Альбина Имашова, актриса: «РЕЖИССЁРЛОР МЕНИ УРУШЧААК АЯЛДЫН ОБРАЗЫНДА КӨРҮП КАЛЫШТЫ»

Каарманым тасманын да, театрдын да жылдызы. Учурда Кыргыз драма театрында коюлуп жаткан “Төлгө” спектаклинде Каныкейдин образын жаратып, көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татып жатат. Көпчүлүктүн купулуна толгон образдардын жаратуучусу актриса Альбина Имашова биздин маек төрүбүздө. Актриса менен театр, образдары, үй-бүлөсү тууралуу кеп курдук.

“МУРУН ТЕАТРГА КЕЛГЕНДЕР АЗ БОЛЧУ”

– Көптөн күткөн театрыбыз ачылып, эмоцияларга аябай байбыз, анткени 3 жылдан бери театрыбыз жабык болуп сахнабызды, көрүүчүлөрүбүздү, образдарыбызды сагынып калган экенбиз. Көрүүчүлөр да сагынып калышыптыр, залга батпай, эшикти жаап койсо да такылдатып кирет элем деген учурлар болуп жатат. Кудайга шүгүр десек болот. Мындан көрөрмандардын жан дүйнөсү ушул нерсеге ачка болуп турганын көрсөк болот. Ар бир спектаклден кийин туруп алып кол чапканынан ыраазычылык билинип турат. Бул биз үчүн эң чоң кубаныч. Мурун жарнамалабагандыктанбы, айтор, театрга элдин келиши аз болчу. Азыр кубанарлык болуп жатат. Социалдык тармактардан жазып “апамды алып барат элем, каякта, кандай спектаклдер болуп жатат?” деп сурап жатышат. Кийин дагы келерин айтып, жакшы пикирлерин калтырышууда.

“РОЛДОРУМДУ КИЧИНЕ-ЧОҢ ДЕП ЭЧ КАЧАН БӨЛБӨЙМ”

– Учурда “Күйөө жолдоштор” жана “Өкүл ата” деген тасмаларга тартылып жатам. Ал жакта мен чоң ролдо деле эмесмин. Негизи эпизоддук роль деп чанбайм, аткара берем. “Кичинекей роль жок, кичинекей актёр бар” дегендей, ролдорумду кичинекей деп эч качан бөлгөн эмесмин.

Тасма жаатында деле профессионалдар, үйрөнчүктөр деп каралат. Бизде “Тамашоудон” чыккан балдар жакшы иш алып барып жатышат. Көч бара-бара түзөлөт дегендей, алар азыр дасыгып калышты. Аларга ишенем, ишенбесем алардын тасмасына эч качан түшмөк эмесмин. Экранда 4-5 эле адам көрүнгөнү менен, кадр сыртында 50дөй киши эмгектенип жаткан болот. Биз алардын дагы эмгегин баалай билишибиз керек.

“КЫЯЛЫМ – ТАРЫХЫЙ ЧЫГАРМАДА РОЛЬ ЖАРАТУУ”

– Режиссёрлор, көрүүчүлөр мени тасмада шакылдаган жеңе же урушчаак аялдын образында көрүп калышты. Чакырганда дал ушундай образга чакырышат. Азыркы тартылып жаткан тасмада деле ошондой ролдомун. Менин кыялымдагы образ – бул тарыхый чыгармада роль жаратуу. Драмалык, психологиялык жанрдагы образдар дагы жагат. Бул жанрдагы да тасмаларым бар. Мен өзүмдү түрдүү жанрда роль жарата алган актрисамын деп айта алам. Театрда “Төлгө” деген спектаклдин бет ачары болду. Мында мен Каныкей апабыздын образын жаратуудамын. Бул драма жанрында. Тасмада мени шакылдаган жеңенин образында көрсөңүздөр, театрда башка образдарда көрө аласыздар.

“ЖОЛДОШУМ АР ДАЙЫМ КОЛДОП КЕЛЕТ”

– Кесибибизге байланыштуу жолдошум Арнис (ред.: Кыдырмышев, актёр) экөөбүздүн ортобузда эч кандай атаандаштык болбойт. Тескерисинче, мени ар дайым колдоп келет. Бир мисал айта кетейин, жакшы тааныш эжебиз “Альбина, сен жеңил-желпи тасмаларга тартылгандан уялбайсыңбы, профессионалдуу актрисасың, драма театрда иштейсиң, ролдорду тандап тартылбайсыңбы” деди. Анан жолдошума келип “тигил эже ушундай деп мени да ойлондуруп койду” десем, “көч бара-бара түзөлөт, жеңил-желпи болобу, кайдан билесиң? Балким, ошол тасма тарыхта калат. Сенин ошол образың, балким, бирөөгө сабак болот. Эмне үчүн ал адамдын сөзүн жүрөгүңө жакын алып жатасың? Сага ишенип сунуштап жаткандан кийин эч нерседен баш тартпа. Сенин кесибиң актриса, кичинекей ролик болсо дагы тартылышың керек. Түшүнбөсөм бир жөн, мен дагы ушул чөйрөнүн адамымын, туура эмес кетип бара жатсаң мен айтам” деп мага чоң мотивация берген.

“КИРЕНЕ КИРЕТ, КӨЗ ТИЙИП КАЛАТ ДЕГЕНДЕРГЕ ИШЕНЕМ”

– Негизи өзүм кыргыздын каада-салтын, ырым-жырымдарын карманган адамдардын катарына кирем. Кирене кирет, көз тийип калат дегендерге ишенем. Үйдөн дагы ар бирин аластап, киренелеп турам. Бул айрымдарга жакпашы мүмкүн, бирок бул ата-бабаларыбыздан келе жаткан жаман сөз, жаман көздөн тазалануу ырымы. Анткен менен кыздарымды эл көзүнөн алыс кармайын деп деле аракет кылбайм. Акыркы учурда эки кызым тасмага тартылып калып жатат. Улуу кызым эки сериалга тартылды, толук метраждуу тасмасы апрелдин аягында бүткөнү жатат. Улуу кызым быйыл 11-классты бүтүп жаткандыктан үйдө ушул тапта кесип тандоо тууралуу сүйлөшүп, өзүбүздүн ойлорубузду айтып жатабыз. Медицина жаатын тандасамбы деп ойлонуп жатат.

“МЕКТЕП АЧСАКПЫ ДЕГЕН ОЙЛОРУБУЗ БАР”

– Азырынча Арнис экөөбүздүн башка ишкерлик кылалы деген деле оюбуз жок, бирок болуп калышы мүмкүн. Кыздар чоңоюп келе жатат, аларды окутууга кошумча каражат керек дегендей. Кудайга шүгүр, театрыбыз бар, анын алдындагы окуу жайда сабак беребиз. Анан тасмалар, роликтер, клиптер болуп калат. Дарак бир жерден көгөрөт эмеспи, бир жерден көгөрөлүк деп эле Арнис экөөбүз чыгармачылыгыбызды өркүндөтүп жүрөбүз. Албетте, жаштар келет, сен дайыма эле тасмага тартылып жүрө бербейсиң. Мектеп ачып, шакирт даярдасакпы деген ойлорубуз бар.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан