Руслан Түмөнбаев, балбан: «АТАМ БАР КЕЗДЕ ТУРНИР ӨТКӨРСӨМ ДЕЧҮМҮН»

Бишкекте “Бээжин-2008” Олимпиадасынын коло медалчысы, белгилүү балбан Руслан Түмөнбаев атындагы грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өткөрүлдү. Турнирге 15 жашка чейинки жаш балбандар катышты. Учурда Америкада эмгектенип жүргөн спортчу Руслан мырзаны жана Бишкекте турнирдин уюштуруу ишин алып барган машыктыруучу Рыскулбек Эгеевди кепке тарттык.

– Арыбаңыз, Руслан мырза! Кепти Бишкекте өткөргөн турнирден баштагым келип жатат. Турнир өткөрүүгө эмне түрткү болду?

– Саламатсыздарбы? Турнир өткөрүү боюнча мурдатан эле пландар бар болчу. Бирок убакыт-сааты эми чыкты көрүнөт. Спортто жүрүп ийгилик жараткандан кийин атамдын көзүнүн тирүүсүндө ушундай турнир өткөрсөм деген максаттарым бар болчу. Тилекке каршы, убагында өткөрө албай калдым. Атамдын дүйнө салганына 5 жыл болду. Эми мындан ары жыл сайын мелдеш өткөрүп, мелдештен кийин атама куран окутуп турсам деген оюм бар.

– Турнир жакшы деңгээлде өттү, машыктыруучуларга дагы көңүл бурулду деп ыраазы болгондор көп экен...

– Ооба. Спортчу жаштар же чоңдор арасында күрөшүп калганда эле башка машыктыруучулардын колуна өтүп кетет. Анан ийгилик жаратып сыйлык бериле келгенде эле алгачкы машыктыруучусу унутта калып жатпайбы. Жок дегенде сыйлоо баракчасын берип койсо болмок деген нааразычылыктар айтылып келет. Ошондуктан биринчи машыктыруучусу ким экени азыртадан билинсин деп, аларга дагы сыйлыкты жыл сайын берүүгө аракет кылабыз.

– Атайын өспүрүм курактагыларды тандадыңыздарбы? Жалпы канча каражат кетти?

– Өлкөдө менин ийгилигимден ашып өткөн спортчулар чыкса экен дечүмүн, Кудай буюруп, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова деген балбандарыбыз кандай гана ийгиликтерди жаратууда. Өсүп келе жаткан мектеп окуучуларына мотивация болсун деп турнирди атайын 15 жашка чейинкилер арасында өткөрдүк. Бир салмак категориясын жана машыктыруучуларын кошкондо сыйлык 25 миң сомдун тегерегинде болду. Жалпы 10 салмак ченинде өткөрүлдү. Ага кошумча залдын ижара акысы төлөндү. Өзүмдүн алгачкы машыктыруучума, спорт мектебиндеги, кийинки ага, башкы машыктыруучуларыма дагы сыйлык бердим. Эл дагы менин спорттон ийгилик жаратуума салым кошкон адамдарды билсин дедим.

– Анда сиздин ийгилигиңизге салымы чоң инсандар тууралуу дагы кеп кылбасак болбос...

– Алгачкы машыктыруучум Амиркул Молдобаев. Ал агайдын колунда 6 жыл машыгып, анан спорт мектебине кеттим. Ал жакта Раатбек Мамбетов машыктыруучулук кылды. 2 жылдан кийин окуудан куулуп кеттим. Кайрадан Амиркул Молдобаевдин колунда машыгып жүрүп, Кыргызстандын биринчилигин утуп, улуттук курама командага кошулуп, Эмил Алымкуловдун колунда 5-6 жыл машыктым. 2006-2008-жылдар аралыгы мелдештерде жакшы жыйынтыктарды көрсөттүм. “Бээжин-2008” олимпиадасынан кийин алган унаам менен жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алып калдым. Кайра калыпка келүү кыйын экен, ошондон улам кийин жакшы жыйынтык көрсөтө алган жокмун. Кийин спорттук карьерамды жыйынтыктап, Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп иштеп калдым.

– АКШда эмне иш менен алексиз?

– Америкада туруктуу жүргөнүмө 3 жыл болду. Ага чейин деле келип-кетип жүрчүмүн. Бул жакка үй-бүлөм менен чогуу келгем. Азыр Филадельфия шаарында жашайм. Трак айдайм, башка кошумча дагы иштерим бар, жумасына 1-2 жолу машыктыруучулук кылам.

– Маегиңизге рахмат. Саламатта жүрүңүз!

Рыскулбек Эгеев, машыктыруучу: “ТУРНИРДИ ДҮЙНӨЛҮК КҮРӨШ УЮМУНУН ДЕҢГЭЭЛИНЕ ЧЫГАРСАК ДЕЙБИЗ”

– Башка өлкөлөрдө чемпиондордун атындагы чоң турнирлер жыл сайын өткөрүлүп турат.

Эки жылдан бери эгемендүү кыргыз тарыхында Олимпиадада алгачкылардан болуп ийгилик жараткан балбандарыбыз Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев атындагы турнирлерди өткөрүшүбүз керек деп демилге көтөрүп жүргөм. Бул тууралуу Русланга дагы айтып жүрчүмүн. Булар биздин баатырлар да, азыркы күрөштө жакшы ийгилик жаратып жаткан балбандарыбыздын баары бир ооздон Канат менен Русландын Олимпиададан медаль алуусу күрөштү тандашына түрткү болгонун айтышат. Күрөштүн бизде өнүгүп жатышына булардын ийгилигинин түздөн-түз салымы чоң. Алар спорттон кетишти, анан кийинки муун аларды тааныбай калбашы керек. Ошон үчүн өспүрүмдөр арасында эл аралык деңгээлдеги турнир уюштурдук, Өзбекстан, Казакстандан да келишти. Алардын ичинде өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк мелдештерге катышып жүргөндөр бар. Жалпы 440 катышуучу болду. 40 тай бала акчалай байгелүү орундарды ээлешти. Бул турнирди Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун деңгээлине чыгарсак деген ниетибиз бар. Каражат жагына токтолсом, бул турнирге жалпы 450 миң сомдой каражат сарпталды. Руслан өзү, Америкадагы достору демөөрчүлүк кылышты. Күрөш федерациясынын өкүлдөрү да салымын кошушту.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан