“КАГЫП-СИЛКИП, АКЫЛ ҮЙРӨТКӨНДҮ ТОКТОТСУН...” Депутаттар Адахан Мадумаров тууралуу

Парламентте депутаттар кесиптеши Адахан Мадумаровду “акыл үйрөтпө” деп сындаган көрүнүш күч алды. Ушул жумада эл өкүлдөрү Нурланбек Шакиев менен Улан Бакасов комитет жыйынында Мадумаровго каяша айтып, ордуңузду билип жүрүңүз деп “эскертүү” беришти. Мындай сын Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан “Бүтүн Кыргызстандын” лидерине буга чейин да айтылып жүргөн. Коомчулукта болсо ага “парламенттин Дүйшөн агайы” деген ат тагылып калды. Ушундан улам депутаттарга суроо салып, Адахан Мадумаров тууралуу башкалардын да пикирин уктук. Депутат чын эле этиканын рамкасынан чыгып кетип жатабы же кесиптештери реалдуулукту моюнга алгысы келбей тайсалдап жатышабы?

Тазабек Икрамов: “АДАХАН МАДУМАРОВДУН АКЫЛЫН УУРДАШ КЕРЕК”

– Кыргызстанда тажрыйбасы мол саналуу гана чоң саясатчылар бар. Алардын бири Адахан Мадумаров. Бул киши мыкты саясатчы, мыйзамчы, тажрыйбалуу кадр, мамлекеттик ишмер, беттегенин бербеген принципиалдуу көй кашка инсан. Жогорку Кеңеш – бул саясий көз караштардын, талаштардын чордону. Биз ар бир депутаттын пикирин, көз карашын сыйлашыбыз керек. Учурда парламентте отурган депутаттардын ар биринин артында шайлоочусу бар. Кайсы бир маселени көтөрөрдөн мурун депутаттын жеке кадыр-баркын эмес, анын артында турган шайлоочусун сыйлашыбыз керек. Адам катары Адахан Кимсанбаевичти сыйлайм, керек болсо бул кишинин акылын уурдаш керек. Кыргыз саясатында Адахан Кимсанбаевичтин орду бар. Ар бир саясатчынын ишмердүүлүгүнө тарых өз баасын берет.

Улукбек Ормонов: “ОППОЗИЦИЯ КӨЧӨДӨ ЭМЕС, ПАРЛАМЕНТТЕ БОЛГОНУ ТУУРА”

– Адахан Мадумаров менин жердешим. Андыктан ашыкча мактап жиберишим мүмкүн (күлүп). Чынында Мадумаров 1995-жылдан бери саясатта активдүү. Азыркы чакырылыштын жаш депутаттарына айрым куйкум сөздөрү, алар айткандай, “агай болгону” жакпай жаткандыр. Бирок парламентке агай деле керек, баарыбызды агай окуткан. Чынында катуу, бетке айтылган сын эч кимге жакпайт. Ал эми Мадумаровдо бетке чабар мүнөз бар. Балким, ал дагы жаш депутаттарга буйрук түрүндө эмес, жумшак, сылык кайрылганга үйрөнүшү керектир. Бийликке карата айтылган катуу сындар айрым депутаттарга да катуу тийип жатышы мүмкүн. Негизи өкмөттү камчылап, сын айтып турган адам керек, алардын бири Адахан Мадумаров. Оппозиция көчөдө эмес, парламентте болгону туура. Бирок сындап эле жүрө бербей, сунушун кошо айтса, маселени чечүүнүн жеңил жолдорун билсе сунуштаса жакшы болмок...

Жанар Акаев: “МАДУМАРОВГО ДА АКЫРЫН СҮЙЛӨ ДЕГЕНГЕ ЭЧ КИМДИН УКУГУ ЖОК”

– Парламентте түрдүү көз караштардын болгону жакшы, өзгөчө Жогорку Кеңеште сөзсүз оппозиция керек. Бийликтин кемчилигин айтып, андай болбойт, мындай кылганыбыз туура деп сунуш берип турган саясий күчтөрдү бийлик душман көрбөшү керек. Адахан Мадумаров парламенттеги оппозициялык саясатчы, Министрлер кабинетинин демилгелерин сындап, жиликтеп турганы жакшы көрүнүш, мындан коомчулук гана утат. Жогорку Кеңешке миңдеген добуш алып, элдин колдоосуна ээ болгондор келет. Баарынын укугу бирдей. Мадумаровду да акырын сүйлө же катуу сүйлө деп айтканга эч кимдин укугу жок, анын мүнөзү өзү ошондой. 90 депутаттын 90 түрдүү кыялы, мүнөзү бар. Бири жумшак, бири катуу. Ошонусу менен кызыктуу да.

Улан Бакасов: “МАДУМАРОВ ПУБЛИКАГА ОЙНОП, ЭЛДИН БАШЫН АЙЛАНТЫП ЖҮРӨТ”

– Менин Адахан Мадумаровго карата парламентте айткан сынымды “кагаздан окуду” деп сындап жатышат. Эч кандай кагаздан окуган эмесмин, Мадумаров залда менден алыс отурган, аны карап сүйлөгөндө мени укмак эмес. Микрофондон алыстабайын, үнүм угулсун деп ылдый карап сүйлөгөм. Ошондо “Адахан Кимсанбаевич, сиздин жашыңызды сыйлайбыз. Бирок депутаттарга көп сын-пикир айтып жатасыз. Биз ээрчиме эмеспиз, ар бир маселеге пикирибиз бар. Менин кесиптешимди “жообун аласың” деп коркутуп жатасыз. Мындан ары эч кимибизге комментарий бербеңиз, берсеңиз өзүңүзгө тиешелүү жоопту аласыз” дедим. Негизи эле Мадумаров публикага ойноп, элдин башын айлантып жүрөт. Депутаттарга акыл үйрөткөндү токтотсун. Бул киши мамлекеттин кызыкчылыгы корголгон мыйзамдарга каршы чыгып, өзүн пиар кылып жатат. Өткөндө Баткен облусун өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар алуу боюнча мыйзам долбооруна каршы чыкты. Менде факт, далилдер толтура, бул киши дайыма мамлекетке пайда алып келе турган долбоорлорго каршы чыгат. Учурда Бакуда жүрөм, өлкөгө барганда бул киши жөнүндө далилдер менен кенен маалымат бере алам. Отчёт бергени келген өкмөт мүчөлөрүн такай жемелеп, кагып-силкип кыйын боло берет. Адам болгондон кийин анчалык текебер болбош керек.

Нурланбек Шакиев: “МАДУМАРОВ АГАЙ БОЛГУДАЙ БИЗДЕН ИЛИМДҮҮ ЖЕ КЫЙЫН ЭМЕС”

– Адахан Мадумаровду депутат, тажрыйбалуу саясатчы катары сыйлайм. Бирок кыргызда жакшы макал бар, “сыйга сый, сыр аякка бал” деген. Биз аны сыйлап келе жатабыз, ал дагы ошол сыйга тең болсун. Өтө акылдуусунуп, билерман болуп көрүнгөндү кагып-силкип, орой мамиле кылганы өзүнүн эле кадыр-баркына доо кетирүүдө. Ал бизге агай болгудай бизден илимдүү-билимдүү же кыйын эмес, эл катары биздей эле депутат. Агайдын жашоодогу ролун билесиз да, баарына үлгү боло турган адам болушу керек. Билимди да окуучуга акырын түшүндүрүп берет. Кагып-силкип, өз оюн бардык окуучуларга таңуулап, баарынын атынан сүйлөгөн агайды көрдүңүз беле? Өкмөттү жалгыз эле Мадумаров камчылап, сын айтып иштетип жаткан жок, сынды бардык депутаттар айтып келе жатабыз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан