АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Альфиянын көз алдына Анвар менен акыркы жолу жолукканы тартылды. Ушул окуяны такыр эле эстегиси келчү эмес. Бул жолу да эстегенден качты.

– Кызым, атаң менен акыркы жолу сен тууралуу сүйлөштүк. Атаң сенин күчтүү болушуңду каалачу. Күчтүү боло алдыңбы? 5 жылдан бери өзүңдү капаска камагандан башка эч нерсе кылган жоксуң. Мен дагы атаң сыяктуу эле сенин мамиле күтүп, турмушка чыгып, балалуу болушуңду каалайм. А сен эмне кылып жатасың?

– Ал нерсе сиз же башка каалаганы үчүн болуп кала турган нерсе эмес да. Мен мамиле түзмөк тургай, эркектер жаныма жакын келсе качам.

– Өмүр бою жалгыз жашайсыңбы?

– Ох, апа, мен сиз менен такыр бул тууралуу сүйлөшкүм жок.

– Жашсың, сулуусуң, акылдуусуң, өзүңдү тирүүлөй көмүп жатасың. Атаң да муну кааламак эмес.

Айсулуу үн катпады. Ичинде эмне болуп жатканын кимдир бирөө билсе, жолун таппай калганын, кимдир бирөөнүн жардамысыз бул караңгылыктан чыга албай жатканын түшүнсө деп ойлоп турду. Акыркы учурда Эркин тууралуу көп ойлончу болду. Анын тарбиялуулугу, өзүнө болгон аяр мамилеси, кыздардын кыялы болгон келбети көңүлүн бурдура баштаган. Бирок муну өзү да али түшүнө элек. Кылт этип эсине түшөт да турат. Телефон аркылуу сүйлөшүп турушат. Ал-акыбалын сурайт, күнү кандай өткөнүн сурайт. Андан ашыкка такыр өтпөйт. Ушул нерсеси менен Айсулуунун көңүлүн бура алды окшойт. Кечке маал да телефонуна СМС келди.

– Салам!

– Салам.

– Бошсуңбу?

– Ооба.

– Сейилдеп келсек кандай болот?

– ...

– Алыс эмес, сенин үйүңдүн жанында эле...

Кызык, бул жигит дагы анын алыс жакка чыккандан коркконун билип койгондой сүйлөдү, куду жан дүйнөсүн окуп алгандай. Макул болду. Эркин кызды көрөрү менен күлүмсүрөп алды. Анын жылмайганы ушунчалык жылуу болчу. Мындай жылуулук кимде бар эле башка? Эсине келбеди. Жанаша басып бара жатышты, Эркин кыздын ийиндери дирт этип кеткенин байкады да, үстүндөгү күрмөсүн чечип ийинине жапты.

– Жок, кереги жок.

– Үшүбө сен.

Скамейкага отурушту.

– Сен ушул жактарда жашайсыңбы?- деди Айсулуу.

– Жок, жаңы конуштардын биринде жашайбыз.

– Кимдер менен жашайсың?

– Апам экөөбүз, карындаштарым келип-кетип турушат.

– Атаңчы?

– Атам... Атам бизден башка жашоосу менен жашайт.

– Көп болдубу?

– Хм, кандай десем, мен билгенден ал өзүнүн жашоосу менен жашайт. Биздин жашообузда атам болбоду деле окшойт.

– Кандайча?

– Кийин айтып берейин, азыр эмес.

Кайра үнсүз отуруп калышты.

– А сенчи?- деди Эркин акырын гана.

– Эмне мен?

– Сен кимдер менен жашайсың?

– Жалгыз. Атам 5 жыл мурун каза болуп калган. Апам... Ал киши сенин атаңдай эле менин жашоомдо жок киши. Азыр да өзүнчө жашайт. Мени атакем чоңойтту.

– Бизде окшоштуктар көп окшойт анда. Мисалы, мени чоң ата-чоң энем чоңойткон, өз ата-энемдин колуна кийин келдим. Нарындан Бишкекке келгенимде ажайып бир сонун жашоо күтүп турат деп ойлогом. Көрсө, айылдагы чоң атамдар менен жашаган күндөр эң бактылуу күндөрүм экен. Мен муну кийин байкадым.

Айсулуунун көздөрү бакырая Эркинди тиктеп калды. Анын көз карашынан Эркиндин жүрөгү түрсүлдөп кетти. Азыр кыз бардык сырын билип алка-жакадан алчудай сезилип кетти. “Мен баарын билем, сен эмнеге мага артист болуп жатасың? Менин тагдырымды талкалаган сен жана атаң эмеспи” деп жиберчүдөй сезилди. Тайсалдаса да кыздын сыйкырлуу көздөрүнөн көздөрүн тартып кете албады.

– Билесиңби, мени да апам 2 айлыгымда оорулуу чоң энеме таштап, шаарга кетип калыптыр. Эмизбептир дагы мени. Мен чоң энем менен жашадым. 12 жашымда чоң энем кайтыш болуп калды, сендей болуп “өз ата-энем менен жашайм” деп сүйүнүп келдим шаарга. Бирок апам дагы деле мага апа боло албады. Атакем сүйүнүп жүрдү. Балетке берди, окууларыма жардам берди. Атам менин досум, бир тууганым, сырдашым болчу. Ага баарын айта алчумун. Жашоомду эч качан ансыз элестетип көргөн эмесмин. Бирок ал мени таштап кетти, жалгыз калдым...- кыздын көздөрүнө жаш толуп баратты. Ийини дирилдеп ыйлап жаткан кыздын абалына боору ооруп кетти Эркиндин. Ага жакыныраак жылды, Айсулуу ыйлап жатып Эркиндин ийинине башын коюп алганын байкабай калды. Эки жаралуу жүрөк... Мындан ары бири-бирин дарылайбы же андан терең жаралайбы, али белгисиз эле... Болгону тагдыр деген табышмактуу нерсенин жетегинде кетип бара жатышты бул экөө...

ххх

Аскар аялы менен ажырашты. Мүлкүнүн жарымынан көбү аялынын, балдарынын колунда калды. Сүйүндү чын эле оңой жоо көрүптүр. Ал оңой эмес экенин кийин байкады. Андан да кызыгы, убакыттын өтүшү менен мурунку аялын кадимкидей жоктоп баштады. Кандай болсо да аны кабыл ала турган бир аял бар экени акылынын бир бурчунда жашачу. Үйүм бар, үй-бүлөм бар деген бир бейпилдик бар болчу. Аны кийин байкады. Ызасы ташып жүрдү. Иштейин десе иши жүрүшпөй, мурунку аброю кеткендей сезилди. Эң жаман жери – өзүнүн көз алдында өзүнүн баркы кетти. Ушундай абалда баягы Алмаз досу эсине түштү. Телефон чалып, аны менен жолукмай болду. Баягы темир-тезек жыттанган чакан устаканада эки дос отурушту.

– Ии, эргул, айт эми арманыңды...

– Айтканда эмне, баарын билесиң да ансыз деле.

– Аяшты бекер колуңдан чыгардың. Андай сага түтө турган аял табылышы кыйын. Балдар чоңойгондо туура эмес иш кылдың.

– Хе, хе, күнөөнүн баары менде деп ойлойсуңбу? Ошо сенин аяшыңчы, анын жылан экенин бир билсең. Жылдар бою жылан менен төшөктө жатканымды эч билбептирмин.

– Ии?

– Эч нерсем калган жок менин. Ага ишенип тапкан-ташынганымдын баарын ага каттатып койгом. Ал акырын балдарына каттатып жүрүп отуруптур. Ажырашканда мени 5 тыйынсыз калтырды. Азыр мына бул турган машинем менен бир батирден башка эч нерсем жок. Ишенсең ишен, ишенбесең өзүң бил. Анан аны жылан дебегенде эмне дейм, ыя? Айтсаң, калыс болчу. Өмүр бою мен иштейин, алар жыргалын көрсүн!

– Аскар, сен дүнүйөнү ким үчүн жыйнадың эле?

– Философиялык сурооңду токтотчу, досум.

– Жок, чындап ким үчүн кара жаныңды карч урдуң? Балдарың үчүн да, туурабы? Мына, баары балдарыңда калыптыр, башка бир адамда калбаптыр го. Эмнесине күйүгүп жатасың мынча?

– Макул, бирок ошо балдар келечегин мен куруп бергенимди билбей мени бир чоочун адамдай көрүп жатышпайбы. Ошол туурабы? Мен атасымын го...

– Ата – жаратып койгону үчүн эле ата эмес. Мен билгенден, сен гүлдөн гүлгө конгон аарыдай болуп жашадың. Максатың – көп акча табуу, анан түрдүү аялдардын даамын татуу эле. Алардын атасы да, апасы да...

– Эк, мен сенин оюңча, аябай жаман адаммынбы?

– Жок, көп ката кетирдиң окшойт, досум. Эми да кеч эмес, балким, эми ойлоносуң.

– Ойлонуп бүттүм мен, мени эми көрүшөт. Маралга үйлөнөм! Бир жуманын ичинде тоюм болот, баса, тойго сени да чакырып жатам. Гүлүм экөөң тең келгиле, ээ?

– Эми Маралы кайдан чыкты мунун?

– Эх, Марал деген маралдай бир керилген кыз. Келбетин бир көрсөң, периште тим эле. Мага уул төрөп берет. Мына ошол уулум менин жакшылыгымды билген бала болот. Сүйүнгө да, балдарына да көрсөтөм! Көрөсүң. Жалдырап келишет мага!

Аскардын көкүрөгүндө ызасы күчөп жатты. Акылына башка эч нерсе чүргөлбөдү. Суйкайган Маралга үйлөнүп алса эле баарынан өч алчудай сезилди. Кийинки кезде ичимдикке да жакын болуп бара жатты. “Токто, Аскар, сен жаңылыш жолго түшүп бара жатасың” деген жан болбоду. Тез эле Маралдын колун сурап, дүркүрөгөн тойду уюштуруп сала турган болду. Тойго бир күн калганда эмнегедир Сүйүнгө келди. Ал алып кете турган кийимдеринин баарын жыйнап койгон экен, кайдыгер колун жаңсады.

– Алып кет, өзүң келбей, бирөөнү жиберсең деле болмок экен.

– Өзүм келгим келди...

– Мени сагыныппы?

– Сени сагынып...

Сүйүн бырс күлдү. Аскар көп жылдардан бери биринчи жолу мурунку аялынын жүзүнө тигилди. Бырыш баскан жүзүн, чарчаңкы көз карашын байкады. Бул аялды сүйбөдү, өмүр бою бул аялдан таба албаган сүйүүнү башкалардан издеди. Бирок азыр жүрөгүнө жакын, ысык болуп турганы эмнеси? “Жоголгон бычактын сабы алтын дечү беле?” деп ойлоп алды ичинен жини кашая.

– Кет эми, тиктешип отура бермек белек?

– Биз эмнеге бул абалга жеттик, ия, Сүйүн?- деди Аскар капыстан.

Сүйүн кашын серпе таң кала тиктеди. Анын да жообу жок көрүнөт, ийинин куушурду.

– Эртең тоюм болот, мен күткөн күн. Бирок эмнеге мен бактылуу эмесмин?

– Мунун баары өзүңө бериле турган суроолор. Менде жообу жок, Аскар. Бир айтарым, сак бол, алданып калба.

– Хе, сен мени ушунча алдап кеткенден кийин башкага алдана турган нерсем калдыбы? Эми мени бирөө алдап кетет деп коркуштун өзү күлкүлүү.

Сүйүн Аскарды карап туруп жеңил дем алды. Жүрөгүнөн коё берди бул адамды. Аскар ансайын кеткиси келбей отура берди...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан