“СЮРПРИЗ КЫЛАМ”
Көлдүн салкын жели жүзгө уруп жатты. Курулушчулардын үстүнөн куйкалаган күнгө даба боло турган ушу анда-санда урган салкын жел. Амандык жанталаша курулуш иштери менен алек. Алысыраакта көлкүп жаткан көлгө чумкуп чыгып бир сергип, жээкте жарым саат чырм этип алса жан кире түшчүдөй, бирок мүмкүн эмес. Ишин бүтүрө коюп маянасын алып үйүнө баруусу керек. Алыстан сербейген кызы көрүндү. Жанында иниси. Жакын келгенде колдорунда бир нерсе бар экенин байкады.
– Сеникилер келе жатат,- деди жылмая балтасын тыкылдаткан шериги.
– Ооба, меникилер! - деди ата сыймыктуу.
– Ата, сага жарма алып келдик. Анан дагы оромо...- деди кубанычтуу кыйкырган уулу Ариет. Көлөкөгө отура үчөө тамактана башташты.
– Ким жасады оромону, кызым?
– Ариеттин эжейи. “Көп жасап алыпмын, силер жеп алгыла” деди. Атам менен чогуу жейли деп сага алып келдик.
– Акылдуу балдарым менин!
Тамактанып, жармадан кере жуткан Амандык балдарына күлө карады. Сары кызынын кабагы салыңкы.
– Сарым, сага эмне болду?
– Ата, мени сары дебечи, мектепте баары сары дей башташты,- деди тултуңдаган кызы.
– Сарым-дарым менин! Макул, мындан кийин атыңдан айтам. Айымка, эмне маанайың жок?
Кыз шуу үшкүрүп алды да атасына телефонун сунду. “Апам” деп сакталган адамдын жазгандарына көз жүгүрттү. “Кызым, мен силерге жакында барам. Атаңа айтпа, сюрприз болсун!”. Амандыктын өңү кубара түштү. 7 жылдан бери кабарсыз кеткен аялы жазыптыр. Кызы менен байланышып жүргөнүн байкаганы менен, “баары бир кызы да, сүйлөшө берсин, сагынып жүргөндүр” деп тим койгон. Жарасын бирөө сыйрып алгандай чекеси тырыша түштү.
– Ата, кааласаңыз мен аны апа дебейм. Бирок... келе берсе жакшы болбойбу?
Атанын жан дүйнөсү эңшериле түштү. Көзү жашылдана өтүнүп турган кызынын шагын сындыра албай башын ийкемиш болду.
– Кызым, макул келе берсин. Сен Ариетти алып үйгө бар, мен бүгүн кечирээк барам. Маяна алсам базарга тийип, анан...
Амандык жумушуна кайтты. Жумуш кылып жатып да ойлогону аялы. Ариет төрөлгөнү кыялы чатак боло баштаган. “Акча жок, ушинтип жүрө беребизби, мен деле элдин аялдарындай алтын, күмүш тагынгым келет. Ушу айылда жүрүп өтүп кетебизби, балдарды апама таштап коюп кетели Москвага” дей берип мээсин жеген. Амандык балдарын таштамак тургай, бир күн көрбөй калса жаны чыгып кете тургандардан болчу. Табиятынан баласаак эле, коңшуларынын баары Амандыктын балдарына үзүлүп түшкөн мамилесин узун сабак кеп кыла беришчү. Кээде Жараткан ролдорду да алмаштырып берип коёт эмеспи, балдардын апасы Айзуура болсо балдарга убакыт коротуунун ордуна көңүл ачууну, жакшы кийингенди, кылыктанып турганды жактырар эле. Өзү да өңдүү келин болгондуктанбы же табиятында барбы, эркекти кылгыра карап, кылыктанып турган ойноок жан эле. Кой десе болбой эмчектеги баласын таштап Москвага кетип калды. Алгачкы айлар кабарлашымыш болуп жүрүп, кийин изи сууган. Айылда ал тууралуу узун сабак кептер жүрчү. “Бирөө менен жашап алыптыр, жок аны менен эмес, муну менен жүрүп кетиптир” деген кептер үзүлчү эмес. Анын “келе жатам” деген кабары жан дүйнөсүнө бомба түшкөндөй абалга жеткирди Амандыкты.
САГЫНЫЧ ЖАНА ТААРЫНЫЧ
Кумда ойноп отурган Ариет бойлуу, арыкчырай сулуу аялды карап туруп калды. Куду сүрөттөн түшкөндөй сезилди. Мындай сулуу, апакай аял бул айылда жок болчу.
– Эже, карасаң бизге чоочун аял келди,- деп тура калып кыйкырды. Тиги аял баланы тиктеп таанып-тааныбай тургандай. Амандык менен кызы сыртка чыгып Айзуураны көрүштү.
– Сенби?
– Апа?!
Экөө тең селейип калышты. Айзуура баягы эмчектеги баласы Ариет кумда отурган бала экенин биле калды. Кучактап өөп-жыттап жиберди.
– Кандай гана чоңойгонсуң сен. Супсулуу жигит болупсуң го. Ариет, бул мен! Тааныган жоксуңбу, макоом?
Бала таң калып тура берди. Андан кийин апасы Айыманы кучактай берди. Көздөрү жашылданган кыздын атасынан көзү өтөт. Атасы жашын жута берип башын ийкеди эле аялдын кучагына жыгылды. Апасынын жыты! Баары бир сагынган экен. Базарлыгын таратып бүтүп, эпилдеп-жепилдеген Айзуура Амандыкка сүйлөгөнгө батына албай бирдеме болуп жатты.
– Кана, тишиңерди жууп жаткыла, балдарым,- деди Амандык.
– Тиги аял атам менен жатабы, ия, эжеке?- деп шыбыраган Ариетти Айыма жетелеп кетти.
– Аман, муну сага деп...- деп белегин алып сөз баштап келе жатты эле, Амандык кесе сүйлөдү.
– Балдарды көрдүң, апаңдын үйү аркы эле көчөдө, менин үйүмдө орун жок сага.
– Мен кетпейм!
– Ыя?
– Үйүмө келдим, эч кайда кетпейм.
– Эй, күйгүзбөчү мени!..
– Үйдү мен да салышкам, мыйзамдуу түрдө менин да үйүм. Расмий никебиз да бузула элек.
– 7 жыл, эй, сен 7 жыл балдардын абалын, кабарын деле сурап койгон жоксуң. Ариет сени тааныбайт. Москвадагы “дастандарыңды” бүтүн айыл ырдап жүрөт. Сен кайсы бетиң менен келдиң?
– Эл сүйлөй берет, биздин жашообуз менен иши эмне башкалардын?..
– Азыр бирди көрө элегиңде кетип кал.
– Кетпейм дедим, кетпейм!
Көк бет болчу Айзуура, теңелбей балдары менен жатып алды ал күнү Амандык.
“ТӨРӨГӨН ҮЧҮН ГАНА АПА БОЛО АЛБАЙТ ЭКЕНСИҢ”
Эжейи коңшу тургандыктан дайыма Ариетти мектепке алып кетчү. Бул айылга мугалим болуп келгенине бир жыл болду, жолдошу каза болуп, кийин төркүнүнө келе берген экен. Токтоо, мээримдүү бул келин Амандыктын балдарын аябай жакшы көрчү. Аяп, кээде тамак жасап кийимдерин жууп келип бере койчу. Көнгөн адатындай кирип келип эле Айзуураны көрүп таң калып калды.
– Саламатсызбы, мен...
– Эжей, мен азыр...- тура чуркаган баласынын колун кага берди Айзуура.
– Көрүнгөндү ээрчип жаман көнүпсүң. Отур, мен жеткирем мектепке.
– Жок, мен эжей менен кетем,- деди бала башын чайкай.
– Отур дедим!
– Өмөй эй, сен эмне мага кыйкырасың, сен менин апам эмессиң!- деди бала ызалана.
– Апаңмын, макулук десе!
– Өзүң таракансың!
Айзуура чыдай албай баланы жаакка тартып жиберди. Айыма тура калып ыйлап жаткан инисин соорото берди.
– Өзүң эмне бизди таштап кетип каласың? Өзүң эмне?.. Сен биздин апабыз эмессиң!- деп буркурап ыйлап жиберди. Эки бала тең кучакташа ыйлап жатканын көрүп Айзуура шалдырап туруп калды. Экөө эжейин ээрчий чыгып кетишти.
– Сен бизге келбей койбо, эжеке, ал аял кетет,- деп бултуйган бала көз жашын сүртө эжейи менен тыпылдап бара жатты.
– Бирок ал чын эле апаң болсочу?
– Жок, менин апам сен!
Бир ооз сөз эжейдин жан дүйнөсүн аңтарып өттү. Баланын мончоктой капкара жаштуу көздөрүнөн өөп алды.
ххх
Бир ай өтсө да Айзуурага балдар боор бербеди. Амандык такыр эле үйгө жолобой калды. 7 жылдан кийин келип, төрөй койгону үчүн эле апа болуп каларын ойлогон Айзуура дагы деле абалды кабыл ала албай жатты. “Мен таппай эле, сен мугалим келинди таап алыпсың” деп эчен жолу чатак чыгарды. Бирок сууп калган көңүл ордуна келиши кыйын эле, өз болуп туруп жат болгон балдарын имере албай койгондо акыры сапары карыды. Айзуурага эң чоң турмуштук сабакты балдары берди. Таң калычтуусу ал өзү жек көрүп жаткан мугалим келинге кат жазып кетиптир, аны Амандык кийин билди.
“Бир жыл ичинде уулум менен кызымдын жүрөгүн багындырып алыпсың. Мен кандай кылсам да алардын жүрөгүнүн эшигин таба албадым. Чарчадым мен, кетем. Балдар сага аманат. Амандык дагы. Көрсө, төрөгөн үчүн гана апа боло албайт экенсиң. Апа болуш үчүн эмгек кылыш керек экен. Мен муну кеч түшүндүм. Баарыңар бактылуу болгула!”
Айлин. Д