Элдос Алмаз, ырчы: «БУЛ УНААНЫ АЛГАНДАН КИЙИН ТОЙЛОРГО КЫМБАТ ЧЫГА БАШТАДЫМ»

“Күткөн күн келди”, “Сагындым”, “Кетемин дебе” аттуу ырлары менен эл оозуна алынган Элдос Алмаз биздин маек төрүбүздө. Тойота үлгүсүндөгү унааларды жактырган ырчы мырза менен айдоочулук, темир тулпары тууралуу сүйлөштүк.

Үлгүсү – Toyota Highlander

Чыгарылган жылы – 2008-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 3300 сантиметр куб, гибрид

Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 240 чакырым

Баасы – 18 миң доллар

АЛГАЧКЫ АЙДООЧУЛУК КАДАМДАР

- Унаа айдаганды мага атам мектеп курагында үйрөткөн. Унаасына отуруп алып мен айдайынчы дей берчүмүн. Айылда чоң жолдон бурулганда үйгө чейин 2 чакырымдай аралык эле, биринчи ирет ошол шагыл жолдон үйгө чейин айдап баргам. Жакшы эле айдагам, бирок үйгө жетип машинадан түшкөндө бутум калтырап жатканын байкагам. Кийин жакшы айдап калганда “ата, машинаны жууп келейинчи” дей берчүмүн. Ал аралыкта мактанып дос балдарга да барып келчүмүн да. Келгенде машина жуугандан башка жакка барганымды билип койчу. Каяктан билет дей берчүмүн, көрсө, чакырым санагычты нөлгө койчу экен. Алгач атамдын Аудисин, анан Фольксваген Пассатын айдап калдым. Кичинекей болчумун, башым рулдан чыкпайт эле.

ТОЙОТА ҮЛГҮСҮНДӨГҮ УНААЛАРДЫН СҮЙҮҮЧҮСҮ
- Алгачкы жеке унаамды 1-курсумда ата-энем алып берген. Кичинекей Митсубиси болчу. Абдан кубангам. Анан кийин алмаштыруулар башталды. Ниссан Х-Трейл, Тойота Камри, андан кийин Нурлан Насиптин Тойота Виндомун алдым. Аны кайра Камриге алмаштырдым. Азыр аны апама берип, өзүм муну алдым. Муну алганыма 6-7 ай болуп калды. Негизи бул унааны апама берейин десем, чоң деп айдабай койду. Мага Тойота үлгүсүндөгү унаалар, анын ичинде Камри, жол тандабастардан Хайландер жагат. Ак, кара, күмүш түстөгү гана унааларды тандайм. Кызыл-жашыл унааларды мине албайм.

КҮЙҮҮЧҮ МАЙГА КАНЧА КАРАЖАТ САРПТАЙТ?
- Бул машинам 2008-жылкы болгону менен, 2012-жылы чыккандарынан дагы күчтүү, гибрид. Гибрид болгону үчүн майды көп деле сарптабайт. Эки күндө 1000 сомго куям. Шаарда чакырымына 8 литрдей, чоң жолдо ылдамдыкка жараша 10 литрден ашык ичет. Меники да кнопка менен иштейт (күлүп). Каалгасындагы кнопкага колуңду бассаң, ээсин таанып ачылат. Машинама карап кымбат чакырып калыштыбы, айтор, муну алгандан кийин тойлорго дагы кымбат чыга баштадым. Негизи кымбат кийинип, кымбат машина айдап, ырларды дагы кымбат жаздырып жүрсөң буюртмалар да эмнегедир кымбат түшөт.

УНААСЫ БУЗУЛСА...
- Унаа оңдогонду билбейм, оңдоочу адистерге барганды эле билем. Эч болбой баратса чалып сурай коём. Бир жолу Төө-Ашууда бороон-жамгыр болуп жатканда бир унаа тыгылып калыптыр, “сүйрөп берип койчу” деп калды, “меники гибрид, болбойт” десем болбой суранганынан болуптур деп сүйрөп койдум. Анан 10 чакырымдай жүргөндө өзүмдүн унаамдын чеги кызыл күйүп калды. Эмне кылышты билбейм да, Инстаграмга кирип гибрид деп жазсам бир баракча чыкты. Ошого жазсам “аккумуляторду сууру, кайра сай” деди. Ошентип жолумду уладым.

КАНДАЙ АЙДООЧУ?
- Жол эрежесин 80 пайыз билем. Билбей калганда жолдон токтоп МАИ кызматкерлеринен сурап алам. Токтотпосо дагы өзүм токтоп сурайм. Мен негизи катуу ылдамдыкта көп деле айдабайм, эреже бузбагандыктан МАИ кызматкерлери көп тосо беришпейт. Жылына 1-2 жолу эле болот. Ырчымын деп айып пул төлөөдөн качпайм. Кадимкидей эле айып пул жазышат, мен сүйүнүп эле төлөп коём. Бир күнү туура эмес жерге токтотуп коюптурмун, 5 мүнөткө кирип чыксам, кызматкерлер мени күтүп турушуптур. “Машина сиздикиби?” дейт, “ооба, протокол түзө бериңиз” десем, “эмне мынча ыраазысың?” деп таң калышты. “Кудайдын буйругу экен. Ага каршы чыкмак белем, төлөйбүз да” дедим. Акыркы жолу 1000 сомдук айып жазылды, 15 күндүн ичинде төлөсөң 30 пайызын төлөйт экенсиң, 350 сом болду. Эң көп 9000 сом төлөгөм. Суусамырдын жолундагы камералар иштебейт экен деп ойлосом, иштейт экен. Катуу ылдамдык менен 1 мүнөттүн ичинде 2 камерага түшүп калыптырмын. Бирөөсү 3500, бирөө 5500 сом экен.

ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
- Өзүм обон дагы жарата баштадым. Обону мага таандык, элге сунайын деп турган даяр ырларым бар. “Кызым” деген ырымды досторума угузсам, “куду мени ырдаптырсың” деп аябай жактырып жатышат. Чыгармачылыкта көрүнбөй эмне кылып жүрөсүң десеңер, бизнесмен болуп кеттим (күлүп). Эмне иш кылып жатканымды айтпай эле турайын. Айтып алып, окшошпой калса “кана бизнес?” дейсиңер да. Азыр ошонун иштери менен чуркап жүрөм. Кечээ жакында Ташкентке да ошол иш менен барып келдим.

Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан