 упай топтоп, 3-орунга жайгашты. 1-орунга 190 упайы менен Казакстан жайгашса, 2-орунга 176 упайы менен Иран курамасы жайгашты.

Чемпиондуктун жүрүшүндө куржунга алгачкы алтынды 63 килограмм салмак ченинде килем үстүнө чыккан Тынар Шаршенбеков алып келди. Финалда ал казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен кез келди. Башынан активдүү күрөш алып барып жаткан Тынар Шаршенбеков атаандашынын далысын жерге таза басып жеңишке жетип, Азия чемпиону аталды.

Ал эми 77 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов финалга чейин жетип, анда коңшу казакстандык Максат Ережепов менен кез келди. Мелдеш 3:1 эсебинде кыргыз балбанынын пайдасына аяктады. Муну менен Акжол Махмудов 2-ирет Азия чемпиону болду.

Азия чемпиондугуна 60 килограмм салмакта катышкан Жоламан Шаршенбеков финалга чейин жетип, анда ирандык 23 жаштагы Мехди Мохсен Нежад менен кез келди. Беттештин биринчи бөлүгүндө Жоламан Шаршенбеков активдүү күрөш көрсөткөндүгү үчүн ирандык балбан партерге коюлду. Андан Жоламан Шаршенбеков упай ала алган жок. Экинчи бөлүктө ирандык балбан кайрадан партерге коюлуп, андан Жоламан Шаршенбеков 2 упай алып кетти. Жыйынтыгында 4:0 эсебинде жеңишке жеткен Жоламан Шаршенбеков биринчи жолу Азия чемпиону аталды.

Ошондой эле 72 килограмм салмактагы Адилхан Нурланбеков, 97 килограмм салмактагы Үзүр Жусупбеков, 130 килограмм салмактагы Роман Ким коло байгеге ээ болушту.

Кошумчалай кетсек, 21-апрелде килем үстүнө чыккан Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова атаандаштарын жеңип экөө тең финалга чыгышты. Азия чемпиондугу 24-апрелге чейин уланат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан