Бул актёрду “Курманжан датка”, “Үй-бүлөлүк окуя” жана башка тасмаларынан тааныйсыз. Өзү театрдын фанаты жана актёру. Өзүн жарнамалай бербеген, кичинесинен актёр болууну эңсеген, аккордеон менен ыр созгон Руслан Курманалиев сиздин алдыңызда.
– Саламатсызбы, Руслан ага? Сиз үчүн чыгармачылык кантип башталды?
– Саламатсыңар, чыгармачылыктын башаты кичинемден эле башталды десем туура болот. Өзүм Нарындан болом, кичинемде “ким болосуң?” деген суроого “актёр болом” деп жооп берчүмүн. Ал кезде актёр ким экенин, эмне иш кыларын мендей кичине балдар билишчү эмес. Чыгармачылыктын учкуну атамдан өтсө керек. Атам музыкалык аспаптын көбүн чертчү, сөзмөр, жакшы ырдаган адам эле. Атам 33 жашында каза болуп калды, мен анда кичине болчумун. 8-классты бүтүрүп жатканда гезиттен “Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына окуучулар кабыл алынат” деген жарыяны окуп калдым. Апама “мен актёр болгум келет, бирок ал жаатта эч кандай тааныш-билишибиз жок. Ушул музыкалык окуу жайга тапшыра берейин, ыңгайы келгенде актёр катары театр жакка өтүп кете алсам керек” дедим. Апам макул болду. Эмнеге музыкалык окуу жайга өтүп кетериме көзүм жетти? Анткени аккордеон, баян сыяктууларды жакшы чертчү элем, үнүм да жакшы эле, өтүп кеттим.
– Анан кантип актёр болдуңуз?
– 3-курста каникулга тарай турган учурубуз эле, жатаканада аккордеон чертип отургам. Кыргыз драма театрындагылар “аккордеончу жигит керек эле” деп жатаканага издеп келишиптир. Ырдаганымды жактырышты, “эки ай гастролго биз менен барып кел, спектаклде аккордеон тартып бересиң” дешти. Айлыгымды коюп беришти, ошентип каникулда алар менен чогуу гастролго кетип калдым. Театрга деген көксөөм ого бетер күчөдү. Окуудан академиялык өргүү алып аскер кызматын өтөш үчүн кеттим, келгенден кийин эле музыка тарапка көңүлүм жок болуп калыптыр. Актёр болом деп Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы училищеге тапшырып, өтүп кеттим. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун актёрдук бөлүмүн бүтүрүп, ошондон бери кесибим менен иштеп келе жатам.
– Сиз “Туңгуч” театрында да эмгектенген экенсиз...
– 1995-жылы “Туңгуч” театрында иштеп калдым. Жеке менчик театр болгондуктан канча жакшы иштесек, ошончо жакшы тапчубуз. Мени тандап калганынын себеби, анда Мар Байжиевдин “Төрт адам” спектаклинде Искендердин ролун ойноп жатканымды көрүп Асылбек Өзүбеков жактырып калыптыр. “Бизге кел” деп чакырып калышкан. Ошол учурда мени көп театр чакырышты, курсташтарым менен кеңешсем “Туңгучка” кете бер" дешти. Мамлекеттик театрларда сен даяр сахнага барып актёрлук гана аткарасың. Декорация, жарык менен ишиң да болбойт. Ал эми “Туңгучта” бүт баарын өзүбүз жасачубуз, жарыкты да өзүбүз берчүбүз. Жоопкерчиликти, актёр бардык ишти кыла билиш керек экенин мага ошол театр үйрөттү.
– Актёрлук кесипти аркалоо кыйын, менимче...
– Кыйын, тайпалаштарымдан 12 студент элек. Азыр театрда иштегени жалгыз мен. Маянасынын аздыгы башкы себеп болду, ошол жылдары Союз урап, эл театрга эмес, жегенге нан таппай калган.
– Сиз кантип чыдадыңыз?
– Мен кесибимди чын дилимден сүйдүм. Акчамдын жоктугуна кайыл болуп, жыртык батинкечен жүрүп да театрды таштаган жокмун. “Туңгучтан” кийин Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар көрүүчүлөр театрына келгем. Ошондон бери ушул жерде иштеп жатам.
– Сизди атыңыздан көбү тааныбайт экен, жүзүңүз таанымал. Атыңызды чыгарганга аракет кылбагандай сезилдиңиз...
– Таанымал болууну максат кылбадым. Өзүмдү жарнамалай бербейм, интервью да көп бергим келбейт. Бир телеканалдын журналисти бир жыл аркамдан жүрүп араң макул болуп баргам. Ошондон да болушу мүмкүн. Атымды эмес, жүзүмдү таанып жатышса анда жакшы. Социалдык баракчаларда да жокмун, бирок көчөдөн таанышат.
– Өзүңүзгө эң жаккан ролуңуз кайсы болду?
– Театрда ар түрдүү жанрда ойной берем, трагедия, комедия, тарыхый, лирикалык, айтор, көп ролум бар. Ичинен мага жакканы Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повестинин негизинде коюлган спектаклиндеги Даниярдын ролу. Данияр эки сааттын ичинде көп болсо эки жерде гана сүйлөйт, анда да кыска эле. Анан арабанын үстүнөн Жамиляга ырдап берген жери бар. Эки саат бою трагедияны, сүйүүнү, айласыздыкты эмоция менен көрсөтүү керек болчу. Буга чоң актёрдук чеберчилик керек. Башкы ролдорду армансыз ойнодум, ар биринде эне баланы төрөй албай жаткандай толгонуп отуруп образды ачып бересиң. Актёрлуктун азабы да, жыргалы да ошондо.
– Руслан Курманалиев кандай адам?
– Мени көбү мээримдүү, жумшаксың дешет. Менде бардык мүнөз бар деп ойлойм, анткени эмоциясыз актёр боло албайсың. Атам эрте каза болуп, алты бир туугандын улуусу катары эрте токтолдум. Бирок балдарыма өтө жумшак атамын, төрт баламды жөө жүргүзбөй бакчага, мектепке ташып эле жүрө берем (күлүп).
– Жубайыңыз тууралуу айтып берсеңиз.
– Келинчегимдин аты Гүлгакы, Улуттук илимдер академиясында ага илимий кызматкер. 1993-жылы баш кошконбуз. Оор убакта үйлөнгөнбүз, кыйынчылыктарды чогуу жеңдик. Келинчегиме ыраазымын, сүйгөн кесибиме мендей эле сый менен карады. “Маянаң аз, эл катары базарга эле иштеп кетпейсиңби?” деген сөздөрдү айткан жок. Көп таланттуу актёрлор кесибин тиричиликтин айынан таштап кетишти. Мага келинчегим андай кысым кылган жок (күлүп). Бир жылдары өзүм базарга чыгып көргөм, менден соодагер чыкпайт экен. Алган товарларымдын акчасы чыкпай баш-аягы жок карыз болуп калгам. Соодага шыгым жок экен.
– Актёрлуктан башка каражат булагыңыз барбы?
– Үн коштойм, кыргыз тилине көп фильмдерди которгом. Тасмаларга тартылып калам. Өзүмдүн күйөрмандарым бар, тойдо аккордеонум менен ырдап берем. Театрдан бош болуп калган учурда тамадалык кылып коём. Жүрөгүмдүн тереңинен чыккан ырларды ырдайм, мисалы, Асанкалый Керимбаевдин “Ак булуттарын” берилип ырдайм. Рыспай Абдыкадыровдун, Асанкалый Керимбаевдин ырларын ырдап жүрөм.
– Актёр болуп байыса болобу?
– Башка өлкөдө, балким, байыса болсо керек эле. Бизде мүмкүн эмес, болгону жан дүйнөбүз бай болот (күлүп). Айрыкча бир спектаклдин бет ачарынан кийинки кол чабуу бардык кыйынчылыктарды жууп кетет.
– “Үй-бүлөлүк окуялар” деген тасмада сиздин аялыңыз болуп татынакай актриса эже ойнойт эмеспи. Аялыңыз сиздин сахнадагы өнөктөштөрүңүздөн кызганабы?
– Жок, кызганбайт, жубайым менин сынчым, күйөрманым. Бардык ролдорумду билет, театрга дайым келет. “Бул жерин мындай ойноп койдуң” деп сын да айтып калмайы бар. Бирок кызганычын байкаган эмесмин. Мен Гүлжамал эле эмес, көп эле сулуу актрисалар менен роль аткарып жүрөм (күлүп).
– Устаттарыңыз ким болду?
– Театрдын дөө-шааларынан сабак алдым, ошого сыймыктанам. Легендарлуу режиссёр Алмаз Сарлыкбеков кураторум болчу, устатым Советбек Жумадылов актёрдук чеберчиликти үйрөттү. Сахна тили боюнча Гүлшара Дуулатова эжекебизден сабак алдым. Галина Ибраева, Дүйшөн Байдөбөтөв, Жамал Сейдакматова, кыскасы, көп залкарлар менен жолум кесилишти.
– Дагы деле наам ала элек экенсиз...
– Эмнеге (күлүп)? Быйыл президентибиздин ардак грамотасын алдым. Негизи Эмгек сиңирген артист наамы үчүн театрдан документтерди өткөрүшкөн, ушундай болуп калды. Мейли, аман болсок алабыз. Мен 50 жашка келип калдым, ал эми 60 жылдык өмүрүн театрга арнап жүргөн кишилер ала элек. Мамлекеттик сыйлык мамлекеттик иште иштеп жүргөндөргө биринчи берилиш керек эле, азыр ырчы-чоорчулар эле алып калышты. Капачылык деле жок, буюрган күнү аларбыз.
– Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева