Таттыбүбү Садырбекова, диджей, алпаруучу: “СТЕРВА БОЛСОҢ СЕНИ КИМ АЛАТ ДЕШЕТ”

Бул айымды сиз алгач КТРден “Үй-бүлөлүк лотодон” көргөнсүз. Кийин “Тамашоудо” упайларды жарыялап турган кыз катары тааныдыңыз. Андан кийин телеканалдардын таңкы берүүлөрүнөн, тасмалардан көрдүңүз, азыр болсо ар күнү “Сүйүнчү” радиосунан үнүн угуп турасыз. Каарманым – ушундай көп кырдуу талант Таттыбүбү Садырбекова. Таттыбүбү бийкеч менен чыгармачылык жолу, жеке жашоосу тууралуу сүйлөштүк.

Туулган жери: Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Тоо айылы

Туулган жылы: 1994-жыл,22-август

Билими: Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган

Тартылган тасмалары: “Бажарики”, “Бажарики-2”, “10 жылдык”

Учурда: диджей, алып баруучу

– Таттыбүбү, салам. Алгач өзүңүз тууралуу сурайын.

– Салам. Мен 1994-жылы Өзгөндө төрөлгөм. Атымды атам Таттыбүбү Турсунбаеванын атынан койгон. 3 жашымда үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келгенбиз. Кичинемде мурчуйган, такыр күлбөгөн, кабагым ачылбаган түнт кыз болчумун. Азыр ушундай көп сүйлөгөн, жайдары болгонума өзүм да, туугандарым да таң калышат.

5 жашымда телевизордон дикторлорду көрүп алып өзүмдүн кийин теледе иштегенимди элестетчүмүн. 6-7-класстарда мектептин коомдук жашоосуна аралаша баштадым. Ошондон баштап мектепти бүткөнгө чейин алпаруучулук орунду такыр бошоткон жокмун. Менде телевидениеде иштесем, микрофондо сүйлөсөм деген кыял бар болчу. Ошондуктан мектепти аяктаганда ойлонбой туруп Улуттук университеттин журналистика факультетине тапшыргам. Биринчи курста окуп жатканда “Үй-бүлөлүк лотону” алып барып иштеп калдым. Кыргыз тилим жакшы эмес болчу. Кыргызча үйрөнөм деп курска баргам. Ал кезде “Тамашоунун” башкы редактору агайым болчу. Агай “биз менен иште” деп “Тамашоуго” алып кеткен. Ал жакта менеджер болуп иштедим. Упайларды эсептеп жарыялап турчумун. Атымды билбегендер мени калькулятор кыз деп да жүрүштү. Кийин 5-каналда, “Апрель” телеканалында таңкы берүүлөрдө, SUPER.KG порталында иштедим.

– Анан “Бажарики” тасмасына тартылдыңыз...

– Ооба, “Бажарики” мага негизги жумушум болгон алпаруучулуктан көп популярдуулук алып келди. Тасмага кастингден өтүп, тартылып калгам. Анда стерванын ролун аткарам да, кыргыздын жашоосуна жакын болдубу, билбейм, ушул тасмадан улам тааныгандар көп болду. “Жашоодо жакшынакай эле кыз турбайсызбы” деп калышат. Ишенесизби, кинодо образ жараларын, актёрлор жашоодо башка болорун айырмалай албагандар бар. “Ушундай стерва болуп жүрө берсең сени ким алат?” деп айткандар болгон. Менимче, стерва эмес аял жок. Унчукпай жүргөн аялдын ичинде деле стерва бар. Мага ошол тасма таасир берген окшойт, ошон үчүн күйөөгө тийбей жүрөм деп тамашалап калам кээде.

– “10 жылдык” тасмасына да кастинг аркылуу өттүңүзбү?

– “10 жылдыкка” досторум чакырып калышты. Тасманы тарткандар менин досторум. Бул тасмада сөз уккан, өтө назик, жакшы кыздын ролун ойнойм, башкы каарманмын. Тасманы көргөндөр “сен аябай назик кыз турбайсыңбы” дешти. Стерва жан дүйнөмө жакыныраак экен, назик кызды ойноо аябай оор болду. Жашоодо андай эмесмин да. Бул тасмага чакырып жатканда режиссёр “башкы ролго сени чакырып жатабыз. Анткени сенде табигый сулуулук бар, эч жериң жасалган эмес” деди. Ошол сөз мага аябай жакты.

– Гонорар жакшы төлөндүбү?

– Ооба, ошол кезде унаа алмаштырганга бир аз акчам жетпей жаткан. Гонорарымды алып, чогулткан акчамды толуктап мурдагыдан чоңураак унаа алдым.

– Кандай сындар айтылды?

– Бир ырчы жигит тасмабызды сындап, 10 баллдан 3 балл бериптир. Мени “бул актрисабы? Ойногонду билеби?” деп сындаптыр. Муну укканда жаман болдум. Бирок ал киносынчы эмес да, жөн эле ырчы да дедим. Ал мырза кийин кечирим сураган. Тасманы жабык көрсөтүүдө улуу актёрлор “жакшы ойноптурсуң” дешти, кубанып калдым. Мен профессионал актриса эмесмин, өзүмдү катуу сындайм, бирок бул жаатта да өскүм келет.

– Радиодо диджейлик кылуу башка жумуштарыңыздан кандай айырмаланат экен?

– Радиодо теледегиден оңой деп ойлогом. Тескерисинче, кыйын экен. Радиодо куралың үнүң жана сөзүң гана экен. Теледе сөзүңдү унутуп калсаң мимика, жесть менен деле абалдан чыгып кетсең болот. Мен таңкы эфирлерде иштей берип таң атпай тургандан тажап калдым. Дайыма уйкулуу жүрөм. Жаштар сыяктуу киного барып, 11-12ге чейин отургум келет, жөн эле сейил бакта баскым келет. Бирок эртең менен тура албай калбаш үчүн саат 11де укташым керек. Уктабасаң анын баары эфирде билинет.

– Угармандар кандай мактоолорду айтышат?

– Угармандар сын айтышпай, жакшы сөздөрүн айтышат, ыр арнап жазгандар бар. Мага “тыпылдаган, шайыр, тың, сонун кызсың” дешет. Угармандан жакшы сөз уккандан ашкан бакыт жок. Биздин амбассадорлор маршруттук таксинин айдоочулары деп калабыз. Ии, алтындарым, аларды аябай жакшы көрөм. Алар ар бир күнүн биз менен өткөрөт экен. Бул байкелерге эң жакшы сөздөрдү арнаганга даярмын.

– Сүйүүсүн арнаган мырзалар көппү?

– Ооба, социалдык тармактардан жаза беришет. Мага “кандайс, оа, не кылотас” деп жазышса президент болсо да карабайм, ката жазгандарга жиним келет. Виртуалдык дүйнөдө мамиле болбойт деп ойлойм, олуттуу көрүнбөйт. Адам кааласа номеримди деле таба алат да, туурабы? Кайда барсам да мага көңүлү түшкөн мырзаларды байкайм. Бирок эч кимиси жаныма келип сүйлөй албайт. Апам акыркы жылдары жолугушууга жибергенде “созолонуп отуруп келчи” деп калды. Мен жасалма боло албайм, жасалмалуулукту жек көрөм. Бир жолугушууда уктап да калгам. Ошол күнү таңкы саат 7де эфирге чыккам. Кечке чейин иштедим. Аябай чарчаптырмын. Кечинде жолугуп кафеге кирдик. Тамак жеп жатканбыз, бир маалда ойгонуп кеттим, көрсө, уктап калыптырмын да. Менимче, ал жигит мени кызыктыра алган жок, 2 саат өзү тууралуу айтып берген. Бардык мырзалар активдүүлүгүмдөн коркконун айтышат. Өзүм көрүнүктүү кызмын деп ойлойм. Бирөөгө алдырып коём деп да коркушат экен.

– Сизге кандай балдар жагат?

– Токтоо, аз сүйлөгөн, менден бир топ акылдуу, мени дайыма сүрдөтүп турган, мендеги назиктикти ойготкон, жумушумду түшүнгөн, тууганчыл мырзалар жагат. Сүйлөгөнүнө таасирленгим келет, андан көптү үйрөнгүм келет.

– Каалаганыңыздай мырза жолуксун!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан