МЕНЮДА ПАЙДАЛУУ ДЕСЕРТТЕР

Учурда туура тамактануу модада. Таттуу десе эле анын зыяндуулугу эске келет эмеспи, пайдалуу таттуулар менен организмди каныктырууга болот. Мындай таттуулардын рецепттери сиз үчүн!

АЛМА+БЫШТАК

КеректелүүчҮ азыктар:

Алма – 4 даана

Жумшак быштак (5%) – 200 грамм

Грек жаңгагы – 5-6 даана

Бал – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Таза жуулган алмалардын капкак сымал баш жагын кесип, түп жагын тешип албастан ортосун тазалап чоңураак оёбуз.

2. Жумшак быштакка чагылып майдаланган грек жаңгагын, балды кошуп бир массага келгиче аралаштырабыз да, алмалардын ичине толтуруп салып чыгабыз. Грек жаңгагынын ордуна башка жаңгак түрлөрү, кургатылган жемиштерди кошсоңуз болот. Капкакчасын жаап, 200 градус ысып турган электр мешинде 20 мүнөт бышырабыз.

СУЛУ АКШАГЫ+ЖАҢГАК

Керектелүүчү азыктар:

Cулу акшагы – 80 грамм

Кургатылган жемиш – 100 грамм

Жаңгак түрү – 100 грамм

Бал – 2 аш кашык

Банан – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Ысып турган көмөч казанга сулу акшагы менен майдаланган жаңгак түрүн салып 5 мүнөт кууруп алабыз.

2. Бананды кабыгынан тазалап эзип, үстүнө майдаланган кургатылган жемиш түрүнөн, балды салып аралаштырабыз. Буларга куурулган сулу акшагы менен жаңгак аралашмасын салып аралаштырабыз. Подноско же контейнерге салып, 1,5-2 сантиметр кылып жукартып, тоңдургучка 2-3 саатка салып коёбуз.

КУРМА+МАЛИНА

Керектелүүчү азыктар:

Курма (финики) – 200 грамм

Кокос кырындысы – 100 грамм

Жумшак быштак (5%) – 250 грамм

Айран (1%) – 100 миллилитр

Малина же малина кыямы – 150 грамм

Желатин – 10 грамм

Суу – 30 миллилитр

Ванилин – 1-2 чымчым

Даярдоо ыкмасы:

1. Курманын үстүнө кайнак суу куюп жарым саатка коёбуз. Мындан соң данектеринен тазалап, кокос кырындысы менен бирге блендерде майдалайбыз. Кичигирээк формага салып ныгырып тегиз салабыз. Формаңыз силикондон болсо чыгарууда ыңгайлуу болот.

2. Желатинге 30 миллилитр суу куюп 10-15 мүнөт коёбуз, көөп чыкканда жай отто ысытып аралаштырганча эзип алыңыз, бирок кайнатпаш керек!

3. Малина же малина кыямынын үстүнө быштак, айранды, ванилинди кошуп бирдей массага келгиче блендер менен аралаштырабыз. Үстүнө желатинди куюп аралаштырып, формадагы курманын үстүнө куябыз. Муздаткычка бир нече саатка же түнү бою салып коюңуз.

КЕБЕКТҮҮ УН+КУРГАТЫЛГАН ӨРҮК

Керектелүүчү азыктар:

Кебектүү ун – 150 грамм

Жумуртка – 1 даана

Өсүмдүк майы – 30 миллилитр

Кургатылган өрүк – 200 грамм

Жумшак быштак – 100 грамм

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Кургатылган өрүктү кайнак сууга чылап коюу керек. Жумшарганда блендер менен эзип же бычак менен майдалап чыгабыз.

2. Жумуртканы чегип чалып, үстүнө быштакты салып, өсүмдүк майын куюп аралаштырабыз да, кебектүү унду салып, бир аз туз татытып жумшак камыр жууруйбуз. Камырды 3 субалага бөлүп, ар бирин жука жайып, үч бурчтуу кесимдерди кесип алабыз. Баш жагына өрүктөн салып ороп, пергамент төшөлгөн электр табасына тизүү керек. 200 градуста ысып турган электр мешине 20 мүнөткө салып бышырып алабыз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан