Адамдын кыймыл-аракети алдабайт: КЫЗ ШУРУСУН КАРМАЛАСА, ЖИГИТКЕ ЭРКЕЛЕГИСИ КЕЛЕТ

Адам сүйлөп жатып алдашы мүмкүн, бирок бул убакта дене кыймылы, мисалы, кол жаңсоолору анын чыныгы ниетин билдирип коёт. Бүгүн бизге профайлер-криминалист, адамдын эмоциясы жана мимикасы боюнча адис Арсланбек Камчыбеков баарлашуу учурунда түрдүү кыймыл-аракеттерди жасоону адат кылгандардын психологиялык портретин түзүп берди.

МЫРЗАЛАР ҮЧҮН ШПАРГАЛКА:

Кыз-жигиттин алгачкы жолугушуусундагы кыймыл-аракеттер

Кыз чачын кармалап, бурагылап, маңдайындагы чачын улам артка таштай берсе – бул өтө күчтүү тартылуунун белгиси. Таанышкан жигитине кызыгуусу артып, анын көңүлүн өзүнө бурдурууга аракет жасоодо деп түшүнүңүз.

Моюнундагы чынжырчасын, шурусун кармап, бурап ойносо – анын мээримге суусагандыгын билдирет. Сизге эркелегиси келип жаткандыгынын белгиси.

Сиз менен баарлашууда ийиндерин сылап баштаса – ал сизге потенциалдуу түгөй катары кызыгып жатат деп билиңиз.

Өзүн иретке келтирип, кийимин оңдоп-түзөп, көйнөгүн күбүп баштаса “мен сага жаккым келет” деген ачык билдирүү.

Сиздин кийимиңизди иреттеп, галстугуңузду оңдоп, шарф тагып, костюмуңузду түздөп, чачыңызды сыласа – ал сизди менчиктеп, башка атаандаштарына “бул меники” деп ишарат бергендегиси. Аялдарда калыптанып калган “камкордук” жана “менчик ээси” деген программа иштейт. Адатта бул программаны айымдар балдарына, күйөөлөрүнө көп колдонушат. Ал “меники, мага гана таандык” деген маанини туюндурат.

АЙЫМДАР ҮЧҮН ШПАРГАЛКА:

Жигит чымыр денесин көрсөткүсү келсе, же унаасынын ачкычын же банк картасын колу менен айланта берсе – ал сизге акчалуу экенин же эркек катары калыптанып бардар турмушта жашаарын далилдегиси келип жатат.

Сизди көргөндө көкүрөгүн керип басып калса көңүлүңүздү өзүнө бурдургусу келет, бул кыймылды “ачык флирт” деп түшүнө бериңиз.

Сиздин жүзүңүзгө кандай караганына көңүл буруңуз. Биринчи оозуңузду караса бул жакшы жышаан. Көзүңүздү карап кайра оозуңузду, анан кайра көз карашын көздөрүңүзгө бурса – ал сизге тойбой жатат, ага кызыктуу дүйнө сезилип жатасыз.

Ал башын ийкеп жылмайса – сизден да жактыруу жылмаюусун күтөт. Бул ишаратты “мени жактырасыңбы?”, “мени сүйүүгө даярсыңбы?” деген визуалдык суроо катары кабылдаңыз.

Баш ийкесе. Мырза сиздин ар бир сөзүңүзгө башын ийкесе сиз ага жагымдуусуз. 100 пайыз анын табитине төп келдиңиз.

Денесин, колун тийгизүүгө аракет кылса. Сизге бир нерсе берип жатып колун тийгизип, көзүңүзгө түшүп калган кирпикти алып коюп, сизге бутун тийгизип жакын отургусу келсе – ал мырза сиз менен мамиленин башка этабына өткүсү келет. Аралыкты жакындаткысы келген мырза ушундай ишараттарды кылат.

КОЛ ЖАҢСОО

Колдорду көкүрөккө кайчылаштырып кармоо – бул коргонуу реакциясы. Көп сыры бар, жашыруун жүрүүнү жактырганды билдирет. Бир нерсени күтүүнүн да белгиси боло алат.

Колун артка кармоо – аракетке даяр эместиги, уялчаактык, кыйынчылык, бирок ошол эле учурда ээги көтөрүлүп жогорудан ылдый көздөй караса бул-текеберлик, тоготпостук.

Бир колун же эки колун тең чөнтөгүнө салып алса – кыйналып жатканын жашыруу, белгисиздик, өзүнө ишенимсиздигинен кабар берет.

Муштумун түйүп турса – өзүнүн эмоционалдык абалын көзөмөлдөө, жашыруу, ошол жагдайдагы ордун билүү аракети.

Колдорун ушаласа – адамды жагымдуу, кубанычтуу ойлор курчап турат. Же жагымдуу кабар айтуунун алдында адам колдорун ушалап даярданат.

Бир предметти кармалап ала берсе – бул материалдык байлык тууралуу көп ойлонгон сараң адам .

Эки колу менен чекени сүртө берүү – жаман ойлордон алыстоону, унутууну каалоо, ыңгайсыз абалдан качуу.

Колу менен предметти же жандуу нерсени сылап-сыйпай бергендер – жумшак мүнөз, боорукер адамдар.

Сүйлөп жатканда сөөмөйдү кезөө – ички абалдын чыңалган белгиси, айтып жаткан нерсесин жанындагы адамына аткартуу же ынандыруу аракети.

Сөөмөйүн оозго сала берүү – эч нерсени түшүнбөстүк, өзүн алаксытуу. Бул адат көбүнчө кичинекей балдарда болот.

Колундагы калемди ары-бери кыймылдата бергендер же бутун титиретип отургандар – бул адамдын зериккендиги. Сүйлөшүп жаткан тема ал үчүн кызыксыз болуп өзүн алаксытуу аракети.

Колу менен жаагын таянуу – терең ойго чөмүлүп оюндагы нерселерди иретке келтирип жатат.

Манжалары менен ээгин тырмоо, кашылоо – чечим чыгаруу алдында ойлонуп жатат же “келиңиз, ойлонуп корөлү?” деген белги.

Колу менен оозун жаба берсе – талкууланган маселе тууралуу позициясын айткысы келбеген адам.

Колун белге таянуу – бир нерсеге даярдануу. Бул позаны урушкусу келген адамдар да көп колдонот. Адамга чечкиндүүлүк, эрк берип турат.

Колу менен моюнун кармалай бергендер – бул позаны көбүнчө айымдар колдонушат, сулуулугу менен өзүнө көңүл бурдурууну каалагандар.

Мурдун сылап, сөөмөйү менен тырмай бергендер – бир нерседен шек санап жаткандар.

Сөөмөйү менен кулагын кармап же тырмап, көзүн ушалап баштаса – бул үстөмдүккө баш ийүү жаңсоосу.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ

Көз айнегин кармалап, сүртүп, тазалай берсе – оюн топтоп жатат. Оор суроого жооп издеп татыктуу жооп берүү максатында алынган пауза.

Эки жакка баса берүү – оор жагдайга кабылган адам, чоң көйгөйгө кептелип, маселени чече албай жаткандын белгиси. Кайгылуу кабарды айта албай кыйналган адамдар да ары-бери баса беришет.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан